Бишкек, “Саясат.kg”. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин №235: “COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын тушунда иши токтоп турган кызматкерлердин төлөм акысы” тууралуу буйругу жокко чыгарылган болчу.

Интернетте жакында эле кызматка киришкен КР Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Токтосуновдун №235: “COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын тушунда иши токтоп турган кызматкерлердин төлөм акысы” тууралуу буйрукту жокко чыгаргандыгын тастыктаган документ таркап, коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Бүгүн КР Саламаттык сактоо министрлиги жокко чыгарган коронавирустун учурунда медициналык кызматкерлердин айлык акысын төлөө боюнча буйругунун ордуна өкмөт жаңы токтом чыгарат. Аталган токтомдо дарыгерлердин айлык акысынын суммасы же шарттары эч өзгөрбөйт. Айрым процедуралык маселелер үчүн гана өзгөртүлөөрү айтып ишендиришүүдө.

 

Жыйынтыгын күтө туралы.

Тема: