Дүйнө көңүл борборунда

Еврошериктештикке кирген өлкөлөрдүн ичинен пандемияга карата өтө эле либералдуу мамиле жасаган Швеция болгон. Башкалар карантиндик чараларды, чукул абалдарды киргизишсе, Швеция ЖОЖдорду, жогорку класстардын окууларын жапкан, “кафе-ресторандарда 60тан ашык адам чогулбашы керек” деген талапты киргизген, бирок  коомдук транспорт, тейлөө түйүндөрүнүн иштери чектелген эмес. Өкмөт элдин 60 пайызы коронавирус менен ооруп, айыкмайынча ага карата коомдук иммунитет калыптанбайт деген көз карашты карманган. 

Мына ошондон улам Швецияда башка кошуна өлкөлөргө салыштырганда ооругандар,  өлгөндөр көп катталды. Алсак, 70 миңге жакын адам илдетке чалдыкса, алардын  5,5 миңге жакыны кайтыш болгон. Бул кошуна Исландия, Норвегия сыяктуу өлкөлөргө салыштырганда 10-20 эсе көп. Швециянын өкмөтү пандемияда карылар үйлөрүн катуу көзөмөлгө албагандыгын өзүнүн кемчилиги катары эсептөөдө. Анткени, өлгөндөрдүн жарымы карылар үйлөрүнүн пациенттери болуп саналышат. Өкмөттүн пикири боюнча, карылар үйлөрүнүн бардыгына карантиндик чараларды киргизсе, чыгаша азыркыдай болмок эмес.

Оппозициялык 2 партиянын өкүлүнүн талабы менен Швеция өкмөтүнүн пандемия мезгилиндеги иш аракетин сыдыргыдан өткөрүп, талдап чыгуу үчүн башында Жогорку административдик соттун төрагасы Матс Мелин башында турган атайын комиссия түзүлдү. Алар өлкөнүн аракеттеги премьер-министри Стефан Левендин алгач пандемияны жеңип алып, анан комиссия түзүү жөнүндө сунушуна көнүшкөн жок. Бирок, комиссия чыныгы скандинавиялыктарга мүнөздүү шашпай, сабырдуулук менен иштегенге байланыштуу анын жыйынтыктары эки жылдан кийин чыгарылат. Быйыл күздө комиссия алгачкы маалыматтарын жарыялайт, анан эки жылдан кийин же парламенттик шайлоонун алдында акыркы жыйынтыгын чыгарат. Эгерде пандемияга чалдыккандар, набыт болгондор кескин азайса, ал эки жылга чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготуп деле коюшу мүмкүн. Белорусия деле чектөө чараларын киргизген эмес, адистердин пикирлерине ылайык, чектөө чаралары киргизилбеген өлкөлөрдө илдеттин 2-3- толкундары өтө опурталдуу болушу ыктымал.

Тилекке каршы, кошуна Казакстанда илдеттин жаңы толкуну байкалууда. Бизде бир күчөп, жаңыдан илдетке  чалдыккандар күнүгө 500дөн аша баштаган көрүнүш, 300дүн тегерегине түшүп турукташкандай болуп баратат. Бирок, тынчыганга али эрте. Ошондуктан карантиндик талаптарды бекем сакташыбыз керек. Айрымдардын  “жайкы ысыкта илдеттин активдүүлүгү кескин төмөндөйт” деген болжолдору чын болсо кана! Бирок, климаттары биздикинен ысык өлкөлөрдө деле илдеттин туруктуу азайганы байкала элек.

Булак: “Майдан.kg” гезити