Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Республика боюнча жаңы табылган учурлар:

  • Бишкек шаарында – 63;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Талас облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 9;
  • Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.