- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2465
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2246
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 5250
.jpg)
.jpg)
.jpg)
.jpg)
.jpg)
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2196
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2672
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2106
Ырынан чыры көп "Кумтөр" ишканасына байланышкан комиссиялар кайра-кайра түзүлүп, бирок андан маселе оң жагына чечилбей келет. ЖКнын кечээги жыйынында да жергиликтүү жашоочулардын нааразылыктарына байланыштуу түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия "Кумтөр" боюнча отчетун угузду. Башында депутат Эркингүл Иманкожоева турган комиссиянын иши эл өкүлдөрүн канааттандырган жок. Комиссиянын иши көп суроолорго жооп таппаптыр. Кайрадан 15-майга чейин ишин жүргүзүүчү, ар бир фракциядан 2ден депутат киргизилген жаны комиссия түзүлдү.
Жогорку Кеңештин ушул жыйынында айтылгандай, "Кумтөр Оперейтинг Компани" 1992-жылы түзүлгөн. Долбоор боюнча 276 млн. 600 миң долларга курулмак. Бирок иш жүзүндө компания 452 млн. 200 миң сарптадык деп, ортодо 175 млн. 200 миң доллар ашыкча чыгым болгон. Келишимге ылайык, Канада тарап өздөрү инвестиция алып келиши керек болсо, алар Кумтөрдүн алтынын, лицензиясын чет элдик банктарга күрөөгө коюп кредит алышкан. Кыргызстанга тиешелүү алтындын эсебинен 456 млн. долларды үстөгү менен берип кутулушкан. Алтынды өндүрүү 1997-жылы башталып, ошондон ушул күнгө карай 250 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн. Анын баасы болжол менен 10 млрд. долларды түзөт. Кыргызстанга берген үлүшү 1 млрд. 468 млн. доллар. Эмне үчүн дээрлик 90 % алтын Канадага өтүп кеткен деген суроо туулбай койбойт. Келишим 10 жылга түзүлүп, 2007-жылы "Кумтөр" толугу менен Кыргызстанга өтмөк экен. Бул убакытта 70 % үлүшкө кыргыз тарап ээлик кылса, калган 30 %ы канадалыктарга тиешелүү болгон. Бирок 2003-жылы Акаев менен Танаев жең ичинен келишим түзүп, ЖКнын ратификациясыз Канадага 68 %ын, Кыргызстанга 32 %ы гана тийип калган. Ошондон бери "Кумтөр" алтын кени кыргыз эмес, канадалыктар үчүн иштеп келатат.
"Кумтөрдүн" экологияга тийгизген таасири жөнүндө айтсак, астында алтынды каткан мөңгү, тоолор атайын заттар менен ачык эле жардырылып-бузулууда. Мындай жардыруулардан тараган зыяндуу чаңдар мөңгүлөрдүн эришин тездетип, натыйжада мөңгүлөрдүн жок болуу коркунучу пайда болууда. "Кумтөр" калдык сактагычынын көлөмү 36 млн. доллардан ашса, анын долбоордук көлөмү 100 млн. кубометрди түзөт. Салыштыра келсек, 45 кен сактагычынын көлөмү болгону 70 млн. кубометр. Мындан сырткары Балыкчы шаарындагы цианид, күйүүчү майларды сактоочу склад да чоң коркунучту жаратып келет. Анткени алар өрт жана техникалык коопсуздугу сакталбастан ачык асманда турат. Бул өз кезегинде жергиликтүү элге терс таасирлерин тийгизүүдө.
Депутат Садыр Жапаров баса белгилегендей, "Кумтөргө" байланыштуу көп маселени сөзсүз оң жагына чечүү зарыл. Алардын бири калдык сактоочу жайларды каржылоо. Сейсмикалык шарттарга жана мөңгүлөрдүн күтүүсүз эрип аткандыгына байланыштуу бүгүн калдык сактоочтор бузулбайт, суулар агызып кетпейт дегенге эч кандай кепилдик жок. Бул боюнча кайрылган кыргыз тарапка "Кумтөр" компаниясынын жетекчилиги терс жоопторду узатып келатышат. Эл аралык кен иштетүү тажрыйбасында айлана чөйрөгө, жергиликтүү элге болгон терс таасирлер ишкана тарабынан ашыгы менен компенсацияланат. Тилекке каршы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ар кандай шылтоолорду айтып, бул нерсени аткаруудан качууда. Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр Кыргызстандын тиешелүү министрлик, ведомстволордун тиешелүү деңгээлде иш жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасы деп эсептейт.
Ушул эле күнү өкмөттүн биринчи вице-премьери Аалы Карашев атайын жыйында "Кумтөр Оперейинг Компани" ишканасына 4 миң 280 га аянттагы жерди концессияга берди. Ошо менен бирге Геология жана минералдык ресурстар агенттигине Сары-Төр, Муздуу-Суу жерин жана Сарычат-Эрташ коругун концессияга берүүнүн максаттуулугун текшерүү тапшырмасын берди. Агенттик өз бүтүмүн 15 күндөн кийин билдириши керек. Ошентип, ЖКда депутаттар "Кумтөрдөн" тарткан зыяндарыбызды аныктап, кунубузду өндүрөбүз деп атышса, өкмөттө "Кумтөрдүн" пайдасына чечилген чечимдер дале уланууда.
Мирлан Дүйшөнбаев,
"Де-факто"
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3263
Ушундай жашоого ким алып келди деген ойго келет экенсиң. А балким биздин мыйзамды көзөмөл кылган кыргыз прокуратурасы болуп жүрбөсүн! Дал ошондой! Прокуратура милдеттүү кызматын аткарбай, коррупциянын апогейине жетип, Кыргызстанды локалдык чыр чатактардын детонаторуна айлантты. Бул кейпибиз менен граждандык согушка жакындап калдык көрүнөт.
Акыркы күндөрдөгү окуяларга көз салсак 2010-жылкы апрель ыңкылабы 98 адамдын өмүрүн алып кетти, 1500 миң жаранды майып кылды. Оштогу июнь когалаңы 469 адамды набыт кылганы айтылып келгени менен али дагы так саны айтыла элек. Канчасы набыт кеткенин, канчасы жарадар болгонун, канчасынын үйлөрү өрттөнүп, канчасынын мүлкү жоголгону белгисиз. Жарандык коомдун арасында нааразы болгондордун саны көбөйүп, алар пикет, митингге чыгышып, Баткендеги, Сокулуктагы улут аралык чыр чатактар жана түрмөдө жаткан кылмышкерлердин ачкачылык жарыялашып ооздорун тигүүсү-өлкө бетине сүйкөлгөн көө болду. Банктагы акчаны тоногонго жол берген, коррупциянын өнүгүшүнө жолду кенен ачып берген да так ушул прокуратура эмей ким?! Ооба, түздөн-түз прокуратура гана күнөөлүү. Ал эми мүнөт сайын айдоочулардан пара алган МАИ кызматкерлерине жол берген дагы ушу прокуратура. Yч жылдын ичинде 48 кылмышкерге издөө салынды, буга дагы жол берген прокуратура эмеспи.
Эмне үчүн прокуратура көзөмөлдүгүнөн алыстаган? Же баягы эле көр азабы акчага барып такалабы? Себеби, бардык мыйзамдын аткарылышына прокурор көзөмөл жүргүзөт. Мындайча айтканда мамлекет башчысынан баштап жөнөкөй жарандардын мыйзамдын чегинен чыкпай милдет аткаруусунун сакчысы. Прокуратура, тергөөнүн көзөмөлү жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөп турат. Ошондуктан тергөөчүлөр прокуратуранын айтканы менен болуп, керек болсо жата калып кошоматын кылып, ар бир тергөө процессинде прокурордун "отметкасын" (пара) берип турат. Ошондуктан тергөөчү күнөөлүүлөрдөн акча алып кылмышкердин күнөөсүн актап, жаза чарасынан кутултуп, нааразычылыкты пайда кылууда. Ошондой эле прокуратуранын паракорлугунан мамлекеттик админстрациясынан баштап фискалдык органдардын кызматкерлери мыйзамды тебелешип, бардык тармак коррупцияга айланып, мамлекеттин өнүгүү факторуна тоскоол болушуп, мамлекеттин казынасына кол салышып, анын айынан ушу күнгө чейин кедейчиликтин сазына батып турабыз. Ал эми прокуратураны ким гана башкарбады? "Оңойт!"-деген А. Бекназаров бир дагы жылыш кылбай акчанын артынан жүрүп, Жайсаңбаевди, Э.Пакты кутултуп, раматылык Р. Акматбаевди актап, Аксы окуясынын кылмыш ишин аягына жеткирбей "Капчыгын кампыйтты да, көчүккө Бакиевден жеп алып" кызматтан кетти, "Оңойт!"-деген К.Байболов прокуратурага башчы боло калды эле кудай уруп бул дагы "ууру" экени коомчулукка билинип калып, аялы менен пара ала коюп ал дагы Роза эжебизден "көчүккө жеп" кызматынан айрылды. "Жыгылган күрөшкө тойбойт"-болуп, кызматтан түшкөндөн кийин "патриот" болуп чыга калды эле арызы шоона эшпей калды. Мындайды-"после драки кулаками не машут" дечү беле?..
Аялдардан мыкты күйүмдүү мыйзамчы чыгат дедик эле, Ч. Баекова эжебиз Кыргызстандын башкы прокурору болду, башкы соту болду, констутциялык сот болуп кылгылыктын барын кылып Акаевди "кутуртуп" жиберди. Натыйжада Аксы эли канга боёлсо да Баекова кылмыш жообуна тартылган жок. Негизи эле аялдардан көрмөй болдук тозокту. Бүткүл дүйнөгө жар салып жөн эле шоу жасап: "Роза эжебиз тынчтык жол менен бийлигин өткөрүп берди"-дешет. Бирок, бийликке Роза эжебиз калам десе, ошол жанында жүргөн эргулдар тактыдан бир секундага калтырбай шыпырып түшүп, эжекебизди акыры-ын жетелеп чыгып коюшмак. Анын бийликке калууга бир дагы шарты жок болчу. Дагы жакшы түз эле түрмөгө камалган жок. Ал эми азыркы башкы прокурорубуз А. Салянова болсо прокуратуранын ишин алып барганга жөндөмсүз экендигин көргөзө алды. Элди таң калтырган бир дагы коррупциянын бетин ачкан жок. Прокуратура тармагына нааразы болгондордун саны көбөйгөндөн-көбөйүүдө. Күйүүчү майлар контробандалык жол менен тажиктерге кетип жатканы күнү бүгүн болуп жаткан кылмыш иш. Бир дагы кылмыш ишинин акырына чыгара алган жок. Бир дагы чоң коррупционер жазасын алган жок. Ошол эле баткендик карапайым калк күйүүчү май контробандалык жол менен тажиктерге күнүгө өтүп жатканына күбө болушууда.
Ал эми жакындагы камактагы нааразычылык дагы прокуратуранын ишинин түз таасирин берет. Камактагы наразычылыкка бирден бир күнөлүү спец. прокуратуранын милдеттүү иши. Прокуратура көзөмөл жүргүзүүнүн ордуна паранын айынан камактагылардын кулу болушуп, акчанын артынан камактагы "положенецтердин", уруулардын айтканынан чыга албай, алардын буйругун аткарып калышкан. Камактагылар менен спец.прокуратуранын адамдары акча табуу механизми жана инструментин ойлоп таап, аны акча жасоочу булак катары колдонуп алышкан. Ошондуктан криминалдар саясаттын курмандыгы болуп, саясый заказдарды аткарышып, кээ бир саясатчы түрмөгө камалып калса, кыйноого алып мойнуна акча салып айлаларын кетиришчү. Прокуратуранын макулдугу менен кылмыш чөйрөсүндөгү лидерлер зонага атуучу куралдарды алып кирген фактылар бар. Мисалы, "вор в законе" А. Батукаевдин жанынан пулемет жана кылычтар чыкканын жана ошондой эле эки "Жип" автомашинасы зонанын ичинде турганын көргөзгөн эмес беле. Демек, камактагылар түнкүсүн сыртка ээн-эркин кирип-чыгышып, "разборкасын" кылып, "отметкасын" алып турушчу. Мындай жат көрүнүштөрдөн, Бакиевдин убагында болгон фактылардан, азыр деле зона айдыңы оңолуп кеткен жок. Камак жайларында баш аламандык орун алгандыгы чындык. Мыйзам бузуулар аябай өнүккөн. Нарко заттар, алкоголдук ичимдиктер, түрмөгө кадимкидей эле кирип турат. Буларды тартип сакчы кызматкерлери өзүлөрү ташып киргизип кадыресе "бизнес" кылып алышкан. Мындайда прокурордун көзү "сокур" болуп калат.
Прокуратуранын эчак эле мамлекеттин мыйзамын так аткарып, эл аралык мыйзамга ылайык мыйзамдарды колдонуп, керек болсо, мамлекет башчысы дагы мыйзам бузса коомчулукка алып чыгып жоопко тартууга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Тилекке каршы бир дагы прокурор бетке таамай айтууга чамасы дагы келген жок. "Кылмышты жашырганы үчүн"- деген дагы берене бар. Демек, мурдагы прокурорлордун баарын камакка алып, кылмыш жообуна тартыш керек.
Ал эми азыркы КР башпрокурору А. Салянова деле мурдагы арык менен агып баратат. Эгер кадр алмаштырууда Аида кызыбыз дагы тууганчылдык, жердешчилдик, дос-жоро "оорусунан" алыс болуп, прокуратура системасын таза жолго салса, коррупциянын анабашчыларын жоопкерчиликке тартса - эл колдоосуна ээ болмок. Кызыгы, оозеки эле бир далай прокуратуранын кызматкерлерин бошотуп жиберсе, көбү сотко берип кайра ордунда иштөөгө чечимди колго алышкан. Мындай "беспределге" ким колдоо берип жатканы табышмактуу? Мыйзамды тебелеген ишти уланта беришсе, анда, прокуратура жана соттор мурункудай эле төңкөрүштүн дүрмөтү болуп беришет. "Жаз алды менен эл кайра көтөрүлөт"-деген шыбыш бар. Кашайып, дагы бир революциянын күбөсү болуп калсак - албетте, таң калыштуу деле эмес.
Качкынбек
БУЛАТОВ,
укук коргоочу
P.S.: Жакында коопсуздук кызматынын катчысы Бусурманкул Табалдиев жылына 30 миллиард сом уурдалат деп тастыктады. Ушул маалыматка улай: "Прокуратуранын "көмүскө капчыгы" канча өлчөмгө барарын бажы, чек арачылар, салык инспекциясы, эсептөө палатасы, билим берүү, электр, газ, темир жол, кен өндүрүү, экология, автомобиль, жолдор тармактары ж.б. болжоп баксак болот. Деги прокуратуранын көзөмөл жүргүзгөн тармагы көп. Чындап келгенде алкымдарын тыйышса Кыргызстанды прокуратура эле гүлдөтүп иймек" деп, жаноту менен күйүп-бышкан укук коргоочу Качкынбек агабыздын үнү кандай чыкса ошондой жарыяладык.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 9006
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2630
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3172
Казанчынын өз эркиби? Же“Ысык-Көл Аврора” мамлекеттик пансионатын өз менчигиндей колдонгон Ногойбаев
_200x140.jpg)
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 4507
Элдин жалпы руханий жана билим деңгээлин төмөндөтпөй кармап туруш үчүн улуттук китепке, китепканаларга өзгөчө мамиле, камкордук зарыл. Китеп фондуларын жаңыртууга, басма сөзгө жазылууга китепканалардын экономикалык шарттары жок.Ведомостволордо 3000, мамлекеттик структурада 1032 китепкана бар болгон. Жыйырма жылда төрт жүз жыйырмадан ашык китепкана кыскарды. Бул адабият, маданият үчүн чоң жоготуу. Отуз китепкана авариялык абалда.Үч жүз элүү китепкана капиталдык ремонтко муктаж. Кышында китепканалардын 80% жылытылбагандыгына байланыштуу китепканалар күндө иштебейт. Айлыктын аздыгынан 20 жыл ичинде квалификациялуу адистердин дээрлик көбү иштерин таштап кетип калышкан. XX кылымдын 50-60 - жылдары салынган айылдык китепканалардын 70% клубдун бир – эки комнатасында, маданият үйүнүн бир бурчунда же окуу жайларда, мектептерде жайгашкан. 43 китепкана гана атайын курулган имараттарга жайгашкан.
Элеттеги китепканаларда чейрек кылым жаңы китептер болбогону кризистин башкы себеби. Кыргыз китебине мамилени өзгөртпөй туруп мамлекеттик тилди да жолго коюуга эч мүмкүн эмес. Анткени, китепканалар интеллектуалдык эмгектин, тилдин, өнүгүүнүн, маданияттын борборуна айланыш керек. Эмнеге арак менен тамеки саткан жерде китеп сатканга жер жок?
Авторлор гонорар албайт, китебин чыгарса же сатып өткөрө албайт, китеп таркатуу системасы толук кыйраган. Китеп дүкөндөрү баары менчиктештирилип кеткен. Кыргызстан эч нерсе өндүрүп чыгарбаган алып- сатарлардын, базардын өлкөсү го. Анда эмнеге Кыргызстанда кыргыздын китебин сата турган китеп дүкөн жок? Китеп жазган авторлорго мамлекеттик гранттарды бөлдүрүү мыйзамдык негизде ишке ашууга тийиш.
Китеп чыгаруу, таркатуу ишин мамлекет колго алып, китеп дүкөндөрүн ачканга орчундуу жерлерден бекер жер бөлүп бериши керек. Кээде мамлекет чыгармачыл интеллегенцияга атайын каршы иштеп жаткандай туюм калтырат. Мисалы, 2009-жылы Китеп палатасынан “Улуттук” деген статус себепсиз алынып салынды. Муну кайра токтоосуз калыбына келтирүү зарыл. Китеп палатасын жоюп, анын имаратын менчиктештирип алам деген мурунку бийликтин арам оюу революциянын шарапаты менен таш капкан. Ага көзү кызаргандар азыр дагы жок эместиги жалпы элдик нааразычылыкты туудуруда. 1997-жылы кабыл алынган “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” мыйзамдын негизинде китепканаларга бөлүштүрүү үчүн акысыз он нуска гезит, жыйырма нуска китеп таратыла турган болсо, Жогорку Кеңеш эч ким менен кеңешпей туруп, 2011-жылы 23-октябрда “Басма иши боюнча” жаңы мыйзам кабыл алды, анын негизинде бардыгынан үч нускадан эле берилсин деп жеке менчиктин кызыкчылыгын коргоду. Улуттук китепканалардын фондун таш жалак калтырды. Китепканалардын бүгүнкү оор ахывалын эске алганда, бул шашылыш жашырып-жаап кабыл алган жаӊы мыйзам мамлекетке чыккынчылык кылганга тете иш. Бул кайра оӊдолууга тийиш.Жалпы адамзаттык асылдыктарды, баалуулуктарды жараткан улуттук адабиятка мындай өгөй, басынткан мамиленин түбү эмнеде?
Балдар адабиятын, сейрек кездешчү адабияттарды кайра басып чыгаруу жокко эсе. Китеп чыгаруу ишинин коммерцияланышы улуттук адабияттын таңсактыгын жаратты. Тез пайда бербеген кыргызча балдар адабияты, көркөм чыгармалар, окуу, илимий, илимий-популярдуу, техникалык адабияттар аренадан сүрүлүп калууда. Кыргызстандын китеп рыногун тыштан келген басылмалар ээлеп, китеп базарында товарлардын толук экенин көрсөткөн жалган көрүнүштөр пайда болду. Улуттук уңгуга, баалуулуктарга келгенде жарды эл китепти күргүштөтүп албайт деп пайда эле көздөп, улуттук китептерди чыгарбай таштасак, эртең кыргыздын тагдыры, таалайы кандай болоор экен?
Дайым иштей турган кыргыз жазуучуларынын китептеринин көргөзмө-жарманкесин өткөрө турган галереясы бар Китеп борборун түзүү зарыл. Мамлекет китепканалар үчүн жазуучунун китебин сатып алуу механизмин түзүүсү керек. Мамлекет театрга, опера-балетке, киного тартыш үчүн жазуучуларга кызыктуу драма, пьеса, кинодраматургияга мамлекеттик заказ берүүсү кажет. Эне тилди өнүктүрүү максатында кыргыз адабиятынын классиктерин, тирүү жазуучулардын чыгармаларын чыгарып, эл аны үзгүлтүксүз окушу керек.
Жеке басмаканаларда китеп жасалгалоо, сабаттуу дизайн менен китеп чыгаруу иши начар өнүккөн. Китеп чыгаруу ишинде профессионалдардын көбү карыды, пенсияга чыгып кетишти, бир тобу жан багыш үчүн базарга кетишти. Даяр жаш кадрлар жок. Кыргыз китебин сапаттуу чыгарыш үчүн журналистика жана филология факультеттеринде басма кызматкерлерин, адабий, техникалык редакторлорду даярдоо үчүн атайын бөлүмдөрдү ачып, китеп чыгаруу ишин дүйнөлүк деңгээлге алып чыгыш керек.
Кален Сыдыкова,
жазуучу,
КР маданиятына эмгек синирген ишмер.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3150
7-апрелден кийин банк уячаларынан алынган миллиондордун тагдырын иликтөө боюнча парламенттик оппозиция атайын комиссия түздү. Мурдагы бийликке жакын адамдарга таандык деген шек менен жабылган банк эсептерин мыйзамсыз ачкан деген айып менен суракка тартылган Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери соттон актала башташты.
Банк уячаларынан алынган 21 миллион доллар боюнча козголгон кылмыш иши Курманбек Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштерге бириктирилген. Башкы прокуратура банк уячаларынан табылган акчанын сыры создугуп жаткан соттук териштирүүлөргө жараша ачылаарын эскертти.
Аралашты делгендер актала баштады
7-апрелдеги элдик козголоңдон кийин келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” сыяктуу банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган болчу. Кийинчерээк Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк кутучаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион доллар таап чыгып, Улуттук банкка сактоого жөнөткөн.
Бирок 2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов аталган банк уячалары мыйзамсыз ачылган деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен.
Бир жылга жакын созулган тергөөдөн кийин мурдагы Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловду, анын орун басары Манас Нышановду, тергөөчүлөр Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевди шаардын Биринчи май райондук соту актап чыкты. Бирок сот жараяны качан жана кандайча өткөнү кеңири коомчулукка белгисиз бойдон калган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул боюнча апелляциялык даттануу андан жогорку - Бишкек шаардык сотуна берилгендиги аныкталган жок.
Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов жетиштүү материалдар жана күмөндүү жагдайлар болгонуна карабастан актоо чечими чыкканына анча деле таң калбаганын айтууда:
- Бул иш боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын жооптуу кызматкерлери жана айрым тергөөчүлөрү жоопкерчиликке тартылып жатышкан. Алар мына ошондой жол менен банк кутучаларын ачууга Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын жетекчилери көрсөтмө беришкенин айтышкан эле. Бирок азыр ага карабастан бардык жагдайларды көз жаздымда калтырышкан. Ошонун натыйжасында мына ошолордун бардыгы акталып чыгып, чогулуп алып эми “сен бизди отургузам дегенсиң” деп өч алуу максатында мага каршы чабуулга өтүштү. Банк кутучалары кандай мыйзамсыз жолдор менен ачылганы жана кандайча болуп оңду-солду сарпталганы боюнча тиешелүү материалдар мына ошол кылмыш ишинде бар болчу. Бирок биз кызматтан кеткенден кийин алар мына ошонун бардыгын жашырып-жаап жатышпайбы.
Жоголгон дисктин жообу жок
Банк кутучаларындагы миллиондорго байланышкан ызы-чуу ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондук сүйлөшүүлөрү жарыяланып кеткенден кийин башталган. Анда уячалардан алынган акчанын эсебинен эки миллион долларды алып, кайсы бир иштерге чыгымдоо тууралуу сөз болгон.
Кийин Бекназаров менен Сариев жазылып алынган сүйлөшүүлөр аудио монтаждын жардамы менен бурмаланган деп чыгышкан болчу. Бирок ага удаа эле "банк уячаларынан табылган акча жүз миллиондун тегерегинде болгон" деген сыяктуу такталбаган маалыматтар тараган.
Кубатбек Байболовдун ою боюнча, банк кутучаларын ачуу учурун жазып алган видеобайкагычтын эс-тутуму сакталган катуу дисктин жоголушу күмөн саноого негиз болуп жатат:
- Эми аны атайлап жок кылышкан. Болбосо алар мыйзамдуу жана таза жолдор менен иштешсе, мына ошол банк кутучаларын ачуу учурун тартып алган камералардагы жазуулар сакталып турат эле. Алар бардыгын билгизбей жасаганга аракет кылабыз деп, анан ошол катуу дискти жок кылып жатышпайбы. Ошонун айынан чынында канча акча алынганы белгисиз болуп жатат. Бакиевдерге жакын адамдардын бири чет өлкөдө берген маегинде “АУБдун өзүндө эле жүз миллион доллар акча болгон" деп билдирбеди беле. Ошон үчүн мында күмөн саноого негиз бере турган жагдайлар өтө эле көп болчу. Иш жүзүндө акча мыйзамсыз алынган. Мыйзамга таянганда жөн гана банк кутучалары бекитилип, мөөр басылып, анан тергөөдөн кийин гана соттун чечими менен конфискациялап, мамлекетке өткөрүш керек эле. Иш жүзүндө банктардагы кутучаларды аңтарууда 17-жылдагы большевиктердей иш алып барышканы көрүнүп турат.
Банктардын акча сактоочу жайларын тарткан видеонун катуу дискинин жоголушу жана ага кызыкдар адамдар туурасында тергөө материалдарында расмий маалымат жок. Ошондуктан жоголгон диск кылмыш ишиндеги өзөктүү жагдай экендигине карабастан, банктын күзөт кызматынын жоопкерчилиги тууралуу маселе да көтөрүлгөн эмес.
Бекназаров: Карандай каралоо
Ошол эле кезде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бекназаров менен Сариев аталган коммерциялык банктар аркылуу 6-7-8-апрель күндөрү эле 200 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айрым маалымат агенттиктери аркылуу жарыялашкан. Ошондон улам алар банк кутучаларында катылган миллиондордун кайсы бир бөлүгүн таап чыгып, мамлекетке өткөргөн прокуратура кызматкерлерине айып тагуу аркылуу убактылуу бийликти каралоо аракети болуп жатат деген жүйөлөрдү келтиришет.
Ошол кездеги Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана укук коргоо органдарын тескегенАзимбек Бекназаров банк уячаларын ачууга байланыштуу айыптоону жасалма токулган кылмыш иши катары баалады:
- Байболов баш прокурор болору менен бакиевчилердин акчасы сыртка чыгып кеткендигинин бетин ачабыз деп кыйкырып чыкпады беле. Бир жылга жакын отуруп, мына ошону аягына чыга алган жок. Анан шаардык прокурорлордо эмне айып? Алар мына ошол акчаны таап чыкканда рахмат айткандын ордуна “кызматты бошоткула, болбосо иш козгойм” деп коркутуп, жумуштан четтетип атпайбы. Байболов өзү канча акча тапты? ИИМ, УКМК канча акча тапты? Алар таба алышкан жок. Мына эми азыр ак жеринен айыпталган шаардын прокурорлору акталып жатышат. Аларда оперативдик мүмкүнчүлүктөрү аз экендигине карабастан мына ошол жашырылган акчанын кандайдыр бир бөлүгүн таап чыгышпадыбы.
Ошол учурда башкы прокурордун милдетин аткарып турган Байтемир Ибраевдин айтымында, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдык тартиби бузулган эмес. Ошол себептен ал бул ишке тартылган прокуратура кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы болушу мүмкүн эмес деген ойдо.
Учурда башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары болуп иштеп жаткан Байтемир Ибраев күмөндүү банк кутучалары мыйзамдын чегинде ачылганын тастыктай турган жагдайлар сотто далили менен келтирилгенин белгиледи:
- Бизге бул боюнча маалымат берип турган адамдар болгон. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгара албайбыз. Эгерде коомчулукка белгилүү болуп калса, аларды өлтүрүп кетиши мүмкүн. "Мына бул банк кутучасы тигиге тиешелүү, ал болсо буга таандык" деп берилген маалыматтын негизинде гана биз ошол банк кутучаларындагы акчаны таап чыктык.
Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөн эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, бирге акт түзүп, кутуларды ачып, акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат.
7-апрелдеги элдик толкундоолордон кийин Убактылуу өкмөттүн атынан Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган Туратбек Мадылбеков күмөндүү деп жабылган банк кутучаларын шашылыш ачып, андагы миллиондорду алууга негиз жок болчу деп эсептейт.
Чынында эле банк адистери камак салынган банк эсептерин башка жакка которуп, же мүлктөрдү чыгарып кетүү коркунучу болгон учурда да аны токтотуп калууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп келишет.
Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков козголгон кылмыш ишине чекит коюлбай жатканы иштин бара-бара бас-бас болуп жабылып кетишине кызыкдар күчтөрдөн кабар берет деп эсептейт:
- Ага чейин эле бардык шектүү банк эсептери жана мүлк камоого алынган. Анан ага бара калып эле тергөө бүткөнчө эле мына ошол банк эсептерин камоодон чыгарууга эч кимдин акысы жок болчу. Бирок Бишкек шаарынын прокурорунун санкциясы менен барган тергөө тобу банк кутучаларын ачып, андагы акчаны чыгарып алып жатпайбы. Буга жогору жактан кимдир бирөөлөр буйрук бербесе, катардагы прокуратура кызматкерлери ага бара алмак эмес. Барган учурда да азыр алар жооп берип отурушмак. Алар акталып чыгып жатышкандан кийин демек бул иш атайын сүйлөшүлүп, жогору жактан колдоо болгондугун түшүнсө болот.
Иштин кечеңдешинин ири себептери
Банк кутучаларынан табылган миллиондордун мыйзамдуулугу боюнча иш алгач өзүнчө кылмыш иши катары козголгон болчу. Бирок кийин ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык, Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштери менен чогуу тиркелип, сотко өткөрүлгөн.
Ушуга чейин ачылган банк кутучаларынын ичинен бирөөнүн ээси гана аныкталган. 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев мамлекеттин пайдасы үчүн өз эсебиндеги алты миллион доллардан баш тартаарын билдирген. Калган миллиондордун тагдыры эмне болгону азырынча белгисиз.
Байтемир Ибраев бул ишке чекит коюлбай жатышын аны менен бирге карала турган кылмыш иштеринин сотто кармалып жатышы менен байланыштырды:
- Андан башка дагы эки банк кутучасынан алынган акча Максим Бакиевдин айыбына угузулуп, иш жанагы каралбай жаткан “Мегакомдун” иши менен бирге сотто жатпайбы. Аны эми сот чечиш керек. Андан башка банк кутучаларынан алынган акча башка бир эки кылмыш иши боюнча сотто турат. Талапка ылайык ар бир иш боюнча бөлүнүп-бөлүнүп тергелип, чекесинен сотко өткөрүлүп жаткандары бар. Калган акчалардын тагдырын ишти караганда сот чечиш керек да. Анан азыр Максим менен анын айланасындагыларды соттото албай кыйналып жатпайбызбы. Анан ошол себептен берки алынган акчалардын тагдыры да чечилбей турат.
Анткен менен банк кутучаларынан коопсуздук чараларына деп ырасмийлештирилип алынган акчанын чыгымдалышы боюнча кыйла мыйзам бузуулар катталганын 2011-жылы атайын депутаттык топ иликтеп чыккан.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов 2010-жылы май-июнь айларындагы Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтырууга жумшалган каражаттан сырткары алынган акчалардын эсеп-кысабын берүүдөн тиешелүү жетекчилер качып жатканын айтты:
- Мына ошол акчанын кайсы бир бөлүгү башаламандыктарды басууга, коопсуздукту бекемдөөгө кетти дейли. Бирок андан бир канча убакыт өтүп, тынчып калган учурда деле, шайлоонун алдында 700 миңден ашуун долларды алып жатышпайбы. ИИМге 300 миң, УКМКга 400 миң доллар берилген. Алар биз сурасак “чарбалык керектөөлөргө жана башка чыгымдарга жумшалды" деп так жооп бербей жүрүшөт. Биз мына ошол фактылардын баарын Башкы прокуратурага берип, укук жактан баа бергиле деген элек. Мына ошондон бери бир жылдан бери бул суроого эч кандай жооп жок.
Жакында парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин алдында банк кутучаларынан алынган миллиондор боюнча депутаттык комиссия ишке киришти. Парламенттик оппозициянын демилгеси менен түзүлгөн ал комиссияга беш фракциянын ар биринен өкүлдөр кирди.
Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков комиссия бир айдын ичинде ишин жыйынтыктап, топтолгон материалдарды коомчулукка жарыялай тургандыгын белгиледи:
- Каржы министри Акылбек Жапаров “ошол акчанын тагдырын чечип берсеңер” дегенинен жана буга байланыштуу чуулгандуу маалыматтардын жыйынтыгы жок болуп жаткандыгынан улам мына ушул комиссияны түздүк. Себеби ошол акчанын кайсы бир бөлүгү Улуттук банкта жатат. Банк кутучаларын ачууга байланыштуу бир катар табышмактуу жагдайлардын бети ачылбай келе жатат. Биз топтолгон маалыматтарды тактап, иликтеп чыгабыз.
Буга чейин банк уячаларынан алынган миллиондорго байланыштуу видеотасма “Ата Журт” партиясынын жетекчилеринин биринин колуна түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган болчу. Бирок Акматбек Келдибеков ал кабарды жокко чыгарды.
Буга чейин кайсы бир банктын сактоочу жайындагы иш-аракеттерди тартып алган видео тасманын күңүрт үзүндүсү интернетке жарыяланып кеткен эле. Айрымдар анда банк уячаларынан акча алуу аракети болгон деген жүйөлөрүн жарыялашкан. Ал эми прокуратура органдары тасманын аныктыгын далилдебей туруп, ага комментарий бере алышпастыгын айтуу менен чектелишкен.
Мына ошондон бери аталган видео тасма саясий күчтөр ортосундагы өз ара соодалашуунун предметине айланып жатабы? - деген суроо кабыргасынан коюлуп келет.
"Азаттык"
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 7717
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3386
Бишкек, “Саясат.kg” – Г.Турдалиева. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков мекеменин штабынын мурдагы жетекчиси абакта каза тапкандардын өлүк денелерин айтылуу анатом Гюнтер фон Хагенге сатууну уюштургандыгын билдирди.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3577
Бишкек, “Саясат.kg”. Лейлек районунун Андарак айылында 2011-жылдын 29-октябрында орун алган окуянын чоо-жайын өкмөттүк, парламенттик комиссиялар иликтеп, адатынча, “анчалык деле кооптоно тургудай абал жок”,- дегени менен, эл ичиндеги көз караш башка. Андарактыктар бул кагылышуунун кайра кайталанышынан чочулагансып турушканы эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, өкмөттүн ортодо пайда болгон тирешүү отун өчүрүү жаатында так аракети керек болуп турат. Себеби, жаздын келиши менен суу, жайыт талаш маселеси кайра күн тартибине коюлат. Ансыз деле ызырынып турган калкты андайда эч ким токтото албай калат. Демек, суу, жайыт маселесин бийлик тез арада жөнгө салышы абзел.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 7185
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2656
Өткөн жумада башкаруучу коалицияны куроо, өкмөт башчылык менен спикерлик кызматтар үчүн жумшак рейтинг өткөрүү менен алпурушкан Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаттары, бул жумада спикерди шайлоо, өкмөттүн программасын, структурасын, курамын, өкмөт башчысынын өзүн бекитүү менен алек. КСДП фракциясынын депутаты Д.Ниязалиеванын сунушу менен кечээ спикерди шайлашып, мына бүгүн өкмөт маселесин чечкени жатышат. “Спикерлик менен өкмөт башчыны эки бөлүп, ар башка күндө кароодо “бир балээ бар”, КСДПчы Асылбек Жээнбековду шайлап алышкандан кийин, канагаттанган социал-демократтардын башка маселелерге келгенде кол-жолу байлоодон бош болот, өкмөт маселеси боюнча пикирлер кескин өзгөрүшү мүмкүн, азыр, тек гана маселебиз чечилгенче “республикачыларды” үркүтүп албайлы”, деген ойлор үстөмдүк кылып бараткандай. Мындай пикир асмандан түшкөн жок. Бул курулай сөз эмес экендиги жумшак рейтинг өткөрүү маалында ачык байкалып, “өкмөт башчы болом” деп турган Өмүрбек Бабановдун муундары бир топ дирилдегени байкалды.
Ошентип, Чыныбай Турсунбеков жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын ийгиликтүү аткарганга жетишип, КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” фракцияларынан башкаруучу коалиция түзүлүп, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун, спикерликке Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды. Курама ичинде, спикер боюнча талаш жок болгон менен өкмөт башчылык тууралуу ар кандай кептер чыгып, туруктуу позиция жок экени ачык байкалууда. Ал абал, жумшак рейтинг өткөрүү кезинде ачыкка чыгып, курамага кошулган фракциялардын абийирин да төгүп кеткенсиди.
Ө.Бабанов боюнча маселеде “Ар-намыс” фракциясынын демарш жасаганына, анча деле маани бербей, “сойкуланып көнүп алган немелер да, бирдемке үмүт кылып, талапкерди “раскощеливать” эттириш үчүн оюн салышты” дешип, андан көрө, берки “атамекенчилердин” жоругун тамшанып, талкууга алышууда.
Төбөлсүздүк менен бирге жаралып, жалпы журтка адилеттүүлүк үчүн талбас күрөшүүчү катары таанылган “Ата Мекен” партиясын дагы саясый сойкулуктун эпидемиясы каптаганын, алгачкылардан болуп Өмүрбек Абдырахманов жар салды. “Ак карга” аталган апенди чалыш “атамекенчи” депутат, бас-канга жараша ажыдаардын куйругун басайын дегенби (?), айтор, тикелей эле лидерине кол салып, “Өмүрбек Текебаев Бабановго сатылды” деп балп эттирип, “атамекенчилер” эле эмес, бүткүл кыргыз журтчулугун ШОК кылды. Кызыгы, андан кийин болду. “Ак карга” каркылдап “текеге” жугундуну аябай куюп жатканда, өзүнүн көчүгү да “кызыл жаян” болгону тууралуу маалымат сайттарга таркатылып, “ак карганын” жаагы жап болуп, океандын ары жагына уча качты.
Адегенде, “республикачыларга”, анан Р.Жээнбеков чуу салгандан кийин, КСДПнын лидери Ч.Турсунбековго ишеним кат менен добушун өткөрүп (же сатыппы?) бергенин талдоого алган партиялаштары “ак карганы”: “сатылды, саясый сойкуларга кошулду” деп бир беткей эле баалашууда. Натыйжада, кимиси, Тулеевге, кимиси Бабановго сатылганын тактай алганга чамалары жетпеген “атамекенчилер” чак-челекей түшүп, саясый сойкулукка кабылгандарын кантип танаарын билбей дендароо абалда.
Ошентип, “парламенттик системага өтүп, ачык айкындуулукту, саясый атаандаштыкты камсыздадык, оңолоор жагына түштүк” деген кыкеңдер, ойго кирбеген балээгэ, саясый сойкулуктун эпидемиясына кабылып, четинен көрүнө да, көмүскө да сатылып, моралдык-нравалык нормалар тепсендиде калууда.
Адеп-ахлак көзгө илинбей калгандан эмне деген империялар кыйраганын эске салган коомдогу аттуу баштуулар, “балык башынан сасыйт” дегендей, коомдун ичтен ирүүсү бийлик башынан ЖКдан башталганын өтө иренжүү менен кабыл алып, “бул дарттын эпидемиясы чукул арада, министрликтерден, регионалдык башкаруу органдарынан, ылдыйкы деңгээлге чейин тарап, мамлекеттин кыйрашына алып келет” деп кабатырлана баштады.
А кеп чынында, буга ким күнөөлүү? Серепчилер бир ооздон: “адеп, “Ар-намыс” фракциясындагы он депутаттан турган өзгөчө топ Атамбаевге керек болгондон улам түзүлгөн. Үч буттуу “табуреткада” отуруу өтө опурталдуу болгондуктан, бийликтен ыргып кетпөө амалын кылып, Рим цивилизациясы жараткан, “разделяй и властвуй” деген принцип менен оппозицияны бөлүп-жарып, саясый сойкуларды жандандырган, ошо кездеги премьер-министр, азыркы президент күнөөлүү” дешүүдө.
Азыр болсо, сойкулардын болушу маселе чечкеңге өтө ыңгайлуу экенин бийлик башындагылардын баары эле сезип жактырышып жаткандай. Чын да. Акчаң болсо “илибою” жатып берип жатса жаманбы? Мына, “Ө.Бабанов да, ошолорго ишеним артып, калтасын ачты” деген кеп тароодо. Эми, бүгүн өкмөт башчылыкты Ө.Бабановго сатышса, эртең дагы башка кызматтарды сата башташса, акыры барып, кен-байлыктарды, жер сууну, акырында мамлекетибизди түп орду менен сатып жиберсе кантебиз? Же эмне, акчага абийирин сатуу көнүмүшкө айланган жагдайда, “андай болбойт” дегенге кепилдик барбы? Анан ошол мамлекеттүүлүгүбүзгө олуттуу коркунуч туудура турган кесел, “эл багат” деп “ишенген кожобуз” тарабынан болуп жатса, өмүр бою “Бабанов коррупционер” деп айгай салып келген “атамекенчилерибиз” бор сугунуп алганы аз келгенсип, сойкуларга кошулуп кетип жатканы кандай ыя? Эмне кылышыбыз керек эми?
Бийлик башындагылар болсо табына келип, күндөн-күнгө алган багыты боюнча арымын артырууда. Ушу тапта, саясый сойкулардын эмгеги бааланып, бийликке (башкаруучу коалицияга) тартылууда. Ал үчүн мыйзамга туураламыш болуп, Феликс Кулов менен элдештирип, “ЖКдагы моссовет атыккан” “арнамысчылардын” сойкуканасын жаап (себеби, коалицияга группа боюнча кабыл алууга мыйзам жол бербейт эмеспи), бирок сойкуканасыз “иш чатак” экенин сезип калган сутенорлор саясый сойкулуктун вирусун “Ата Журт” фракциясына көчүрүп тынышты. Ал жакта да өтө ыңтайлуу кыртыш бар бейм, Коркмазов баштаган сегиз-тогузу тизиле калышты, “коалицияга киребиз” дешип. Саясый сойкулардын зарылчылыгын ушундан билиңиз, мыйзамга каршы келерине карабай, үч күн, үч түн Ө.Текебаевдин колун бурап, акыры тажашканда, атайын келишим дегенди ойлоп табышып, ошого кол койдуруп тынышты окшойт.
Жаңы коалициянын түзүлгөнүнө байланыштуу фракция лидерлеринин кол коюу аземинде саясый сойкулардын (төрт эркек, бир ургаачысы, башкалары уялганбы?) “Биримдик” башкаруучу коалициясынын лидерлер менен бирге сахнага чыгарылып, алар менен тең-ата болуп, бир катарга тизилип турушу, “жаңы коалиция – Кыргызстандын жаңы бийлиги, саясый сойкулукту колдойт” дегендей эле элес калтырды. Б.а. жаңы бийлик сойкулукту мыйзамдаштыруу процессин баштады десек деле болчудай.
Эки ортодо, Камчыбек Ташиев “Ата Журт” фракциясынын оппозициялык аракеттерин баштагандыгын расмий жарыялады. “Атажуртчулар” башкаруучу коалициянын алгачкы кадамдарын кескин сынга алып, алардын коалициялык келишиминин алты беренеси Конституцияга, мыйзамдарга каршы келерин кан какшоодо. Беркилер болсо моюн толгоп, өз билгендерин улантышууда.
Оппозициялык маанайдагы ЖМКлар көнүмүш оппозиция бийликтин короосуна көчүп кетип, ордуна “атажуртчулардын” көчүп келип жатышын кандай кабылдаарын биле албагандай болуп (азырынча кеңири талкууга ала элегинен улам болсо керек), жаңы оппозиция тууралуу тигиндей-мындай деген кепти баштай элек. Айрымдар гана, “көрө жатарбыз, жасаган иштерине карата мамиле кылабыз, татыктуу кадамдарга бара алышса колдойбуз” деген сөздөрдү айтышууда.
Регионалдык платформага таянуу менен бийлик сересине көтөрүлгөн “Ата Журт” фракциясынын жалпы улуттук деңгээлдеги оппозицияга айланып, түштүк эле эмес, түндүктүктөрдүн да колдоосуна ээ болуу шансы жок эмес. Бакиевдердин кланына текөөр көрсөтүп, министрлик кызматты өткөрүп берип, акыркы президенттик шайлоодо карапайым калктын колдоосун (негизинен түштүктөн) таба алган Камчы мырза, “атажуртчулардын” катарындагы, алты айда бир сүйлөсө да саз сүйлөп, принципиалдуулугунан кайтпаган Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаровдор менен бирге, эл талабын ылгай билип, саясат жүргүзүп, бийликтин кетирген каталыктарын талдап, сынга алып, туруктуу саясат жүргүзүп, парламенттен сырткаркы оппозиция менен бириге алса, жалпы элдик колдоого ээ болору ажеп эмес.
Анүстүнө, бийлик да эмитен эле минтип моралдык-нравалык жактан аксап жатканда, ал колдон келчү эле иш. Тек гана талбай аракеттенүү керек. Ал үчүн толук шарттар бар. Баягыдай ач-жылаңач көчөдө жүрүү кажет эмес, жетинчи кабатта кабинетиң, маянаң, унааң бар. Мындай жагдайда эл таламын талаша албай, жалпы элдик оппозицияга айлана албай калуунун өзү уят иш.
Эгер “мындай иш колдон келбейт” дешсе, азыртадан эле моюнга алып, башкаруучу коалициянын талапкери Ө.Бабановдун колтугуна кеткен оң эмеспи? Жок дегенде, элибиз да эртерээк эсине келип, парламенттик оппозицияга ишенип отурганча, көнгөн адатынча көчө оппозициясын курап алсын да…
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2831
Кошуна Тажикстандын жарандарына мыйзамсыз сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууга мамлекет каражат бөлүп, иш башталды.
Жылжыган жылма миграция
Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан айылдарында үйлөр кошуна өлкө жарандарына тынымсыз сатылып келгени көптөн бери эле айтылып келет. Мындай жараян айрыкча 2000-жылдары күч алып, азыр деле токтой элек.
Алсак Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мурда 60 үй сатылган болсо, 2007-жылы 7, 2008-жылы 8 үй тажикстандыктарга соодаланып кеткен.
Баткен районундагы чар тарабы тажик конуштары менен курчалган Таш-Тумшук айылында турмуш тиричилик кыйынчылыктан, анан да кошуна өлкө тургундарынын кысымчылыгынан үй-жайлар чет өлкө жарандарына көп сатылган . “Чек аралаш айылдарда кошуналардын кысымчылыктары күчөп, үй-жайыбызды сатууга мажбур болуудабыз, эгер мамлекет алчу болсо сатып алсын”, - деп аталган айылдын 7 тургуну бийликке кайрылып келген.
Өткөн жылы облустук акимчиликтин демилгеси менен чек ара маселеси оор, жашоочулардын абалы кыйын бул айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип, ага ылайык мамлекет тарабынан кошуналарга сатылып кеткен үйлөрдү кайтаруу үчүн 10 млн. сом каражат бөлүнүп, башталгыч мектеп ашар ыкмасы менен курулган. Тажикстан атуулуна сатылып кеткен үйлөрдүн бири кыргыз өкмөтүнүн эсебине кайрылып, милиция бөлүмчөсү ачылган. Бүгүнкү күндө ошол бөлүнгөн каражатка 5 кишинин сатылып кетээр алдында турган үй-жайлары кайтарылып, акчасы төлөндү.
Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Салижан Хамрабаев Кыргызстанда буга чейин мындай тажрыйба болбогондуктан кантип кайтаруу маселеси кыйла убакытты алганын айтат:
- Он жылдан бери ушул аймактагы жергиликтүү калк шартыбыз оор деп райондук, облустук бийликке жана өкмөткө кайрылып келишет. Ушул маселени чечүү үчүн өкмөт чараларды көрүп, 10 млн. сом акча бөлдү. Акчасы мурдараак эле чечилген. Бирок ушу тапта берилди. Анткени буга чейин практикада мындай иш чара жүргөн эмес экен. Кантип мыйзамдуу жолдо муну ишке ашыруу деген маселеде бир аз кармалып калды да.
Азга көнбөй, көпкө көнүп...
Чек аралаш айылдагы сатылып алынган үй-жайлар эми социалдык мекемелерге айланат. Балдар бакчасы, спорттук мекеме, милицянын кызматтык үйү болот. Бирок буга чейин сатылып кеткен үй-жайларды кайтарып алуу маселеси оор бойдон калууда. Анткени Тажик атуулдарына сатылган тамаркалар эч жерден каттоодон өтүп, кагаз иштери жүргүзүлбөгөн. Кыргызстандын эсебинде турганы менен ээси Тажикстандын атуулдары.
Жергиликтүү тургундардын пикиринде, эгер мамлекет учурунда ушундай чара көрсө азыркыдай көпкө түшмөк эмес. Эми ал сатылган үйлөрдү кайра алуу да бир топ кыйын.
Азыр кошуна тараптан чек арадагы кыргыз үйлөрүнө талап күч болгондуктан анын баасы да кыйла жогорулап кеткен. Маселен, эч кандай шарты жок делген ушул Таш-Тумшук айылында бир үйдүн баасы орто эсеп менен бир миллион сомдон (25 миң доллардын тегегерегинде) жогору экен. А ошол эле учурда облус борбору - Баткен шаарындагы сатыкка коюлган үйдүн орто баасы андан эки эседей төмөн, 500 миң сомдун атарабында. Чек арадагы тургундар тажик кошунасына кымбат баага үйүн сатып жиберип, өзү облус борборуна, же башка жакка баса беришине ушул акча маселеси да себеп болууда.
Канткен менен бири үйүн сатып, бир алып жаткан эки өлкө жарандарынын ортосунда эч кандай юридикалык документ түзүлбөйт, ага мыйзам да жол бербейт. Андыктан үй кыргыз жаранынын атында эле кала берип, анда жашап жаткан тажик жарандары кокус бийлик тараптан текшерүүлөр болуп калса "ижарада турабыз" деп коюшат экен.
Облустук бийликтин өкүлү Салижан Хамрабаев эмки маселе ошол үйлөрдү кайтаруу үчүн өкмөттүк деңгээлде, мыйзам чегинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана ишке ашчудай деп белгилейт:
- Мурда Тажикстан жарандарына сатылып калган үйлөрдү сатып алуу маселесинде оор маселеге туш келдик. Анткени, алар каттоого алынбаган жана Кыргыз Респубикасынын жарандарынын атында эле турат. Бирок кошуналар жашап жатканын көрдүк. Бүгүн облус жетекчилигинин демилгеси менен кошуна мамлекеттин тийиштүү министрликтерине кат жөнөттүк. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары бир пикирге келгенден кийин чогуу маселе чечишибиш керек. Мыйзам чегинде иш жүргүзүшүбүз керек.
Айылдагы абалдын оордугунан ушинтип үй-жайын тажик атуулуна сатып жиберген тургундардын бири - Самидин Каримовдун үйүн 1 млн. 350 миң сомго мамлекет кайра сатып алып, милиция бөлүмчөсүнө берген. Ал көнгөн турагын сатпай коюуга айла калбаганын айтат:
- Канча арызданып бийликке кайрылганбыз. Маселе чечилбегенден кийин анан айла жок биз да үйдү Тажикстан атуулуна сатканбыз. Эми мына, өкмөт аракети башталды. Ушундай кылса Таш-Тумшукту сактап калып, элге да дем болот. Калгандар да эми сатпайт ушундай кылса. Мурда эле ушинтиш керек болчу.
Баткен облусунда жалпысынан 150дөй там Тажикстан атуулдарына соодаланып кеткен. Азыркыдай аракеттен улам аймак тургундары эми мурдакы сатылган тамдардын да кайра кайтарылышынан үмүттөнүп турушат.
Мындай көйгөй Баткендин чек арадагы бир топ айылдарында бар. Айрым байкоочулар Кыргызстан бул маселеге эчак эле чекит койсо болмоктугун, эми да эртелеп чечпесе кийин чоң проблемага айланаарын айтууда. Алардын пикиринде, азыр бул үйлөр Кыргызстандын эсебинде болгону менен ушинтип отурса кийинчерээк бул жерлер да талаштуу деген аймактардын катарын толукташы мүмкүн.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери болсо созулгандан созулууда. Маселе талаштуу делген жерлерге келгени такалып, ордунан жылбай турат.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2779
Чыгыштын ойчулдардын биринен “жер бетиндеги жашообуз качан оңолот”,- деп сурап калышса, ал эч бир кебелбестен, “жердеги акыркы саясатчы өлгөндө турмушубуз өйдөлөйт” таризинде жообун берген экен. Ошол сыңары, Кыргызстандагы да адам өмүрлөрүн алган тополоңдордун айынан ташбака минген боюнча 20 жылдан бери келатабыз. Буга албетте, ойчул айткандай, мупрдунун учунан алысты көрө билбеген кыргыздын саясатчы сөрөйлөрү күнөөлүү. Маселен, былтыртан бери эки шайлоо өткөздүк, анын ортосунда парламентте не деген гана талаш-тартыштар болду. Буга референдумда элди мажбурлап жатып кабыл алдырышкан баш мыйзамдын төп келишпестиктери себепкер. А анын автору – Текебаев Өмүрбек Чиркешович. Негизи, ар бир сөзгө басым жасап, тандап, тактап сүйлөп, ар баскан кадамынан жаза кетирбей жүргөнгө канча кылдат аракет кылганы менен «Конституциянын атасы» сактыгынан эмес, суктугунан, ары айлана-тегерегиндеги адамдардын айынан ар балээге кабылып жүргөнү байкалат. Бул сыяктуу бир катар жагдайлар Текебаевтин саясаттагы рейтингин ошого жараша улам төмөндөтүп, адамдык сапаттарын да даана ашкерелебей койбойт. Өмүрбек Чиркешовичтин бет кабын сыйрып, анын саясаттагы чыныгы жүзүн көрүү үчүн ишмердүүлүгүндөгү анын ары жеке инсандыгына, ары партиясына кымындай да кадыр-барк алып келбеген фактыларды келтирүү эле жетиштүү.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 6711
Сөөгү Ата-Бейитке коюлган ар бир азаматтын аты-жөнү, элестери кара мраморго түшүрүлгөн. Ал жерди көрүү үчүн баргандар алдыңкы катарда кара мраморго жазылган “Белгисиз жаран” деген жазууну окушат. Бул “Белгисиз жаран” ошол 7-апрель күнү каза болуп, ушул кезге чейин аты такталбай жаткан киши.