Бишкек, "Саясат. kg". Өлкө боюнча сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 298 адам катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 59
- Ош шаарында - 33
- Чүй облусунда – 13
- Ош облусунда - 51
- Талас облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 13
- Жалал-Абад облусунда – 40
- Баткен облусунда - 86
Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 49528 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 127 адам сакайып, оорукандан чыкгарылды. Жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 44 522 адамды түздү.