Кыргызстанда 14-февралга карата дагы үч бейтап коронавирустан каза болду.

Муну менен COVID-19 инфекциясынын жалпы өлүм учурлары 2 миң 930га жетти.

Акыркы суткада 46 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Былтыр пандемия башталгандан бери жалпы 200 миң 66 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 192 миң 971 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 485 бейтап, үй шартында 2 миң 119 адам дарыланууда.