Акыркы суткада 2 бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары  2 миң 807ге жетти.

Кыргызстанда бүгүн, 4-январга карата дагы 52 адамдан коронавирус аныкталды.

— Бишкек – 34,

— Ош шаарында – 10,

— Жалал-Абад облусунда – 6,

— Ысык-Көлдө  – 2 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери жалпы 184 миң 879 адамга вирус жукту.

Акыркы суткада 2 бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары  2 миң 807ге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча 50 адам айыгып, ооруну жеңгендер 179 миң 997ни түздү.

Учурда 588 адам коронавирустан дарыланып жатат. Үй шартында 315 адам, ооруканада 273 адам дарыланууда.

Анын ичинен 27 адам өтө оор, 98 адам оор абалда. 147 бейтаптын абалы (же 53,8 пайыз) орточо оор деп бааланууда.