"Вакцинанын жугуштуулугу, катаалдыгы же натыйжалуулугу жөнүндө тыянак чыгаруу үчүн азырынча жетиштүү далилдер жок"

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттиги (UKHSCA) өлкөдө COVID-19 омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

UKHSCA маалыматы боюнча, бул XE коронавирусунун жаңы варианты - рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8% жогору.

UKHSA башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешээрин жана адатта "салыштырмалуу тез" жок болуп кетерин айтты.

"Вакцинанын жугуштуулугу, катаалдыгы же натыйжалуулугу жөнүндө тыянак чыгаруу үчүн азырынча жетиштүү далилдер жок", - деп жазган Independent анын сөзүнө шилтеме берүү менен.


Булак: vb.kg