Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабарлады.

2020-жылдын 19-20-апрелинде Кыргызстанга Польша жана Кытай Эл Республикасынан медицина адистеринин тобу келет.

Чет элдик адистер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт. Польша жана Кытай дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен бул багытта маалымат жана тажрыйба алмашышат.

 

Тема: