Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда  сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болду.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. 

Анын маалыматы боюнча Ош облусундагы ооруканалардын биринде көз жумган. 

Учурда стационарларда 700 бейтап, ал эми 1520 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. 

Муну менен Кыргызстан  коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын жалпы саны 1064 адамга жетти.