Бишкек, “Саясат.kg". Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары жана “Rotary Club of Bishkek” коомдук уюмунан КР Саламаттык сактоо министрлигине жардамдар өткөрүлүп берилди.

2020-жылдын 20-апрелинде  КР ТИМде  КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын жана “Rotary Club of Bishkek” коомдук уюмунун каражаттарына сатылып алынган гуманитардык жардамды КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү салтанаты болду.

COVID-19 жаңы типтеги коронавирустан улам чыккан  эпидемия менен күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жана КР аймагына коронавирустук инфекциянын келишинин алдын алуу жана анын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штаб тарабынан коюлган конкреттүү тапшырмаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары жана “Rotary Club of Bishkek” коомдук уюму менен биргеликте өлкөгө зарыл медициналык каражаттарды сатып алуу жана аларды Бишкекке жеткирүү боюнча иш жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы суммасы 2 млн. 660 миң сомдук 39 даана тепловизор жана 300 коргогуч костюмдар КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн жардамдар үчүн КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарына жана “Rotary Club of Bishkek” коомдук уюмуна чын дилден ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу бүгүн КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.