Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 198 адам эмдөөдөн өттү.

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 515 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 835 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 153 миң 444 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 933 миң 757 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Булак: Кабар