Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза тапты.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча Ош облусунда – 1 адам, Баткен облусунда – 2 адам, Бишкек шаарында – 1 адам каза болгон.
Азыркы учурда стационарларда 1366 бейтап, ал эми 1491 адам амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат.
Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1073 адамды түздү.