Кыргызстанда жалпы 179 947 бейтап коронавирус илдетинен айыккан.

Акыркы суткада коронавирус илдетинен 1 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Каза болгон жаран Чүй облусунда катталган.

Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 44 бейтап сакайды. Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 24

Ош шаары – 4

Чүй облусу – 9

Ош облусу – 4

Ысык-Көл облусу 1

Жалал-Абад облусу – 1

Баткен облусу — 1

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 270 бейтап стационарда, ал эми 319 жаран амбулатордук дарыланууда.

Кыргызстанда жалпы 179 947 бейтап коронавирус илдетинен айыккан.