Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 388 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 59
- Ош шаарында - 55
- Чүй облусунда – 19
- Ош облусунда - 50
- Талас облусунда - 16
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 19
- Жалал-Абад облусунда – 86
- Баткен облусунда - 83
Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 50589 адамга жетти.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 196 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 45 080 адамды түздү.