Бишкек, "Саясат. kg".  Сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 330 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык  ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 68

- Ош шаарында - 36

- Чүй облусунда – 12

- Ош облусунда - 74

- Талас облусунда - 9

- Ысык-Көл облусунда – 18

- Жалал-Абад облусунда – 70

- Баткен облусунда  - 43

Муну менен Өлкөдө коронавирус инфекциясына  кабылгандардын жалпы  саны 50201 адамга жетти . 

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 172 адам сакайып, ооруканадан  чыгарылды. Ал эми жалпы  айыгып чыккан адамдардын саны 44 884 адамды түздү.