COVID-19 инфекциясынын «омикрон» штаммынан АКШнын Техас штатында бир бейтап каза тапты.

Бул тууралуу ABC телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Харрис округунда каза болгон 50 жаштагы жаран эмдөө алган эмес. Ошондой эле ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар болгон.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «омикрон» штаммы мурунку штаммдарга караганда коркунуч жаратпасын, эмдөө жана ревакцинациялоо оорунун оор агымынын коркунучун азайтышы мүмкүн экенин айткан.

АКШда акыркы учурларда COVID-19 жугузгандардын 73%ы «омикрон» штаммы менен катталып жатат.

Буга чейин да «омикрон» штаммынан Улуу Британияда бир адам каза тапкан.

Булак: Маралфм