Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 298 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдиришти.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 57
- Ош шаарында - 20
- Чүй облусунда – 10
- Ош облусунда - 61
- Талас облусунда – 8
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда– 5
- Жалал-Абад облусунда – 47
- Баткен облусунда - 89
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккан адамдардын жалпы саны 48097 адамга жетти .
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 154 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 43 798 адамды түздү.