Британияда үч күн катары менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны эң жогорку көрсөткүчтөн түшкөн жок.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы тездик менен жайылып жатканын билдирип, ал 89 өлкөдө катталганын кабарлады. Анын айынан Нидерланд локдаун киргизип, Лондондо өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Нидерланд “омикронго” байланыштуу локдаун киргизген алгачкы өлкө болду. 19-декабрдан тартып азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка жерлер – ресторандар, барлар жана көңүл ачуучу жайлар толук жабылды. Мектептер менен жогорку окуу жайлар аралыктан окутууга өттү. Бул өлкөдө үйгө эки кишиден ашык конок чакырууга тыюу салынды. Премьер-министр Марк Рютте мындай чаралар аргасыз киргизилгенин айтып, локдаун 14-январга чейин уланарын билдирди.

Британияда үч күн катары менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны эң жогорку көрсөткүчтөн түшкөн жок. 17-декабрда 93 миң кишиден вирус табылган. Саламаттык сактоо системасына күч келгендиктен, Лондондун мэри Садик Хан 18-декбарда шаарга өзгөчө кырдаал киргизген. 19-декабрда Англиянын премьер-лигасынын беш футбол беттеши болбой калды.

Булак: Булак.кж