Кыргызстанда 28-декабрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу — 2, Нарын облусу — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыкты, 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 264 бейтап, амбулатордук түрдө 325 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 552 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 680 киши айыгып чыкса, 2 миң 798 адам каза болду.

Булак: Маралфм