Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 23 өлкөдө катталды.

Бул тууралуу шаршемби күнү Женевадагы брифингде Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин «Казинформ» агенттиги маалымдады.

Гебрейесустун айтымында, жаңы штамм алты континенттин бешинде катталган. Андыктан бардык өлкө бул жаңы штаммдын өсүүсүнө өтө олуттуу карап, коргонушу зарыл.  Учурда «омикронду» изилдөө жүрүүдө, андыктан дагы көп нерсе белгисиз болуп жатат.

Уюмдун жетекчиси жаңы штаммдын жайылышын азайтуу чараларын белгилеп, жүргүнчүлөрдү саякатка чыгар алдында жана учуп келүүдө текшерүүгө алуу, зарыл болсо карантиндик чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Африканын түштүгүндө табылган B.1.1.529 коронавирус штаммын 26-ноябрда грек тамгасы менен omicron деп белгилеген. Уюмдун алдын ала берген маалыматы боюнча, штаммдын тез таралуу ыктымалы жогору.

Булак: maralfm.kg