Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 207 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 26
- Ош шаарында - 4
- Чүй облусунда – 8
- Ош облусунда - 34
- Талас облусунда - 4
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 46
- Баткен облусунда - 75
Муну менен өлкө боюнча коронавирус инфекциясына кабылгандардын жалпы саны 47635 адамга жетти.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 илдетинен 103 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 43 521 адамды түздү.