Бишкек, "Саясат. kg".   Кыргызстанда сутка ичинде 275 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 275 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 40

- Ош шаарында - 25

- Чүй облусунда – 28

- Ош облусунда - 49

- Талас облусунда – 2

- Ысык-Көл облусунда – 10

- Жалал-Абад облусунда – 47

- Баткен облусунда - 74

 Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдети чалдыккандардын  жалпы  саны 48617 адамга жетти. 

Өлкөдө сутка ичинде COVID-19 илдетинен 140 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен жалпы айыгып чыккан адамдардын  саны 44 097 адамды түздү.