Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдиришти.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча Ош облусунда – 1 адам, Баткен облусунда – 2 адам, Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза тапкан.
Азыркы учурда стационарларда 1456 бейтап, ал эми 1533 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат.
Кыргызстанда коронавирустан жалпы каза тапкандардын саны 1077 адамга жетти.