- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1639
Жолугушуу эмне берди?
Өткөн жума соңунда президент Роза Отунбаева кыргыз тилдүү басылмалардын башкы редакторлору менен бейформал жолугушуп, өлкөдө орун алган саясий, социалдык-экономикалык процесттер тууралуу пикирлерин укту.
Президентке дал ушу кыргыз тилдүү гезиттердин баш редакторлору менен кез-кез жолугушуп туруунун пайдасы чоң экендигин өзүнүн басма сөз кызматы, кеңешчилери же болбосо жолугушууда жанында олтурган президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев айтышса болмок. Бирок, бул табылга карапайым кыргыз журналисттеринин өзүнө таандык экенин эске алганда, өзүбүз жолугушуу туурасында суранып, чуркап баргандай таасир калып кетиши мүмкүн. Ошентсе да, жолугушуу көрсөткөндөй, дал ушундай форматтагы пикир алышуу учурунда көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлөт. Отунбаева деле кыргыз радиосуна берген маегинде өтө курч, маанилүү маселелер козголгондугун, эне тилинде жарык көргөн басылмалардын редакторлорунун билим деңгээли бийик экендигин моюнга албадыбы.
Албетте, эне тилдүү журналисттер Акаев да, Бакиевдин да тушунда өгөйлөнүп келген. Президент баш болуп, министрлерге чейин орус тилдүү журналисттерге кошоматтанып, маалыматты ошолорго биринчи берип келишкени эч кимге жашыруун эмес. Бүгүн деле ошондой абал өкүм сүрүп келе жатат. Ошондой учурда президенттин кыргыз тилдүү журналисттер тарапка кадам таштаганы чындыгында колдоого аларлык иш.
Президент жолугушуу учурунда Кильюнендин отчету, өкмөттүн иши тууралуу өз оюн билдирди. Атамбаевди колу таза адам катары мактап өткөнгө да үлгүрдү. “Бул бийлик да Акаев, Бакиевден ашып түшкөнүн жазып жатасыңар”,- деген таарынычын да айтып алды. Негизи, реалдуу караган адам Кильюнендин отчету бир жактуу болуп калганын, Атамбаевдин өкмөтү элдин талабын канааттандыра албай жатканы, бүгүнкү күндөгүдөй коррупция Бакиевдин тушунда да болбогондугун дароо айтат. Анын бир гана себеби – баш мыйзамда. Анда Конституциянын гаранты көрсөтүлбөгөн. Башкача айтанда, бөлүп алып бийлей бересиң, а бирок, эч нерсеге жооп бербейсиң. А бул баш мыйзам кимдин тушунда кабыл алынган? Роза Отунбаеванын.
Президенттин, анын администрация жетекчиси Каптагаевдин бир жактуу, кыргыз тилдүү гезиттердин жалаң ушак жазып жатып алгансып, мүнөздөмө беришкени бир гана нерсени кабарлайт – гезит окушпагандыгын. Басма сөздө ушак бар дечи, бирок, негизинен көйгөйлүү маселелер сандан-санга жазылып келе жатканын эч ким тана албас. Муну редакторлор жолугушуу учурунда далилдеп бербедиби. Ошондуктан, бийлик башындагыларга айтаарыбыз – гезит окугула, гезит!
Барат... Барбайт...
Келдибековдун президенттик тууралуу билдирүүсү бурмаланганбы?
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “24.kg” маалымат агенттигине президенттик шайлоого катышууну ойлонуп жаткандыгы жөнүндө билдиргенин көпчүлүк маалымат каражаттарынын катарында биз да жазганбыз. Бирок, аталган агенттиктин журналисти спикердин сөздөрүн толук бербегендиктен, баштапкы оюу бурмаланып кеткенин А.Келдибеков “Sayasat.kg” сайтына билдириптир.
Парламент төрагасы чындыгында президенттикке азыр эмес, келечекте барууну ойлонуп жатканын, бирок, баарына мезгил жана Кудай тараза болорун агенттиктин кабарчысына айтыптыр. Бул биринчи тактама.
Экинчиден, спикер Камчыбек Ташиевдин партиянын тапшырмасы менен шайлоочулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан. А муну агенттик такыр башка мааниде бергендиктен, Ташиев азыртан президенттикке камылга көрүп, өлкөнү кыдыра баштагандай таасир калтырган. “Парламенттик шайлоодо биздин партия биринчи орунду ээлеген. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоочуларыбызга ыраазычылык айтканга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Коалиция, өкмөт куралып,стабилдүүлүктү алып келгенге канча күчүбүз кетти. Эми гана бошураак убакыт табыла баштады. Мен спикер катары бул жерден чыга албайт экенмин. Ошондуктан, бизди биринчи орунга чыгарган шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдирүү иши партиянын атынан Камчыбек Кыдыршаевичке жүктөлгөн”,- дейт Акмат мырза.
Талаш... Тартыш...
“Кыргызнефтегаз” бир министрдин “башын жеди”
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын тегерегиндеги чуу өз апогейине жетип, нааразы болгон жамааты Ош-Бишкек кан жолун бууганга мажбур болушту. Стратегиялык ишканада бир топ убактан бери башаламан абал өкүм сүрүп жатканына карабастан, бир да мамлекет жетекчисинин басып барып, элдин ал-абалын сурабагандыгынын кесепетинен абал чектен чыгууда.
Ишкана тегерегинде чуу башталгандан бери бул жакка бир гана Камчыбек Ташиев келип кеткен. Ишкана жамааты менен жолуккандан кийин президент, премьер-министр, спикерге маселени тез арада чечүү керектигин, болбосо, адамдар өзүн-өзү өрттөөгө камынып калганын айткан болчу. Ошондо жогорку жетекчиликтен бири да кулак салган эмес. Жергиликтүү эл Ош-Бишкек жолун тоскондон кийин гана ойгонгон Атамбаев Маммүлк министри Нурдин Илебаевди кызматынан четтетип, губернатор Бектур Асановго сөгүш жарыялап, ишканага тышкы башкаруу киргизип, Жеңиш Жумашевди убактылуу директор кылып дайындады. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду жиберди. Ошондон кийин гана абал бир аз тынчыды десек болот.
“Кыргызнефтегаз” кирешелүү ишкана болгондуктан, ага көз арткандар көп. “Ата-Мекен”, “Республика” партиялары ишкана тегерегинде өз ара катуу тирешүүгө барышканын билебиз. “Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт”,- дегендей, минтип таасири күч тараптар тирешип, ишкананы өздөрүнө каратып алуу укугун талашып жатканда, жөнөкөй жумушчуларга кыйын болду. Ишканада кош бийлик өкүм сүрүп, фамилиясы окшош эки Масиров башчы болуп, бири кабинетти, экинчиси кызматтык автоунааны ээлеп олтуруп алышкан болчу. Абал азыр да курч. Тышкы башкаруу киргизип койгону менен, өкмөт ишкананы тагдырын адилет чечиши керек. Бардык тараптын жүрөгүн канааттандырган чечим чыкпаса, ызы-чуу улана берет. Албетте, саясатчылар да ишкана тегерегинде чайкоочулук кылганды токтотушу абзел.
Чын-төгүнүн тактасак...
“Айат” редакторуна жөнү жок жерден асылып жатышабы?
Гезитибиздин өткөн санында кесиптешибиз Жылдыз Мусабекова тууралуу маалымат жарыяланган. Куштай кабар биздин редакцияга арызданып келген адамдардын сөзүнө таянып даярдалып, анда “Айат” редакторунун Ат-Башыда Айнура аттуу кызды уруп жибергени баяндалган болчу. Маалыматта бул маселе тууралуу Жылдыз Мусабекованын да өзүнүн көз карашы бар болушу керектигин божомолдогонбуз. Жаңылышкан эмес экенбиз.
Ж.Мусабекованы кесиптеш катары жакшы билебиз. Өз киндигин өзү кесип, Кудай берген таланты менен бүгүнкү даражага жеткени, эч кимдин этегин кармабай, түз жүргөнү белгилүү. Демек, анын бизге айтып бергендерине кошулбай коюуга негиз жок.
Жылдыздын айтымында, Ат-Башыда да “ОБОН” (Отряд баб особого назначения) тобу аталган, он чакты аялдар бар экен. Бу аялдарды өз учурунда Бакиевдин жан-жөкөрлөрү аябай пайдаланган. “ОБОНчулар” чынында өз айтканын бербеген, өжөр, кимдин болбосун катыгын бергенге даяр, атайын багыттагы аялдардан куралат эмеспи. “Айат” редактору да КСДП партиясынан талапкер катары Ат-Башыга барып, элге чай бере коем деп, ушул аялдарга туш келип калыптыр. Азыр да бул аялдар элге тынчтык бербей, Жылдызды барган жеринде жамандап, анын кашыктап чогулткан аброюн челектеп төккөнгө аракет жасап жатыптыр.
Жылдыз менен бул темада сүйлөшүп олтуруп, палван-журналист Султан Раевдин көп макаласында колдонгон бир термини эске түштү, “Жылдыздарга чаң жукпайт” деген. Эгер эл алдында таза, абийирдүү болсоң, албетте, сени миң жаманатты кылгысы келсе да, чаң жугуза алышпайт, Жылдыз...
Майдан.kg
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3552
“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көпүрө
Кыргызстан үчүн Россия баардык тараптан негизги өнөктөш экендиги талашсыз. Ал тууралуу узун сөз кылуунун деле зарылчылыгы жоктур. Бирок мамлекеттер аралык байланыш бир гана саясый, экономикалык мамилелер менен чектелбей, гуманитардык карым-катнаш аркылуу да коштолуп турганда бекем болоору белгилүү. Албетте, Кыргызстан азыркы экономикалык каатчылык мезгилде Россиянын колдоосуна муктаж. СССРдин курамында 70 жылдан ашык чогуу жашаган тарыхыбызды айтпаганда да, учурда бир миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз “кең пейил Россияда” үй-бүлөсүн багып, экономикабызга салым кошуп, ал тургай жарандыкты алып жашап жатышат.
Ошол эле учурда Россия үчүн Азия материгиндеги Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Мындан тышкары чакан республикабыздагы калктын төрттөн бир бөлүгү орустар экендиги, ал тургай орус тили мамлекетибизде расмий тил катары кабыл алынышы да Россияны биз менен тарыхый байланышты улантууга милдеттендирип турат. Мына ушул өз ара муктаждыкты канааттандыруу максатында 2010-жылдын 6-октябрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Евразиялыктар-жаңы толкун” деген аталыштагы маданий-тарыхый багыттагы кызматташтык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылган.
Аталган фонд тарабынан бир жылга жетпеген кыска аралыкта көптөгөн маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мисалы, Дмитрий Киселев, Светлана Сорокина, Владимир Мамонтов, Михаил Леонтьев сыяктуу белгилүү россиялык журналисттер Бишкекке келишип, жергиликтүү журналисттерге жана студенттерге мастер-класстарды өткөрүштү. Мындан тышкары фонд Геннадий Павлюк атындагы сыйлык уюштурган. Анын жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айынын башында чыгарылып, жеңүүчүлөргө ири суммадагы сыйлыктар ыйгарылмакчы.
“Миң уккандан бир көргөн” демекчи, “Евразиялыктар-жаңы толкун” фонду 9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш күнүнүн алдында кыргызстандык 19 журналистке Москвадагы Кызыл аянтта болуучу парадка катышуу жана РИА Новости маалымат агенттигинде кесиптик тажрыйба алмашып келүүсүнө шарт түзүп берди.
Жөнөкөй жана кичипейил Ю. Ануфриев
8-майда Бишкекте күн бүркөлүп, жамгыр жаап турган менен “Бишкек-Москва” самолету көрсөтүлгөн график боюнча учту. Демейде иш күндөрү 4 сааттын өтүшү кыйын болгон менен бул убакыт самолетто көз ачып жумганча эле артта калып, “Шереметьево” аэропортуна кондук. Ал жерде бизди азиялыктарга мүнөздүү кичипейилдик менен бир жигит тосуп алып, күтүп турган кичи автобуска отургузду. Ичимден аны бизди чакырган тараптын кызматкерлеринин бири го деп ойлогом. Көрсө, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев өзү экен. Ар бирибиз Москвага куру кол жөнөбөй, ал жактагы тааныштарга, туугандарга базарлык ала барыптырбыз. Өзүбүздөн жүгүбүз оор. Мен аларды автобуска салып жатып, “Кайтканда ушул сумкалар баары бош кайтат, Москвадан эмне алмак элек” деп тамашалагам. Бирок жаңылышкан экенмин, эртеси күнү эле Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
Андан ары бир сааттай жол жүрүп, Останкино телемунарасынан анча алыс эмес аралыктагы “Турист” мейманканасына жайгашкан соң, Юрий Ануфриев кечки тамак үстүндө эртең баарыбыз Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышаарыбызды, саат тогуздан кечикпей барып калышыбызды эскертти. Көрсө, жыл сайын 9-майда дүйнө элдеринин көңүлүн бурган Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышып, РФ президенти, премьер-министри, саналуу гана жогорку даражадагы чиновниктери менен согуш ардагерлеринин катарында отуруу мүмкүнчүлүгү ар бир эле россиялыктарга берилбейт экен. Юрий Ануфриев Россиядагы чет өлкөлүк элчиликтер, ар кандай эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катарында бизге да Жеңиш парадына катышууга уруксат алуу оңой болбогондугун, бул маселе президенттин администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдар аркылуу гана чечилгендигин жашырган жок.
Жеңиш парады
Биз эртеси, 9-май күнү саат тогузда Кызыл аянттагы айтылган жерде болдук. Андан соң Кремлдин алдындагы атайын орнотулган орундуктарга жеткенче онго жакын текшерүүдөн өттүк. Парад башталарга он минута калганда баардык согуш ардагерлери, чакырылган коноктор орун алып отурушуп, Кызыл аянтта чымын учса угула турган жымжырттык орун алды. Россиянын, чет өлкөлөрдүн журналисттери батпайт, операторлор камерасын аянтка пушкадай буруп, саналуу минуталардан соң дүйнө жүзүнө түз көрсөтүү уюштурууга даяр турушат. Ооба, дүйнө элинин көңүлү да экинчи дүйнөлүк согушта жеңген СССРдин борбору Москванын Кызыл аянтына буруларын эстеп, ошол нечен заманды баштан кечирип, эки дүйнөлүк согушта жеңип чыккан элдин борборундагы чоң салтанатка сыйлуу конок катары чакырылгандыгыбызга сыймыктанып да, толкунданып да турдук ...
Кремлдин саатынын жебеси туура 10.00дү көрсөтүп, коңгуроо кагылар замат диктордун жүрөктү толкуткан, сезимди дүүлүктүргөн үнү жаңырып, РФ коргоо министри А. Сердюков парадды кабыл алып, жоокерлер менен саламдашкан соң президент Д. Медведевге доклад жасады. Д. Медведев кыска жана нуска сөзүндө адам баласынын тарыхында фашизмди жеңген, андан соң эбегейсиз СССР мамлекетин урандыдан көтөргөн жана адамзаттын тарыхында Космоско учууга шарт түзгөн советтик жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты. Эмнегедир Д. Медведевдин сөзүнөн кийин көзүмө жаш тегерене түштү. Балким бул Лениградда окко учуп, кан майдандан кайтпай калган чоң атамды эстеген, биз үчүн жанын курман кылган аталарды эскерген, СССР деген эбегейсиз мамлекеттин бөлүнүп кеткендигине өкүнгөн, Эгемендүүлүккө жеткен менен эки ирет революция жасап, В. Путиндей, Д. Медведевдей мекенчил президенттерге жетпей жүргөн элдин өкүлүнүн көз жашыдыр...
Мамлекет башчынын жалындуу сөзүнөн кийин 1,5 миң аскер музыканттарынын аткаруусунда согуш мезгилиндеги патриоттук музыкалар жаңырып, 20 миң жоокер, бир миңге жакын аскердик техника параддан өттү. Мамлекет деп ушуну айт.
Кремлдеги кабыл алуу
Парад бүтөр менен бизди РФ президентинин администрация башчысынын орун басары Алексей Алексеевич Громов кабыл алды. Кремлдин кызыл дубалынын ичине тыкыр текшерүүдөн кийин өткөн соң А. Громов бизди иш бөлмөсүндө жайдары маанайда тосуп алды. Отурарыбыз менен эле Алексей Алексеевич “Жылдыз Бекбаева ким?” деп сурап калды. “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж. Бекбаева “Мен” деп айтар менен эле “Биз сизди сабап кеткен окуяга байланыштуу аябай кабатырлануудабыз. Сизди коргоого колдон келгендин баарын жасайбыз. Өзүңүз да сак болуңуз” деди. Кыргызстандын жараны болгон менен россиялык агенттикте иштеген кесиптешибизге Кремлдеги жогорку даражалуу адамдын ушунча көңүл бургандыгына баарыбыз ыраазы болуп да, таң калып да турдук.
А. Громов протокол боюнча 15-20 минута гана сүйлөшмөк экен. Бирок кыргызстандык журналисттер адатыбызча сөздү кызытып жибердик окшойт, алдын ала столго жайната коюлган чай, кофе, даамдардан ооз тийип, эки саатка жакын отуруп калдык. А. Громов ушунчалык жөнөкөй, ачык киши экен, майрам күн болгондуктан улам чырылдаган телефондорго жооп берген менен кайсы бир иш чарага, конокко чакыруулардын баарын кийинкиге жылдырып жатты. Негизинен ал бизден Кыргызстандагы абал кандай экендигин, былтыркы июнь коогалаңынан соң республикабыздын түштүгүндөгү кырдаал, орус тилдүү маалымат каражаттары менен орус маданияты, мектептери тууралуу сурады. Ошондой эле 9-май Жеңиш күнү Кыргызстанда кандай белгиленерин жана “Георгиев лентасы” таратылабы, жокпу деп сурады. Мындан тышкары кыргыз эли эки ирет революция жасаган менен экономикалык өзгөрүүлөр байкалбай жаткандыгын, натыйжада жумушсуз жаштар дале Россияга агылып жаткандыгы алар үчүн чоң көйгөй экендигин да жашырбады. Башкалар кандай ойдо калгандыгын билбеймин, мен дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген чоң мамлекеттин жооптуу кызматкери ушунчалык жөнөкөй экендигине таң калып, Кыргызстандагы окуяларга кызыгып, бизден да көп маалыматы бар экендигине таң калдым. Ал тургай Кыргызстандын чиновниктери коррупциялашып кеткендигин белгилеп өттү. Өз кезегинде биз да эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча өз сунуш, пикирлерибизди айттык.
Жолугушуунун соңунда А. Громов ар бирибизге В. Путиндин 8 жыл президенттик кызматы чагылдырылган фотосүрөт китебин тартуулады. Коштошордо кайра эле Кремлдин салтын бузуп, А. Громов менен жалпы да, бир бирден да сүрөткө түшүп, визиткаларды алмаштык. Ошентип Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
РИА Новостидеги тажрыйба алмашуу
10-11-12-май күндөрү Россиянын белгилүү РИА Новости маалымат агенттиги менен таанышып, пресс-конференцияларга, тегерек-столдорго, теле-көпүрөлөргө катыштык. Москванын борбордук бөлүгүндөгү Зубовский бульварда жайгашкан РИА Новостинин босогосун аттаганда эле күтүлбөгөн кубанычтуу жагдайга туш келдик. Анткени ал жерде техникалык (пол жууган, жүк ташыган ж.б.) кызматтарда дээрлик кыргыз балдар, кыздар иштешет экен. Сыягы, эки жерден каттуу текшерүүдөн өткөргөн соң гана киргизген, өтө жооптуу агенттиктин имаратына кыргыздардын кызматка алынышы деле бекер болбосо керек. Маянасы 20 миң рублдин тегереги экен. Бир кыз Токмоктон, балдар Кара-Кулжадан болобуз дешти. Иштегендерине 4-5 жыл болуп калыптыр.
Көп жыл Кыргызстанда иштеген, “Российская газетанын” өкүлчүлүгүн ачкан Элла Борисовна Таранова РИА Новостинин КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жатыптыр. Албетте, 1,5 миң журналист сутка боюу бир гана Россия тууралуу эмес, дүйнө жүзүндөгү маалыматты 11 тилде тараткан агенттиктен биз үчүн үйрөнө турган жагы көп экен. Журналисттерге түзүлгөн шарт, техникалык жактан жабдылышы да ойдогудай. Жүздөгөн адам отурган чоң залдан чымын учса угулат, телефон менен бакылдашкан, уюлдук телефонун кулагына жабыштырып жүргөн бирөө-жарым көзгө илинбеди. РИА Новости 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган үчүнчү күнү эле “Соб. Информбюро” болуп түзүлүп, согуш талаасынан маалымат берип турган. Кийин АПН, 1991-жылы РИА Новости болуп өзгөрүптүр.
Биз үчүн дагы бир өзгөчөлүк – РИА Новостиде журналисттерди ар кандай согуш, табигый кырсык, митинг, пикет жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймакка жөнөткөндө атайын даярдап, окутуп жөнөтүшөт экен. Ал үчүн атайын эки окуу зал ачышыптыр. Анткен менен ушунчалык заманбап техникалар менен “куралданган” журналисттер маалымат жыйындарында бизге окшоп эле колуна фотоаппарат, диктофон, кагаз, калем кармап отуруп маалымат даярдашарын көрүп, көңүлүм жайына келди.
Москвадагы кыргыздар
Турмуштун айынан көпчүлүк жаштарыбыз Россияда, басымдуу бөлүгү Москва шаары менен облусунда иштеп жүрүшкөндүктөн, биз алар менен жолугуп, абалын билүүгө да кызыктык. Чындыгында Москванын метросунда, көчөлөрүндө кыргыздарды көп кездештирдик. Бирок убакыттын тардыгынан, метродогу элдин селдей агымынан алар менен көз ымдашып гана, айрымдары менен гана таанышууга мүмкүн болду. Такталбаган маалыматтар боюнча Москва шаары менен облусунда жарым миллионго жакын кыргыздар бар дешти. Алар негизинен кафелерде, көчө тазалаган жумуштарда, курулуштарда иштешет экен. “Ботаника багы” метросунун оозунда гезит, журнал сатып отурган караколдук бир жигитти жолуктурдук. “Кыргызстанда аскер кызматынан пенсияга чыгып, 8 ай болду бул жакка келгениме. Биздин фирманын Москва шаары боюнча 800 түйүнү бар. Маянам иштегениме жараша 20 миңден 50 миң рублга чейин. Документти, жатакананы фирма моюнга алган. Бирок Кыргызстанга кетким келди, үйдү, балдарымды сагындым...” деп коштошту.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Москва-Бишкек
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2358
Баткендин Кыштут аймагындагы дарыядан кытайлыктар алтын чайкоо аракетин башташы жергиликтүү калкты бейпайга салды.
Тургундар экологиялык абалдан кооптонуп, ылдыйкы айылдардын калкы дарыянын суусу башкача даамданып калганынан чочулашууда.
Кандай иш жүргөнү ачык айтылбаганына эл нааразы
Баткен шаарынан 45 чакырымдай алыста турган Кыштут айылынын четинде кырктан ашык кытайлыктар Көк-Дарыяны ары бери бургулап, алтын чайкоо аракетин баштаганына бир айдан ашып калыптыр. Бирок жергиликтүү тургундардын бири да булар кимдер экенин, эмне кылып жатканын жана кимден уруксат алганын билбейт экен. Анткени бул жерди иштетип, же иштетмекчи болуп жаткандар уруксат кагазды Бишкектен эле алышат да, айыл округ башчысынын макулдугу менен ишти баштаптыр.
Кытайлыктар кечип жүргөн суунун төмөн жагында жайгашкан Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышовдун баамында, кен байлыкты иштетүү үчүн алынган уруксатнаамада жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынган эмеспи, же бийлик өкүлдөрү “көз кысты, бармак басты” кылдыбы, айтор ачык маалымат жок:
- Кыйла техника иштеп, бузууларды жасап, бирде дарыяны аркы жээке салса, бирде бул жээкке салат. Өтө чоң зыян иштер жүрүп жатат. Келечекте элге, экологияга зор зыян кылат да. Экономикага канча пайда-зыян экенин эл билбейт. Эң башкысы ким уруксат бергенин, кандай иш жүрүп жатканын эл билбейт. Бийликтегилер болсо бири-бирине шылтайт.
Бул жергиликтүү тургун иш башталбай жатып ондогон ири техникалар дарыяны ары бери чайкап, төмөн жактан суу ичкендерди, экологиялык абалды эске алган киши жоктугун да кошумчалады:
- Бул иш дагы да күч алса биздин капчыгайдагы бир топ айылдар жабыркайт.
Амиракул Алтымышов аймактагы айылдардын эли өз ара макулдашып, жакынкы күндөрү бул ишти токтотуу үчүн нааразылык акцияларга чыгууга ниеттенип жатканын да эскерте кетти.
Суунун даамы бузулду
Бул жерде иштетилген суу кайра эле дарыяга куюлуп жатканынабы, айтор төмөн жактан суу ичкендер кара май даамданган сууну ичип жатканын айтышат. Чарбак айылындагы Зыйнат аттуу келинди угалы:
- Ушу кытайлыктар келип иш баштаганы биздин суудан солярканынбы, же башка нерсеби иши кылса бир кызыктай даам чыгып калды. Айла жок ичип жатабыз да...
Кыштут айылындагы мектеп бүтүрүүчүсү Арген болсо бул жерге ири шаймандар коюлуп, иш башталган күндөн тарта мурда бир-эки жерден араң кармачу уюлдук байланыш да тартпай калганын айтат:
- Телефон ушулар келгенден бери тартпай калды. Мурда Жиңген, Жол-Тосор деген жерлерден уюлдук байланышты кармайт элек. Азыр Көпүрө-Башы деген жерге барып сүйлөшүүгө туура келип калды.
Изилдөө иштери жүрүп жатабы, же?..
Райондук бийликтин маалыматына караганда, бул жерге кытайлыктарды Ошто жайгашкан “Эр Мунай” аттуу компания алып келиптир. Баткен районунун акиминин милдетин аткаруучу Сейитмурат Калыковдун айтымында, бул жерде азыр алтын чайкоо эмес, изилдөө иштери гана жүрүп жатат:
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып “Эр Мунай” деген компания келди. Кытайлар менен биргелешип иштейт экен. Азыр иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алтын бар экени аныкталып, булар иштете турган болсо жакшы да. Зыяны да жок. Алар эч кандай зыяндуу нерсе пайдаланбайт экен. Жууп эле алышат экен. Иштеп калышса элге да пайда, районго да пайда болот.
Биз иш жүрүп жаткан жерге барганыбызда тосуп чыккан жергиликтүү эки жигит кароолдук милдетин аткарып жатканын, андан ары кирүүгө мүмкүн эместигин айтып, жумушчулар менен жолугушууга уруксат бербей койду:
- Сүрөт тартканга, жаздырганга уруксат бере албайбыз. Бизге ошондой тапшырма болгон. Кырктан ашык кытайлыктар иштеп жатат. Алар эмне кылып жатканын биз билбейбиз...
Канткен менен темир тор менен курчалган жердин ичинде кандай иш болуп жатканы сырттан караган кишиге көрүнүп турат. Ушундан улам жергиликтүү тургундар райондук бийликтегилердин “тек гана изилдөө иштери жүрүп жатат” дегенинен күмөн санашууда. Анткени бул жерде алтынды казып албай, суудан эле чайкап эле алууга болоору өткөн кылымдын орто ченинде эле изилденип бүткөн экен.
Азаттык
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3052
Уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле Кыргызстан үчүн мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупция чоң коркунуч туудурууда.
Бул тууралуу 30-майда Жогорку Кеңеште өткөн “Кыргызстанга кандай реформа ылайык” деген форумда айтылды. Кыргыз өкмөтү өлкөдө реформа жасоого кызыкдар экендигин айтууда. Ошол эле кезде форумга катышкан саясатчы-эксперттер өмөттүн реформа жасоо аракетинен майнап чыгарынан күмөн санашууда.
Реформанын зарылдыгы
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлүнүн милдетин аткаруучу Лилиан Дарий Кыргызстан үчүн реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилөөдө.
- Бардыгы эле азыр Кыргызстанга экономикалык өсүш жана инвестиция керек деп жатышат. Экономикалык жогорулоо жана инвестиция эки нерседен көз каранды. Булар саясий туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүк кылышы. Ошондо гана өкмөттүн алдыга койгон милдеттери ийгиликтүү турмушка ашат.
Форумдун катышуучулары өзгөчө сот системасын жана укук коргоо органдарын натыйжалуу реформалоо керектигине көңүл бурушту. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мындай дейт.
- Укук коргоо органдарын реформалоо бүгүнкү өкмөттүн жана парламенттин негизги милдети. Себеби сот тармагына жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кеткендиги айкын көрүнүш.
- Бардыгы эле азыр Кыргызстанга экономикалык өсүш жана инвестиция керек деп жатышат. Экономикалык жогорулоо жана инвестиция эки нерседен көз каранды. Булар саясий туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүк кылышы. Ошондо гана өкмөттүн алдыга койгон милдеттери ийгиликтүү турмушка ашат.
Форумдун катышуучулары өзгөчө сот системасын жана укук коргоо органдарын натыйжалуу реформалоо керектигине көңүл бурушту. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мындай дейт.
- Укук коргоо органдарын реформалоо бүгүнкү өкмөттүн жана парламенттин негизги милдети. Себеби сот тармагына жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кеткендиги айкын көрүнүш.
Коррупцияны кантип жойобуз?
Ал эми Кыргыз өкмөтү бул тармактарды реформалоо аракетин көрүп жаткандыгын билдирүүдө. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов реформалар ийгиликтүү жүрүшү үчүн биринчи иретте сот жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштү жоюу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле коррупция өзгөчө коркунуч туудурууда:
- Биз Коррупцияга каршы ведомство түзүү чечимине келдик. Бирок бул мурдагылардай болбойт. Алар системалык мамиле болбогону үчүн ишке ашкан эмес. Биз оперативдүү бөлүм түзгөнү жатабыз. Ал жашыруун түрдө укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка министрликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктайт.
Атахановдун белгилешинче, Коорупцияга каршы күрөшүү кызматынын дагы бир милдети -экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү. Буга Кыргызстандагы финансылык агымдарды аныктоо жана өндүрүлүп сатылганга чейинки жолдору белгисиз болгон алтын коррупциясын табуу кирет.
Айта кетсек, Кыргызстан дүйнөдө коррупцияга баткан өлкө катары белгилүү. Эл аралык “Транспернси Интернешнл” уюмунун 2010-жылдагы иликтөөсүндө 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.
- Биз Коррупцияга каршы ведомство түзүү чечимине келдик. Бирок бул мурдагылардай болбойт. Алар системалык мамиле болбогону үчүн ишке ашкан эмес. Биз оперативдүү бөлүм түзгөнү жатабыз. Ал жашыруун түрдө укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка министрликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктайт.
Атахановдун белгилешинче, Коорупцияга каршы күрөшүү кызматынын дагы бир милдети -экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү. Буга Кыргызстандагы финансылык агымдарды аныктоо жана өндүрүлүп сатылганга чейинки жолдору белгисиз болгон алтын коррупциясын табуу кирет.
Айта кетсек, Кыргызстан дүйнөдө коррупцияга баткан өлкө катары белгилүү. Эл аралык “Транспернси Интернешнл” уюмунун 2010-жылдагы иликтөөсүндө 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.
Натыйжасы көрүнбөгөн реформалар
Өкмөттүк реформалардын натыйжасынан күмөн санагандар да жок эмес. Айрымдар бүгүнкү чийки жана чабал мыйзамдар менен Кыргызстанда реформа жүргүзүү жана коррупцияны жоюудан майнап чыкпасын белгилешүүдө. Ошон үчүн алгач тезинен мыйзамдарды бекемдөө жана аларды Башмыйзамга ылайыктоо зарылдыгын айтышты.
Мудагы депутат, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев болсо бийликтин аракети мурдагы рефомалардай болуп, ара жолдо калабы деп чочулайт:
- Жыйырма жылдан бери канча реформа болду. Бир да реформа айтылгандай аягына чыккан жок. Ошондуктан аракеттерге жараша кандайдыр бир өсүштөр болушу мүмкүн. Бирок биз күткөндөй болбойт. Эртең эле жыргап кеткен өкмөт болбойт.
Учурда Кыргызстандагы көпчүлүк министрликтерге реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, Ички иштер министрлиги дээрлик он жылдан бери реформаланууда. Бирок серепчилер анын эл күткөндөй натыйжасы болбой, кагаз жүзүндө гана калып жаткандыгын белгилеп келишет.
Мудагы депутат, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев болсо бийликтин аракети мурдагы рефомалардай болуп, ара жолдо калабы деп чочулайт:
- Жыйырма жылдан бери канча реформа болду. Бир да реформа айтылгандай аягына чыккан жок. Ошондуктан аракеттерге жараша кандайдыр бир өсүштөр болушу мүмкүн. Бирок биз күткөндөй болбойт. Эртең эле жыргап кеткен өкмөт болбойт.
Учурда Кыргызстандагы көпчүлүк министрликтерге реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, Ички иштер министрлиги дээрлик он жылдан бери реформаланууда. Бирок серепчилер анын эл күткөндөй натыйжасы болбой, кагаз жүзүндө гана калып жаткандыгын белгилеп келишет.
Азаттык
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2149
"24kg" деп аталган маалымат агенттигинин башкы директоруна тиешелүү чара көрө турган мамлекеттик кызмат барбы?
Аталаган маалымат агенттиги "Кабар" 4-майдагы пресс-конференцияда, К.Кильюнен тарабынан жарыяланган Кыргызстандын Түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча эл аралык комиссиясынын жыйынтыгына карай берилген менин билдирүүмдү атайын бурмалап жарыялаган.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй анда 74 процент өзбек улутундагылар өлгөн, бирок биринчи күндөрү өлгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыздар болушкан" - деп Салмоорбек Дыйканов түшүндүрдү" деп айтылат.
//URL: http://www.24kg.org/community/99460-salmoorbek-dyjkanov-mezhdunarodnaya-komissiya-po.html
Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөдөн да мага кайрылышып, эмне үчүн антип айттың?, эмне үчүн кыргыздарды жамандап жатасың?, - деген суроолор жаады. Менин журналистер ката кетирген деген сөзүмө ишенишкен жок.
Алар жарыялаган мындай маалыматтар эл аралык ынтымакты бекемдемек турсун кайра улут аралык жаңжалды күчөтөт жана кыргыз элинин ичин ыдыратат деп эсептейм. Бул маалымат интернетте бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, дүйнөдөгү көптөгөн адамдар окуп жатышат. Башка маалымат сайттары да көчүрмө кылып жарыялашты.
"24kg" агенттиги кылган күнөөсүн мойнуна алып, жарыя кылган кабары үчүн кечирим сурап (16/05/11 09:45) "Каталардын үстүнөн иштөө" (Работа над ошибками) деген темада төгүндөө (төгүндөө тексти тиркемеде) берди. Бирок, анда биз техникалык гана ката кетирдик, бир гана сөз (частица "не") түшүп калып текст маанисин жоготту деген шылтоо айтылган. "Кабардагы" пресс-конференцияда айтылган предлог (не) колдонулган эмес. Муну ошол пресс-конференциянын тартылып алынган видеоматериалдарынан да көрсө болот.
Жарыяланган текст маанисинен көрүнүп тургандай, ал "74 процент өзбек улутундагылар өлгөн", - деген маалыматка С.Дыйканов макул дегендей мазмунда түзүлгөн. Бул кыска маалыматтын жазылышы, структурасы атайын ойлонуп даярдалган. Бир гана сөздөн кеткен ката эмес.
Мындан мурун бир нече жолу "Асаба" партиясынын атынан туура эмес жана такталбаган маалымат тараткандыгына байланыштуу бул маалымат агенттигинин жетекчилиги ооз эки эскертилген. Тилеке каршы колуңардан эч нерсе келбейт дешкендей, ошол адатын дагы кайталашууда.
11-майда, майрамдардан кийин, биз аталган агенттиктин жетекчиси А.Оторбаевага барып ордунан таба албадык. Экинчи жолу да, макулдашылгандай 14-майда бардык. Бирок, кездешип түшүндүрүү берип, эл аралык жаңжалды ырбатпаган туура чечимге келүү аталган агенттиктин жетекчилеринин планында жок окшойт. А.Оторбаева өз кызматкерлерин колдонуп, каршылашкан абалды түзүп, мурдатан даярдалып коюлган видеокамераларга биздин ар бир аракетибизди тарттырып алууну көздөштү.
Өз күнөөсүн жаап-жашыруу үчүн А.Оторбаева өзү тарабынан түрткү болуп даярдалган чыр-чатакка коомчулуктун көңүлүн бөлүп жатат. Улуттук "Асаба" партиясын жаманатты кылышууда. Улутчулдук маанайды бандиттик жүрүшкө теңешип, ар кимге (өзгөчө укук коргоочу уюмдарга) датын айтуу менен алек. Алардын мындай аракеттеринин натыйжасында "кыргыз улутчулдары башка улуттардын өкүлдөрүн сабап жатышат", - деген жалган ушактар Жогорку Кеңештин депутаттарынын да оозунан угулуп жатат.
Болгону бир гана маалымат тараткан уюмдун кылган иши азыркы учурда ушинтип улут аралык мамилелерди курчутуп, эл арасында кабатыр маанайды жаратууда.
Мындай маалымат терроруна каршы тураар күч Кыргызстанда барбы?
Салмоорбек Дыйканов,
Улуттук кайра жаралуу
"Асаба" партиясынын төрагасы
Айгай
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2832
Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны изилдеген Эл аралык бейтарап комиссиянын (IIC) отчетуна карата жообу
Жакында Эл аралык бейтарап комиссия (The Independent International Commission - IIC) 2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдын чыгыш себептерин изилдеп, өз жыйынтыгын чыгарды.
Чынында былтыркы кандуу коогалаңдан эң көп жабыр тарткан Ош шаарынын көп улуттуу калкы Эл аралык комиссиядан окуянын себептерин дыккат иликтеп, мындан ары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган бейтарап билдирүүнү күткөн эле. Тилекке каршы, отчет үстүртөн даярдалып, улуттар аралык конфликтинин ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилген эмес.
Отчеттун авторлору Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүнүн этникалык жана конфессиялык өзгөчөлүктөрүн, анда жашаган көп улуттуу калктар ортосундагы мамиленин тарыхын жана учурдагы өнүгүшүн жеткиликтүү билбестиги көрүнүп турат. Маселен, отчеттун «Саясый контекст» аттуу бөлүмүнүн 79-пунктунда «Түштүк Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн абалтан өзбектер түзүп келген» деп жазылып турат. Мындай калпыс факт Эл аралык комиссиянын ишине карата башка улуттардын ишенимин кетирип, кыжырын келтирет. Муну мен Комиссиянын эч качан чындыкка дал келбеген, улуттар аралык мамиленин курчушуна багытталган жеке бүтүмү деп түшүнөм.
Комиссия кандуу коогалаңдын чыгышынын бирден бир себеби катары Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагылардын жогорку бийлик эшелонунда, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук, армия жана билим берүү системасында аз болгондугу менен байланыштырат. Ошондой эле, отчеттун авторлору өзбектер тууралуу маалыматтар Кыргызстандын тарыхый жана маданий булактарында аз камтылган, Оштогу музейлерде өзбектердин турмушу чагылдырылбаган деп жыйынтык чыгарат. Комиссиянын пикири боюнча, 2004-жылы «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алынган соң өзбек тили олуттуу кысымга учурап, бул өзбектердин нааразылыгын жараткан. Отчетто кыргыз жана өзбек мектептеринин саны тизмектеп саналып, өзбек мектептеринде кыргыз тил боюнча сааттын көбөйүшү, «Кыргыз Республикасы» деген расмий аталыштын «Республика Кыргызстан» деп аталбашы, «өзбек диаспорасы» деген сөздүн колдонулушу улуттар аралык жаңжалга өбөлгө түздү деп жыйынтык чыгарылган. Жаңжалга тийешеси бар тараптын таламын талашкан мындай бүтүм келечекте улуттар аралык араздашуунун чырагына май тамызышы толук мүмкүн. Эгерде Эл аралык комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өз алдынча этникалык саясат жүргүзүшүн каалашса, анда мага эч качан «улутчул» деген жарлык такмак эмес.
Отчетто мени улутчул катары көрсөтүү менен Эл аралык комиссия көчөдөгү ушактарды да кошо камтый кетиптир. Мисалы, Отчеттун 391-пунктунда «Июнь окуялары мезгилинде мэр айылдык кыргыздарды мобилизациялап, аларга курал таратты деген ар кандай ушак кептер IICнин (Комиссиянын) көңүлүн бурду, бирок IICнин колунда буга далил жок» деп жазылган. Мындай көчө деңгээлиндеги ушактарды отчетко кошуп жазуу, мен тууралуу далилсиз куру сөздөрдү таратуу Эл аралык комиссига эч качан аброй алып келбейт.
Ошондой эле, отчеттун 392- пунктунда «Азырынча IICде (Комиссияда) мэрдин кыргыз бандиттери менен биргеликтеги иш-аракети тууралуу жетиштүү далили жок, бирок анын улутчул риторикасы (маанайдагы сөздөрү) улуттар аралык чыңалуунун азайышына алып келбейт» деп айтылган.
Бул жерде Эл аралык комиссиянын урматтуу мүчөлөрү этикалык норманы такыр эле унутуп калганы көрүнүп турат. Менин шаар башчылык ишмердүүлүгүмдү эч кандай далили жок бандиттер менен байланыштыруу жалгыз гана менин талапкерлеримдин эмес, Ошто жашаган көп улуттуу элдин кыжырын келтирүүдө. Комиссиянын «кыргыз бандиттери» деген сөзү эки улутту кайрадан бири-бирине каршы койгонго барабар. Анткени бандиттердин улуту болбойт! Улуту ким экенине карабай Ош окуясында колу канга боелгон бандиттер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш! Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү колдонуу менен отчетто кайсы тараптын кызыкчылыгын жогору коюп жатканын ачыкка чыгарып койду. Бир улутту бандиттер деп кемсинтүү өтө орой, кечиримсиз ката. Мен мэр катары мыйзам бузгандарды улутуна карап бөлгөнгө жол берген эмесмин жана эч качан жол бербеймин.
Ал эми отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн Р.23-пунктунда «Мамлекет Оштогу кылмыштарды иликтөөдө кылмышкерлердин улутуна (этникалык өзгөчөлүктөрүнө) карабай дыккат, бейтарап жана калыс териштирип, эл аралык стандарттарга туура келген акыйкат сот жүргүзүшү керек» деп жазылган. Бул жерде Комиссия өзү айткан бүтүмгө өзү каршы келүүдө. Анткени отчеттун мага арналган бөлүмүндө Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү кеңири колдонуп, ал эми «Сунуштарда» мамлекеттик органдар кылмышкерлерди улутуна карап бөлбөө керектигин билдирген. Отчет менен таанышкан окурмандар Комиссиянын эки жүздүү мындай иш аракетине өз пикирлерин билдирет деп ишенем.
Эл аралык комиссия отчеттогу мага арналган бөлүмдүн 389-пунктунда «Улутчул саясатчы катары Мырзакматов өз элин сүйөрүн, анын татыктуу жашоосу үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого даяр экендигин ачык айтты» деп жазган. Мунун эмнеси аларга жакпайт, мен түшүнбөйм. Ооба, комиссия мүчөлөрү менен жолукканда мен бул тууралуу ачык айткам. Андан танбайм. Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок менин өз элимди сүйүүм башка улуттарды душман саноо дегендикке жатпайт. Ошто жашаган бардык улуттар мен үчүн тегиз бирдей! Мен шаардагы ар бир тургундун, улутуна карабай баарынын укугун бирдей коргоого даярмын.
Отчеттун 389-пунктунда ошондой эле «Июнь окуясынан кийинки интервьюсунда мэр өзбектер Кыргыз Республикасынын эгемендигине коркунуч келтирди, бирок биз аларга татыктуу жооп бердик деген. IIC менен жолугушууда ал өзбек сепаратизми келтирген коркунуч тууралуу айтып, бирок ага далил келтирген эмес» деп жазылган. Мен ал позициямдан азыр да танбайм: Оштогу кандуу кагылыштын чыгышына Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын лидерлеринин сепаратисттик чакырыктары негизги себеп болду.
Мамлекетибиздин утурумдук кыйынчылыгынан пайдалангысы келген Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева сыяктуу өзбек диаспорасынын лидерлери Ошто, Жалал-Абадда чоң чоң жыйындарды уюштуруп, өз улутташтарын активдүү болууга козутуп жатышты. Алар өзбек тили, маданияты, бийликке өзбектерди тартуу боюнча маселелерди гана коюшпастан, тар чөйрөдө көп жылдардан бери калыптанып калган улуттар аралык мамилеге доо кетирген кыймыл-аракеттери тууралуу элде жетиштүү маалымат бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аталган улутчул лидерлер Жалал-Абадда өз улутташтарын козутуп кан төгүлүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, 47 адам жарадар болуп, 4 адам, анын ичинде өспүрүм наристе көз жумган. Албетте, алардын бул иш-аракеттери Ош шаарындагы кандуу коогалаңдын башталышына түздөн-түз түрткү болгон. Кадыржан Батыровдун: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деген сөзү баарыбыздын эсибизде. 20 жыл илгери, 1990-жылкы тополоңдун алдында Оштогу өзбектер өз автономиясын куруу тууралуу СССР Жогорку Советине койгон талаптарын Комиссия кантип эле «унутуп» калсын. Убактылуу Өкмөттөгү айрым «кожоюндарына» таянып, сепаратизмдин желегин көтөргөн өзбек диаспорасынын лидерлери ордолуу Ош жергесине от коюп жиберишкени бүгүн ашкере болуп отурат. Комиссиянын отчетунда Кадыржан Батыровдун мындай сепаратисттик чакырыктары, тилекке каршы, «унутулуп» калыптыр.
2010-жылдын апрель-май айларында Ош шаардык мэриясы улуттар аралык араздашууну болтурбоо тууралуу конкреттүү пландарды иштеп чыккан. Өткөн жылдын апрель-май айларында биз өзбектер жашаган аймактарда ири жыйындарды өткөрүп, элди улут ынтымагын ыдыраткан сепаратисттерди ээрчибөөгө үндөп жүрдүк. Кооптуу абалды алдын алуу тууралуу Убактылуу Өкмөт башчысы Р.Отунбаевага кат менен кайрылып, чукул чара көрүүсүн суранганбыз. Бирок, Убактылуу Өкмөт өзбек диаспорасынын сепаратист жетекчилерине таянып, жалпы түштүктөгү кыргыздардын кыжырдануусунун пайда болуусуна өбөлгө түздү. Натыйжада Бишкектеги «убактылуу» жетекчилер Ош шаардык мэриясынын сунуштарына ишенбөөчүлүк мамиле жасап, биздин улут аралык араздашууну алдын алуу тууралуу сунуштарыбыз жоопсуз калды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын кеңири отчету даярдалган. Аны менен биз кийинчерээк жалпы окурмандарды тааныштырабыз деген оюбуз бар.
Акыйкат үчүн айта кеткен оң, Эл аралык комиссия отчеттун 103, 104-пункттарында «Убактылуу Өкмөт өзбек лидерлерине жардамга кайрылды; Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыровго дем берип, аны менен бир канча өкмөт мүчөсү өтө жакын мамиледе болуп, аны талаптар менен чыгууга үндөп жатты» деп жаңжалдын чыгыш себептерине чыныгы баасын берген.
Белгилеп кетүүчү нерсе, ошол коогалаң күндөрү Ош шаарынын аймагында жайгашкан көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар кол салууга учурап, өрттөнүп, таланып-тонолуп кеткендиги жөнүндө Эл аралык комиссиянын отчетунда бир дагы сөз камтылган эмес жана алар тараптан эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Атап кетсек, Р.Абдыкадыров атындагы Улуттук филармония, шаардык МАИнин кеңсеси, МАИнин курулуш монтаждоо эксплуатациялык башкармалыгы, транспорттук инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы, муниципалдык суу чарба башкармалыгы, шаардык муниципалдык транспорттук автобаза, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттиги, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалык, Ош райондук электр тармактар ишканасы (ОшРЭС), электр энергиясын сатуу ишканасы, жолдор башкармалыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты, «Атайын автобаза» муниципалдык мекемеси, жарыктандыруу мекемеси, шаардык газчарба башкармалыгы, Жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишкана жана башка ушул сыяктуу калкты тейлөөчү коммуналдык кызматтардын кеңселери жабыркап, жалпысынан 16073094,0 миң сомдук чыгымга дуушар болгон.
Ошондой эле, өзбек кварталдарында «КАМАЗ» маркасындагы жүк ташуучу автоунаалар ок өткөрбөөчү темир менен капталып, кайрадан өзгөртүлүп, атайын ок атуу үчүн даярдалган айнекчелер жасалгандыгы, алардын согушка даярдангандыктарынын ачык белгиси экендиги жалпы журтка маалым болду. Албетте, мындай даярдыктар көп убакытты талап кылаары айтпаса да түшүнүктүү. Тилекке каршы, Эл аралык комиссиянын отчетунда конфликтке алып келген даярдыктардын алдын ала болгондугу жөнүндө эч кандай тыянак чыгарылган эмес.
Мени өкүнткөн бир жагдай: отчетто Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун улуттар аралык жаңжалдын турукташуусуна кошкон зор салымы айтылбай калган. И.Каримовдун биздин ички ишибизге кийлигишпеген акылман саясаты, эки мамлекет ортосундагы чек аранын бекем жабылышы жана качкындарга гумманитардык көмөк көрсөтүшү Ошту жана жалпы Борбордук Азияны чоң апааттан сактап калды. Көп улуттуу ордолуу Оштун калкы анын Кыргызстанга карата жасаган боордоштук мамилесин ар дайым жогору баалайт.
Жалпыбызды өкүнткөн дагы бир нерсе, Эл аралык комиссия отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн 402, 403, 404, 408, 409-пункттарында Кыргыз Республикасын «Республика Кыргызстан» деп атоону, өзбек тилине муниципалдык жана аймактык деңгээлде атайын статус берүүнү, мамлекеттик радио-телеберүүлөрдөн өзбекче берүүлөрдү уюштурууну, өзбек тилиндеги университет, мектептерди ачууну, коопсуздук күчтөрүнө өзбектерди тартууну Өкмөткө сунуштаптыр. Учурунда өзбек диаспорасынын лидерлери койгон бул талаптар, тилекке каршы, бара-бара улуттук сепаратизмди күчөтүп жибергени белгилүү. Дал ушул талаптар 1990-жылы жана былтыр июнда Оштогу каргашага себеп болгон. Бир диаспоранын таламын талашкан бул талаптардын Эл аралык комиссия тарабынан күн тартибине кайрадан коюлушу улуттар аралык ынтымакты эч качан бекемдебейт. Тескерисинче, ыдыратат. Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгармайынча ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз.
Мен мурда бир канча ирет белгилегендей, Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү экени дал ушул жаңжалда ачык билинди. Бул кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тиешеси жок. Акылман калкыбыз колу канга боёлгон сепаратисттерге өзүнүн татыктуу баасын берди, аларды саясый аренадан гана эмес, өлкөбүздөн да кууп чыгарды. Өз элинен, өз жеринен качып, бозгунда безип жүргөн ошол сепаратисттер, алардын парда артындагы демөөрчүлөрү сөзсүз түрдө мыйзам алдында жазаланышы керек. Алардын жасаган кылмышын ордолуу Оштун эли эч качан кечирбейт!
Кыргызстанда улуттар аралык кандуу коогалаңды экинчи болтурбоо үчүн мен Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгууну сунуштайм. Концепция үч негизги суроого жооп бериши керек.
Биринчи суроо – улуттук биримдик деп биз эмнени түшүнөбүз? Бул Кыргызстанда жашаган ар кайсы этникалык жана диний топтордун бирдиктүү коомчулугу. Мисалы, Америкада жүздөгөн этностор жашайт, бирок аларды биз улуту боюнча америкалыктар деп билебиз. Биз да ушул жол менен өнүгүшүбүз керек. Кыргызстанда жашаган бардык этностор өздөрүн Кыргызстандын бирдиктүү элибиз деп түшүнүшү зарыл. Бул турмуш мыйзамы.
Экинчи маанилүү суроо – эмне үчүн биз улуттук биримдикти бекемдешибиз керек? Буга баарыбыз бирдей жооп беребиз – мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо башкы милдет! Коопсуздук сакталганда гана өлкө алдыга жылат. Өлкө өнүккөндө гана жарандардын турмушу жакшырат.
Үчүнчү суроо – улуттук биримдиктин негизи эмнеде? Кыргызстан калкынын биримдиги бардык этностордун жалпы тарыхында, алар туу туткан баалуулуктарда жана бирдиктүү келечекте.
Биз кандуу окуядан туура жыйынтык чыгарып, этникалык саясатты акыйкат жүргүзгөндө гана жергебизде тынчтык болот. Ошол себептен азыр Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди. Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Ошол эле кезде биздин өлкөдө жашаган башка улуттар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын биринчи планга коюп, ажайып Ала-Тоону өз мекеним деп түшүнгөндө жана түпкү улуттун тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт. Келгиле, баарыбыз «өткөн ишке салабат» деп, коңшу коңшуга, аркы көчөдө жашагандар берки көчөдөгүлөргө кек сактабай, мамлекеттин бүтүндүгү жана улуттардын биримдиги үчүн күч үрөйлү!
Кабар
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2146
«Фабула» гезитинин 3-майда чыккан санында Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов коалиция, өлкөнүн башкаруу системасы тууралуу маек курду.
- Кыргыз эли үй-бүлөлүк жана кландык жол менен башкарууга каршы чыгышып, өлкөдө эки ирет төңкөрүш болуп өттү. Ушул төңкөрүштүн жыйынтыктары канааттандырарлык деп эсептейсизби?
- Эң алгач революция менен көңтөрүш (бийликти алмаштыруу) маанисин чечип алсак. Революция бул бүтүндөй коомдук түзүлүштү төңкөрүп салуу менен өзгөчөлөнгөн жаңы коомдук түзүлүшкө өтүү. Ушундан улам, элибиз муну төңкөрүш деп, тээ өткөн кылымдын 1917-жылы атап алышкан. Демек, төңкөрүш бүтүндөй терс көрүнүштөрдү астын-үстүн кылуу деп түшүнсөк болот.
Көңтөрүштү төңкөрүштүн синоними катары караганга макул эмесмин. Көңтөрүш бул бийликтегилерди гана алмаштыруу же маанилик жактан жөн эле бунт деп түшүнөм. Ошол себептен, 1917-жылдагы Орусиядагы 1991-жылдагы кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө ээ болушу революция (төңкөрүш), 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдин бийликти кулатышы революциялык (төңкөрүштүк) мазмунга ээ болгону менен, аягында элдин ишеними орундалбай калып, алар жөн эле көңтөрүш (бийликти гана алмаштыруу) мазмунуна ээ болуп калды.
Дагы белгилеп өтөйүн, сиз да, биз да социалисттик системада жашап, анын идеологиясында тарбияланганыбызды танбайлы. Биз чанган марксизм-ленинизм идеологиясы революция бул массалык кыймылдын нааразылыгы менен бүтүндөй коомдук түзүлүштү өзгөртүү деп аныктайт. Бизде болсо реформалар же болбосо бийлик тарабынан айрым өзгөртүүлөр гана киргизилип жатат. Демек, биздеги элдин эки жолку бийликти кулатышын революция же төңкөрүш деп айтуу кыйын.
- Эл ишке ашырган революциянын багытын жана маңызын сактап калууга революцияны толук ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүк бар беле?
- Ооба, бизде революциянын жеңишин толук ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ушул максатта мен люстрация маселесин киргизгем. Эгерде ошол учурда люстрация мыйзамын Убактылуу өкмөт колдоого алганда коррупцияга белинен баткандарга, бардыгын мансапка жана бийликке алмаштыргандарга, принциптери жок, идеялык багыты жок эпчилдерге бийликтин бутактарына кайрылып келишине бөгөт коюлмак. өлкөдө элди алдаган реформалар эмес, революциялык орун которуштуруулар ишке ашырылып, бардыгыбыз тазалануу жолуна өтмөкпүз. Албетте, эски бийликтердин өкүлдөрү тарабынан күчтүү каршылык жаралмак, бирок биз мыйзам жолу менен алардын жолун бөгөп, элдин ишенимине гана ээ болгон инсандарды бийликке алып келмекпиз. Тилекке каршы, люстрация (тазалануу) мыйзамы колдоого алынган жок да, мурдагы бийликтегилердин тиреги болгон негизги күчтөр кайрадан жооптуу постторго жайланышып алышты.
- Өткөн кылымдын 60-жылдарында АКШда катуу шамал болсо да, «СССРдин тийгизген таасири» деген маалыматтар берилип келгенин ошол учурда АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгын (ЦРУ) жетектеп калган Даллес буга каршы чыгып, куру дүрбөлөңдөн куткарган экен. Бизди азыр ошол сыяктуу бир окуя болсо эле, «акаевчилер», «бакиевчилер», болбосо үчүнчү күчтөрдүн аракетинин натыйжасы деп кыйкырып чыккандар күчөдү. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Мен мындай бөлүнүүлөргө макул эмесмин. Бизде эки жол бар болчу. Биринчиси, люстрация мыйзамын кабыл алып, Акаевди, Бакиевди жана сиз белгилеген үчүнчү күчтөрдү колдогондорду жана пайдалангандарды ооздуктоо керек эле. Бул эл тарабынан төңкөрүштүн (революциянын) талабы катары кабыл алынып, алар бийлик бутактарында басымдуу күчкө ээ болушуна жолдор буулмак. Бирок бул Убактылуу өкмөт тарабынан колдоого алынган жок.
Экинчиси, эми буларга акаевчил, бакиевчил деп айып коюуга мыйзамдык да, моралдык да укугубуз жок. Алар парламенттик шайлоого катышууга укук гана албастан, шайлоодо жеңүүчүлөрдүн бири болуп калды. Биз укуктук мамлекет болууга умтулуудабыз. Демек, шайлоодо утсак, экинчи тараптын, ачык айтканда, каршылык тараптын пикири менен эсептешүүбүз керек. Эми сен тигинин же мунун адамдары деп күнөө коё аласыңбы? Менимче, шайлоого катышканга мүмкүнчүлүк бердикпи, жеңип чыккан тараптарга эми сыйыртмак ыргытууга мүмкүн эмес.
Бизде бир гана максат – жалпы кыргыз элинин жашоо-шартын жакшыртууга багытталууга тийиш. Мамлекеттик чиновниктердин тиги же бу бийликте кызмат кылганына эмес, коррупцияга аралашпагандыгына, өз милдетин канчалык деңгээлде абийирдүүлүк менен аткаргандыгына жараша бааласак болмок. Эгерде ичип-жегени бар болсо, алардан тазаланышыбыз керек. Кудайга шүгүр, аларды алмаштырар кадрларыбыз жетиштүү. Бир гана маселе – кимиси камчыны ким үчүн чапты?
- Демек, сиз азыркы коалициянын түзүлүшүнө каршы эмес турбайсызбы?
- Шайлоо кандай өткөнүнө бааны биз эмес, тарых өзү талдай турган учур келет. Биз мыйзамдуулукту талап кылган соң, алардын кайсы жол менен өткөнүнө эмес, өлкөдө демократиялык алгачкы кадамы катары карасак, туура болмок. Коалиция партиялардын өз ара тирешүүсү алдында түзүлдү. Эми муну жалпыбыз таанууга туура келет. Эң негизгиси коалиция курамы такталып, өлкөдө стабилдүүлүк орноду. Мен буга каршылык көргөзбөйм. Мыйзамга ылайык, колдоого алам.
- Өкмөт курамынын түзүлүшүндө да пикир келишпестиктер бар. Айрыкча сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын багытында ачык көрүнүүдө. Ага сиз эмне дейсиз?
- Белгилей кетейин, Кыргызстан алгачкы ирет парламенттик башкарууга өттү. Бул жактан биздин бийлик бутактарында тажрыйба жок. Натыйжада бир канча кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр пайда болууда. Ал үчүн бир тарапка айып коюудан алысмын. Мындай кырдаалга өлкөбүз толук даярдыкта болбогондугу себепкер деп эсептейм.
Парламенттик башкарууга өтүү – чыныгы демократиялык бийликти орнотуунун алгачкы жерпайы болуп отурат. Кыргызстандагы төңкөрүштүн бийлик бутактарынын милдеттерин бөлүштүрүү партиялык-парламенттик башкаруунун орношу эле жалпы Азия өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизүүдө жана азыркы күндө революция ишке ашырылган мамлекеттерде бул система колдоого алынууда. Муну биздин өлкөнүн зор өзгөчөлүгү катары карасак болот. Партиялык-парламенттик башкаруу туура кабыл алынганын айгинелейт.
Коалициялык өкмөттөр бүтүндөй өнүккөн өлкөлөрдө түзүлүп келген, түзүлүп келет, түзүлө берет. Азырынча мындан да туура жол табыла элек. Ошол себептен коалицияга кирген партиялардын макулдашуусу менен өкмөттүн курамынын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм жана аны колдойм. Бул мамлекетибизде стабилдүүлүктүн орношуна салымын кошуп отурат.
Ошентсе да, коалициялык өкмөттүн иш-аракеттери талапка жооп бербей жатат. Кыргызда: «Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат» деген акылман сөзү бар. Менин сын пикиримди мурдагы өнөктөштөрүм туура кабыл алабы, же «душман» катары санайбы, алардын өз эрки, бирок өзүмдүн чын пикиримди ачык айтып коюну туура таптым.
Премьер-министр А.Атамбаев башында турган коалициялык өкмөттүн азыркы экономикалык саясатында көптөгөн кемчиликтер бар экенин айткым келет. Ушул мезгилге чейин коалициялык өкмөт өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү программасын Жогорку Кеңешме сунуштай элек. Ошону менен катар бул багытта мыйзам чегинде бекитүүгө өз сунуштарын киргизбегендиги терс пикирлерге алып келип жаткандыгын белгилей кетейин.
Жогорку Кеңештен премьер-министрге президенттин деңгээлинде укук берилген. Айрыкча, кадрлар меселесин А.Атамбаевде чечүү укугу бар. Ал чечкиндүүлүк түрдө эл ишенимин актабаган айрым кадрларды алмаштыруу маселесин жеке чечүүсү керек. Кадрларды тандоодогу жоопкерчилик ага жүктөлгөн. Бул демократиянын бир талабы болуп саналат. Эр-жигитке, айрыкча өкмөт башчысына жалтактык жарашпайт, эгерде премьер-министрдин бүтүндөй жоопкерчиликти моюнга алып, аны реалдуу мүнөздө чечсе, депутаттардын жана жалпы элибиздин колдоосуна ээ болушуна шек жок.
Мындан тышкары өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн башкы Программасын Жогорку Кеңешке али койбой келгени өкүнүчтүү. Бул анын негизги милдети. Эгерде бул багытта кеңири Программасы талкууга алынса, жалпы кыргыз элинин реалдуу колдоосуна ээ болушуна шарт түзүлмөк. Бул сыныбызды премьер-министр А.Атамбаев туура түшүнсө, бул өзүнө жалпы элдин кадыр-барктоосуна алып келүүчү ишенимдүү жол болуп калат.
- Азыркы күндө коалицияны таркатуу маселеси курч мүнөзгө ээ болууда. Анын зарылдыгы канча жана мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө келтирер зыяны жокпу?
- Менимче, эл аралык мамилелер жаңыдан жолго коюлуп жатканда коалицияны таркатуунун кажети жок. Ансыз да ыркы кеткен өлкө катары таанылган учурда коалиция таркатылса, көптөгөн мамлекеттерге ишенимди жоготобуз. Бул чет өлкөлөрдөн инвестиция жана грант түрүндөгү каражаттарды тартып келүүгө бөгөт болот да, өлкөдө кымбатчылык өз өкүмүн жүргүзөт. Коррупция жана кылмыш иштери күчөйт. Натыйжада, калктын жашоо деңгээли дагы кескин төмөндөп, кайрадан калктын көтөрүлүп чыгышына алып келет. Биз буга жол бербешибиз керек.
- Коалицияны таркатуу күн тартибиндеги маселеге айланганы баарыбызга белгилүү. Айрыкча, сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын аракети бул пикирге келүүгө аргасыз кылып отурат.
- Эскерте кетейин, биздин максат - өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, анын экономикасын жогорулатуу. Ал эми сын-пикирлер кетирилген кемчиликтерди жоюуга негиз болууга тийиш. Албетте, партия ичинде ар кыл көз караштагы ойлор айтылат, бирок ал ар тараптан талдоого алынып, добушка салынат. Биз көпчүлүк добуштарды гана колдоого алабыз. Демек, «Ата Мекен» партиясы коалициясын таркатууга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагууга туура келет. Ал эми партиянын айрым мүчөлөрүнүн кеп-сөзүн бүтүндөй партиянын пикири катары саноого болбойт. Ал эми өзүмдүн жеке пикиримде, коалиция сакталып, алар өлкөдө ишкерлерди ар тараптан колдоого алышы, айыл чарбасын көтөрүүгө жана өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүү жолдоруна, ишенимдүү жолду табууга күч-аракеттерин жумшоого тийиш. Бизде башкача арга жок.
Фабула
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2397
Эл аралык иликтөө комиссиясы (макалада мындан ары англис тилинен кыскартканда – IIC) 2010-жылдын июнь айындагы түштүктө орун алган кайгылуу окуялар боюнча өз изилдөөлөрүнүн корутундусун коомчулукка сунуш кылды. Кызыктын баары ушул 100дөн ашык барактан турган документте экен...