Кыргызстанда 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.