ДССУ мыкты коргонуу үчүн короновируска каршы вакциналарынын курамын өзгөртүү керек экенин айтууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы суткада 3 миллион 395 миң 785 адам коронавирус жуктуруп, анын ичинде 7 миң 735 адам каза болду. Бул — пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Сутка ичинде вируска чалдыккандардын саны боюнча алдыңкы бештикте АКШ (1 млн 399 миң 136), Франция (338 миң 858), Италия (220 миң 519), Индия (194 миң 720), Англия (115 миң 280) турат.

Пандемия башталгандан бери жалпы дүйнө жүзү боюнча 5 жарым миллиондон ашуун адам коронавирустан каза таап, 312 миллиондон ашуун адам айыгып чыккан.

ДССУ мыкты коргонуу үчүн короновируска каршы вакциналарынын курамын өзгөртүү керек экенин айтууда.

Булак: Маралфм