Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдиргендей, март айында коронавируска каршы күрөшкө тартылган 6036 медицина кызматкерине берилген компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 34 млн 963 миӊ сомду түздү.

Карантиндик-казармалык аймакта, тагыраагы стационарда иштегендер күнүнө акча алышат:

- Дарыгерлер – 2300 сом;

- Орто медперсонал – 2000 сом;

- Кенже мед жана техперсонал – 1800 сом.;

Карантиндик-казармалык аймакта иштеген медкызматкерлер тобокелчилик тобуна кирет, анткени алар ооруну жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштешет. Алар түзүлгөн график боюнча эмгектенип, эгерде медкызматкер стационарда 15 күн иштеп чыкса, ал 14 күнгө изоляцияга алынат. Ошондуктан ага обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт.

График боюнча, суткасына иштегендерге (жумуш күнү бүткөн соӊ, үйүнө кетишет) саатына төлөнөт:

- Дарыгерлер – 100 сом

- Орто медперсонал – 90 сом

- Кенже мед жана техперсонал – 80 сом.

Тез жардам кызматында иштегендерге төлөмдөр ар бир бейтапты ооруканага жеткирүүгө жараша чегерилет:

- Дарыгерлер – 600 сом

- Орто медперсонал – 500 сом

- Кенже мед жана техперсонал – 400 сом.

Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болушу ыктымал.