Пандемия башталгандан бери 185 миң 31 адамга коронавирус жукту.

Кыргызстанда 5-январга карата 152 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 112,
  • Ош шаарында – 10,
  • Чүй облусунда – 12,
  • Ош облусунда – 11,
  • Ысык-Көл облусунда – 3,
  • Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Пандемия башталгандан бери 185 миң 31 адамга коронавирус жукту.

Соңку суткада эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 809га жетти.

Акыркы сутка ичинде 53 адам илдеттен сакайып чыкты, былтыртан бери коронавирустан 180 миң 50 киши айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 271 бейтап, амбулатордук түрдө 414 адам дарыланууда.