Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 104 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 19
- Ош облусунда - 8
- Чүй облусунда – 6
- Ош облусунда - 18
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 3
- Жалал-Абад облусунда – 10
- Баткен облусунда - 37
Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 46355 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 166 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 42 619 адамды түздү.