Бишкек, “Саясат.kg”. Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары келди. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Бүгүн, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын “Дубай-Бишкек” чартердик каттамын тосуп алышты.
Мекенине 177 кыргызстандык учуп келди.
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.