Бишкек, "Саясат. kg".   Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду.

Бул тууралуу республикалык ыкчам  штабынан билдиришти. Ал маркумдун бири Бишкекте, экөө Ош облусунда дарыланып жатышкан.

Республикалык штабынын маалыматы боюнча  стационарларда 1325 бейтап, ал эми 1450 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. 

Муну менен Кыргызстан коронавирустан  жалпы 1069 адам каза тапты.