Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус 742 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 632, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 22, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2096 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 620 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 629 киши айыгып чыкса, 2 миң 826 адам каза болду.