Бишкек, “Саясат.kg”. Саясат талдоочу, коомдук ишмер Уран Рыскулов менен маек.

- Уран мырза,  эмнеге медиктер тийешелүү түрдө коргоонуучу каражаттар менен камсыз болбой жатат?

- Анткени, коронавирус оорусу башынан калп эле бизге таңуулаган оору сыяктуудай сезилет. Ошондон уламбы короновирус деп жалан гана саясатчылар маалымат таратып жаткандай туюлат. Эмне үчүн саясатчылардын эмес, вирусолог,  эпидемиологдордун бул эпидемия боюнча түшүндүрүү иштерин уккан жокпуз? Эмне үчүн карантиндик постторго  медиктер эмес, жалаң күч органдары тартылып жатат? Эмне, алар вирусолог болуп кетти беле? Эмне үчүн оорубаган кишилерди карантинге күч менен айдап кирип жатышат? Дагы көп “эмне үчүн?”- деген суроолор  бар. Кыскасы, мага бул оору дүйнөдөгү глобализаторлордун оюну сыяктуу сезиле баштады. Интернетте: “терезеден карап тургулачы, бизди камап коюп, дагы жерлерибизди сатып жибербесин”- деген бир азил- тамаша сөз кетти. Бул тамаша сөздө чоң бир акыл, ой бар экенин көпчүлүк аңдабай калды. Биз карантинде камалып жатканда дүйнөдө жаңы финансылык бөлүштүрүү жүрүп жатат. Бул коронавирус дүйнөгө чоң өзгөрүүнү алып келе тургандай болуп калды.

- Ооруу жок деп ойлойсузбу? Абалы оор болуп, реанимацияда жаткандарчы?

- Оору жок эмес, бар. Бирок пандемия жок деп ойлойм. Реанимацияга түшкөн кишинин аты-жөнү болот. Эмне аны айтпайт? Андан кийин ал реанимациянын адреси болот. Эмнеге аны айтышпайт? Ал ооруган кишинин амбулаторный делосу болот. Буга чейин кандай оору менен ооруган? Эмнеге аны көрсөтүшпөйт? Көрсөтүп, тактап беришсинчи, мен ишенейин. Буга чейин бир дагы дарыгер ооруган эмес. Ооруган дарыгерлерге 200 миң сом берилет деген указ чыгаар менен алардын ооруп баштаганы да бүдөмүк ойду жаратат.