Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын 29 жаңы учуру аныкталды.

Бишкек шаарында – 16, Ошто – 1, Чүй облусунда – 7, Ошто – 1, Нарында – 1, Жалал-Абадда – 3 адамдан коронавирус аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери коронавирустун жалпы184 123 учуру катталган.

Акыркы бир суткада эки адам коронавирустан каза болду. Анын бири Бишкек шаарында, дагы бир учур Талас облусунда катталган. Пандемия башталгандан бери коронавирустан 2 миң 779 адам каза болду.

Ушул күндөрү 651 адам дарыланып жатат. 348 адам үй шартында, стационарда 303 адам дарыланууда.

Анын ичинен 22 адам өтө оор, 139 адам оор абалда. 141 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде 39 адам айыкты. 2020-жылдын март айынын башынан бери 179 миң 205 адам коронавирустан айыгып чыкты.