Бишкек, “Саясат.kg”. Коронавирус боюнча айрым жагдайлар...

Учурда Кыргызстанда калп жана коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жарата турган маалыматтар тараган учурлар болууда. Ошондуктан төмөндө ойлорумду жазып коюуну туура көрдүм.

1. Соңку күндөрү вирус табылган адамдар “мен ооруган жокмун” деп атышат. Бул вирус айрым адамдарда жеңил өтөт экен. Демек, кудай сиздин жаныңызды кыйнабай, жеңил өткөргөнүнө кубанып, шүгүр кылуу керек. Бирок, башка адамдардын организми ал вирусту көтөрө албай, бул жашоо менен кош айтышы толук ыктымал экенин унутпаш керек.

2. “Мага эч кандай дары берген жок” дегендери боюнча. Европада жүздөгөн адамдар вирусту жуктуруп алгандан кийин да үйлөрүндө жатышат. Жада калса аларды ооруканага жаткырышкан жок. Себеби, бул вирустун азырынча атайын дарысы жок. Болгону, температура түшүрүп, симптомдорду жеңилдетиш үчүн курамында парацетамол бар гана дарыларды бере алышат. Ошондуктан, Швейцарияда да жүздөгөн адамдар үйүндө жатып алып, вирус менен күрөшүп атышат ушул күндөрү. Эч бир доктур алардын үйүнө келип аткан жок, дары берип же укол сайып аткан жок. Эгерде, дем ала албай, абалы өтө катууласа гана доктурга чалышат. Мунун себеби бирөө гана: ооруканаларда баарын батырганга шарт жок. Демек, оору жеңил өтүп аткан адамдар жоопкерчиликти колго алып, үйдөн чыкпай жатышы керек.

3. Кыргызстанда обсервацияга алуу бул ооруну жайылтпаш үчүн көрүлүп аткан кошумча чара болуп атат. Башка мамлекеттерде, өнүккөн Европада да, обсервацияга эч кимди алышкан жок. Жада калса, вирусту жуктуруп алгандан кийин да үйүндө гана жатып, дене табы күн сайын көтөрүлүп атса да чыдап, эч кимге жуктурбаганга аракет кылып атышат. Бир үйдө ата-энеси, бир туугандары менен чогуу жашагандарга кыйын. Ооруп аткан адамды бир бөлмөдө изоляция кылып коюп жашап атышат. Тилекке каршы, мисалы кайра апасына жугуп, биринчиси айыгып, кайра апасын башка бөлмөгө изоляцияга алып атышат. Кырдаал ушундай. Кокус вирусту жуктуруп алсаңыз, сөзсүз эле ооруканага жатышым керек деп ойлобош керек.

4. Дарыканаларда маскалар жетишсиз болуп атканын го көпчүлүк эчак түшүндү. Түшүнүү менен кабыл алып, колго эле тигип атабыз. Себеби, складдардагы маскалардын запасы биринчи кезекте ооруканаларга зарыл. Медиктер үчүн улам алмаштырып иштегенге маскалар жетиштүү болушу керек. Швейцарияда тээ башында вирус жаңы башталганда эле аптекалар элге маска сатууну токтоткон. Башында таң калганбыз бир дагы маска таппай. Бирок. вирус күч алганда анан баарын түшүндүк. Эгер дарыканадан маска таппай калсаңыз нааразы болбоңуз, учурда маска АКШда да, Европа өлкөлөрүндө да жок.

5. Кечээ бирөө жазып атат “Фейсбукка”: “Кыргызстанда коронавирустун дарысы 400 адамга гана жетет экен”- деп. Ушундай карандай калпты кантип жазасыңар? Бул вирустун дарысы табыла элек болуп атса, дүйнөдө жок болсо, анан бизде 400 табылып калат бекен? Коомду удургута бергенден уялбайсынарбы?

6. Коронавирустун тесттери да дүйнөдө жетишсиз. Эми гана көбөйтүп чыгаруу аракеттери болууда. Ошондуктан тесттин жетишсиздигин да түшүнүү менен кабыл алып, чыдамдуу бололу. Европада да тест жетишсиз. Симптомдору бар болуп аткан адамдарга да жасабай атышат, себеби тест жетпейт баарына. Келгиле, ар бир маалыматка жоопкерчилик менен карайлы. Бул вирус менен күрөш ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылууда. Ылайым адамзат ушул апааттан жеңил чыгып алсын!

Чолпон Орозобекова,

медиа-эскперт, Швейцария жергесинен