Кыргызстанда 3-декабрга карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 24, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 510 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 478 киши айыгып чыкса, 2 миң 755 адам каза болду.