Коронавирус жуктургандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков бар. Ал вирусту жумуштан илештирген.

Өкмөт аппаратында иштеген кызматкерлерден коронавирус аныкталды. Алардын арасында бөлүм башчылар, орун басарлары бар. Билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.


Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков бар. Ал вирусту жумуштан илештирген. 

Ошондой эле аппаратта уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакировдон, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкуловдон вирус табылган. Мындан сырткары, аппаратта эмгектенген тогуз адистин коронавирус жуктуруп алганы маалым болду.

Булак: sputnik.kg