Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Ак үйдүн имараты 2 күнгө жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борбору бүгүн, 27-июнда тастыктады.

Ак үйдө Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан. Президенттин аппаратынан жалпы 17 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Алардын ичинде Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бар.

Ошондой эле, өкмөттүн аппарат кызматында иштеген кызматкерлерден да коронавирус инфекциясы аныкталды. Коронавирус жуктургандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков бар.

Жогорку Кеңештеги 4 депутаттан жана аппараттын 4 кызматкеринен оору аныкталган.

maralfm