Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдыраманов covid-19 боюнча ой бөлүштү.

- Калдарбек мырза, эмне үчүн шаарларда коронавирус көбүрөөк катталып жатат?

- Шаарда жарандардын бири-бири менен качан, кайсы жерде контакт болгонун билиш өтө кыйын. Анткени көпчүлүк жарандар көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Үйгө кирип баратканда эшиктин туткасын ким кармаганын, лифттин баскычын ким басканын билүү дээрлик мүмкүн эмес. Эгер көп кабаттуу үйдө бир оорулуу жашаса, ал ошол лифтти колдонсо, анын артынан чыккандардын баарына жугат. Ошондуктан карантинде үйдөн чыкпай отуруш керек. Ага карабай талапты аткарбай жатышат. Эгер карантиндин эрежелери сакталбай, абал күчөп кетсе - 50-60 адам өтө оор абалда ооруканага түшсө, медициналык коллапс башталат. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болот. Биз ошондо колубузду куушуруп эле отуруп калабыз да.

- Элди чоочулаткан илдет көз аркылуу да жугабы?

- Коронавирус өпкө, кызыл өңгөч, мурун көңдөйүнө гана эмес, башка органдарга да таасирин тийгизет. Көз эле эмес, жүрөккө да тескери таасир берет. Тагыраагы, жүрөктүн, сезгенүүсүнө алып келет. Албетте, азыр так маалыматтар жок. Бирок, вирус бүткүл денеге тарагандан кийин соо орган калбайт да. Азырынча өпкөгө катуу таасир берээри так белгилүү...

- Баса, коронавирусту дарылоо үчүн  бир бейтапка 120 миң сомдук каражат сарпталышы мүмкүнбү?

- Азыр бир ооруну дарылоого канча акча керек экенин так айтууга болбойт. Себеби андай эсептөөлөр азыр жок. Коңшу Өзбекстанда 3 миң долларды түзөт деп жатышат. Кеткен каражаттын көлөмүнө ага сарпталган дары-дармек, медициналык буюмдар, коргонуучу каражаттар, тамак-аш, суу, энергия, эмгекчилерге кеткен эмгек акы жана башка ушул сыяктуу  жагдайлар кошо эсептелет го.

- Эгер бейтаптарга андай каражат көп короп жатса эмне үчүн “бир тоголок да дары ичпесем да, мени айыгып чыккандардын катарына кошуп жатышат” деген  видеолор тарап жатат?

- Кээ бир жарандар “дарыланбадым” деп айтышып жатат. Бирок, оорунүн жеңил түрү болсо же вирүс алып жүрүүчү болсо аларга атайын дарылар берилбейт. Эгерде башка жандооч оорулар болсо, ошолорду дарылаганга дары-дармек берилиши мүмкүн. Негизинен коронавируста кабылдоо жок болсо кадимки эле грипп, суук тийген сыяктуу оорулардай дарыланат. Көбүнчө элде түшүнбөөчүлүктөн туура эмес маалыматтар тарап кетип жатат. Тактоо, түшүндүрүү иштери болбосо ошондой шек санаткан маалымат да көп боло берет.

- Негизи иш учурунда илдет жугузуп алган дарыгерлердин жоопкерчилиги кимде болушу керек?

- Дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөргө пайыздык ченем менен салыштырып караганда, Кыргызстанда медицина кызматкерлери көп жабыр тартты. Бул түздөн-түз биздин медицина системасынын акыбалын күзгүдөй чагылдырып турат. Биздин медицинанын абалы мага заманбап машиналар өтүп жаткан чоң асфальт жолдо бараткан бузук, эски арабаны элестетет. Анан кантип коронавирус бизди аясын! А конкреттүү чоң жоопкерчилик медицинанын акыбалына ондогон жылдардан бери көңүл бурбаган өкмөттө. Бул биринчиси. Экинчиси, ошондой начар шартта унчукпай иштеп жүргөн медиктер, бизде да күнөө, жоопкерчилик бар. Атайын коргоочу кийим жок болсо да, коронавирус менен күрөшкө жылаңач акыбалда врачтарын алдыга түрткөн медицинанын жетекчилеринин да күнөөсү чоң. Анан, албетте чоң жоопкерчилик медицина кызматкерлеринин өзүндө. Көпчүлүгү билип, билбей атайын кийимдери жок “инфекцияга каршы чык” десе чыга беришет. Билсеңиз башында бизде жөнөкөй эле маска да жок болду да. Өлкөдө маска да чыгарбайт экен. Анан, андай атайын кийим жок болсо, аларды колдонуу эрежелерин да билишкен жок да. Өзгөчө биздин медицина тармагындагы эпидемиология кызматы, жугуштуу оорулар департаментинин дареметинин, лабораториялык кызматтардын мышык ыйлаар акыбалын даана көрсөтүп койду. Ал маселени биз медиктер билебиз, катардагы жарандар маани бербейт. Ошол кызматтардын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген адамдар, факторлор бары күнөөсүн мойнуна алуусу керек. Бирок, мындай учурда, мен конкреттүү күнөөкөр издебөөгө чакыраар элем. Күнөө негизинен өкмөттүн өзүнөн кетти. Мен жогоруда тизмектеген, ондогон жылдар бою топтолгон кемчиликтерди болтурбоо, коронавируска каршы алдын алуу иштеринин жоктугу жалпы өкмөттүн, саламаттык сактоо тармагын 30 жылдан бери жетектеген жетекчилердин жоопкерчилигинде турат. Өкүнүчтүүсү, бул дарт кесиптешибиздин да өмүрүн алды.

Арина Рысбаева