Оппозициячыл саясатчы Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду коргоп келген жактоочу Данияр Мамановду белгисиз кишилер сабап кетишти. Кол салуу 28-декабрда Бишкек шаарында “Saltanat palace” ресторанынын алдында болгон. Учурда жактоочунун оң буту эки жеринен сынып, №4-шаардык ооруканада жатат.