Кыргызстанда 7 — январга карата COVID-19 инфекциясынын 247 жаңы учуру расмий катталды.

Бир күндө оорудан 58 бейтап сакайып, 3 киши көз жумду. 

Коронавирус Бишкекте — 151, Ошто — 11, Чүйдө — 37, Ошто — 11, Таласта — 6, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абадда — 18, Баткенде — 1 кишиден аныкталды.

Ушуну менен пандемия башталган өткөн жылдын март айынан бери ооруну жуктургандар 185 484ге жетти. Анын ичинен 180 166 киши сакайды. Жалпы 2814 бейтап оорудан көз жумду.

Учурда стационарда 324, үйдө 692 адам дарыланып жатат.

Булак: Маралфм