Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек ш. – 9
Ош ш. – 3
Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу - 5
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды:
Бишкек ш. – 13
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 6
Баткен облусу - 1
Республика боюнча: 729 учур.