Ошентип, жылдын эң негизги саясий окуясы – президенттик шайлоо 30-октябрга дайындалды. Адатынча, кыргыз элине кичине башы көрүнө калгандын баары шаша-буша штаб ачышып, ажолукка амбициясын ачык чыгара баштаган кез. Бери дегенде 50дөй адамдын президент болуу кыялы бар экенин эске алганда, бырчылдашмайлар эми башталат өңдөнүп калды. Көзү ачык саясий эксперттер да булардын кимисинин тараза ташы оор экенин аңдап билүү далбасына түшүштү. Бирок, президенттик таажы бирөө эле. Аны маңдайына жазылган гана адам ала алат. Анан албетте, эл ичинде колдоого арзыган талапкер суурулуп чыгат. Андай саясатчылар бизде көп эмес. Биз ошолордун арасынан потенциалы чоң талапкерлерди тизмектеп, кимисинде кандай өзгөчөлүгү, кемчилиги бар экенине саресеп салууга аракет жасадык.
 
Сөзүнүн өтөөсүнө чыга албаган Атамбаев
 
Жашырганда эмне, парламенттеги үчилтик башкаруу коалициясына кирген партиялардын макулдашуусуна ылайык өкмөт башчысы болуп олтурган социал-демократтардын лидеринин бүгүнкү күндө абалы суктанарлык эмес. Өзү деле дос-жар менен олтурганда премьерликке бекер келгенине кейип калганы да ошондон. Атамбаев – жаратылышынан популист адам. Премьер-министрлик кызматка бекитилип жатканда өлкөнү кризистин сазынан чыгарып кетүү пландарын кенен айткан. Атүгүл, атайын программа, анан да компакттуу, мобилдүү өкмөт структурасын жакынкы ай аралыгында парламентке алып келерин билдирген. Мунун бири да өз убагында жасалган жок, маселен, өкмөттүн структурасы жарым жыл дегенде араң Жогорку Кеңешке жетти. Экономикалык программасынан болсо аликүнчө дайыны жок. Мындан тышкары, Атамбаевдин өкмөтүнүн тушунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бюджеттин тартыштыгын айтпай ак коелу, анын үчтөн биринен дайыны жок болуп турганын бешиктеги бала деле билсе керек.
 
Ушул жагдайларды эске алганда, Атамбаевден жакшы оппозиционер гана чыгаары, а чарбалык иштерге келгенде чабалдыгы кашкайып көрүнүп турбайбы. Башкаларды сындатып койсоң, таш-талканын чыгара талкалаган укмуштуу таланты бар А.Атамбаев бүтүндөй өлкө бул жакта турсун, кичинекей ишкананы да башкарууга жөндөмү жоктугу учурдун ачуу чындыгы болууда. Анан эмнесине президенттикке умтулат, түшүнүксүз. Чын-чынына келгенде бу кишинин тажрыйбасы деле жок. Кайсы бир жылдары Биринчи май райондук райондук аткаруу комитетинин башчысынын орун басары болгон. Андан кийин менчиктештирүүнүн эпкининен пайдаланып, чоң-чон ишканаларды итбекер сатып алып, заматта олигарх болуп чыга келген. Мамлекеттик кызматта эгемен өлкөбүздүн тушунда биринчи ирет 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин, экономика министри катары 3 ай араң иштеген. “Бакиев менен жолубуз башка”,- деп анда да эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Оппозицияга кошулуп, митингдерди уюштурду. Аны да бир эле максатта – кызмат алуу үчүн уюштурганы кийин, досторун сатып, премьер-министр болуп кеткенде билинди. Бу кызматта жарым жыл иштеген, а көзгө урунарлык иш жасаганын көрө албадык. Азыркы премьер-министр катары жасаган иши да эзелки чындыкты далилдеди: Атамбаев жөн гана популист саясатчы экен.
 
Азыркы кызматында эмнеси эсте калат? Кайырчылап дүйнө кыдырганы. Ошондуктан, эл “бизге кайырчы президент керекпи?” деген суроонун тегерегинде катуу ойлонушу кажет.
Атамбаевдин бир гана жакшы сапаты бар, ал анын чындап эл үчүн күйүп, патриот болуп, бирдеме жасагысы келгени. Мунусунан майнап чыкпаганы башка кеп. Эгерде Атамбаев шайлоого катыша турган болсо, түштүк тарапта тылын бекемдеши шарт. Өлкөнүн түштүгүндө Алмазбектин рейтинги чынында төмөн, “нөл” десек да жарашат.
 
Ташиевдин доору келдиби?
 
Камчыбек мырзаны атаандаштары колунун келишинче жаман көрсөтүү менен алек. Башка талапкерлерге караганда, эмнегедир, дал ушул саясатчыга каршы кара пиар көбүрөөк колдонулуп жаткандыгынын өзүнөн эле, андан атаандаштары чочуларын айгинелеп турат.
 
Ташиев – жаңы муундун өкүлү. Жаштыгына карабай сөзүнүн курчтугу, жасаган ишинин жыйынтыктуулугу менен калың элге белгилүү боло алды. Команда топтоо, уюштуруучулук жагынан да “чутьёсу” мыкты экендигин айта кетсек болот. Буга анын Өзгөчө кырдаалдар министри катары ишмердүүлүгү мисал боло алат. Мурда ӨКМ – майлуу-кирешелүү министрлик катары белгилүу болчу. Бирок, Ташиев келгени, ал көз караш түп-тамырынан өзгөрдү. Бу министрликти министрлик кылган ушул жигит болду. Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинде катуу тартип орноп, ар бир тыйындын жумшалышы көзөмөлгө алына баштагандан кийин коррупция кан буугандай токтогон. Анын натыйжасында министрлик жаңы жабдуу, техникаларды сатып ала баштаган. Бул иштин элге канчалык пайдалуу экени – Нурадагы жер титирөөдөн кийин билинди. Министрлик кыска убакыт аралыгында кыйраган айылдын ордуна жаңысын тургузуп койгону эсте. Ошол аралыкта Ошто канча жылдардан бери квартирадан квартирага көчүп жүргөн министрликтин кызматкерлерине заманбап, көп квартиралуу үй салынды. Муну Камчыбек мырза складдарда үйүлүп, чирий баштаган курулуш материалдарынан салууга жетишти. Бул эмгеги үчүн ага алкыш айтыштын ордуна, ага кылмыш ишин козгошту.
 
Адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон К.Ташиевдин ошондо өкмөт жыйынында премьер-министр Д.Үсөновго ачык каршы чыгып,эшикти “тарс” жаап чыгып кеткени, ошол эле күнү президентке кызматтан бошотуу рапортун тапшырганы белгилүү. Мындан кийин Ташиевди куугунтук күч алган. Канча артын чукушпасын, бир да илинчек таба алышкан эмес. Бу бийликтин жолдон адашканын Камчыбек мырза ошондо эле сезген. Баса, министрликтен кетишинин дагы бир себеби – көпчүлүккө белгилүу эмес. Үй-бүлө ӨКМге өз кишилерин дайындап, ортодон бюджет каражаттарын чөнтөктөөгө жакшы эле кам урган. Бирок, президенттин айланасынан чыккан мындай буйруктарды аткаруудан К.Ташиев кескин баш тарткан.
 
Андан кийин 2010-жылы апрелде бийлик алмашып кетип, түштүккө качып барган Бакиев Ташиевден жардам сурап кайра-кайра телефон чалган. Бирок, К.Ташиев “элдин канын төккөн жетекчилерге мен эч качан колумду сунбайм, булар жазасын алышы керек”,- деген таризде сүйлөшүүгө баруудан баш тарткан. Эгерде ошондо К.Ташиев жардамга келгенде, азыр да “бакиевдик бийлик” сакталып турмак. Себеп дегенде, түштүктө Ташиевдин кадыр-баркы Бакиевден да бийик болчу. А түштүк республиканын жарымынан көп бөлүгү болот эмеспи.
 
Ал ортодо Ошто улут аралык кагылышуу башталып кетти да, анын очогу Жалал-Абад облусуна да жайыла баштаган. Ошо каргаша башталган биринчи күндөн баштап өмүрүн тобокелчиликке салып, согушту токтотуу миссиясын ким аткарган? Бийликтен бири да басып келбей, атүгүл жаңжал отун өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн адамдары тоо таяп жашынып жүрүшкөндө бир гана Камчыбек Ташиев эл аралап жүрдү. Канчалаган адам өмүрлөрүн сактап калганы жомок болуп айтылып жүрөт. Башкасын айтпаганда да, кызуу кандуу сүрмөтоп Сузакка кирип барып, ал жактагы миңдеген өзбектерге кыргын салам дегенде төшүн тосуп, “алгач мени өлтүргүлө, андан кийин бара берсеңер болот, болбосо, артка кайткыла” деп, токтотуп калганы эле бу кишинин канчалык деңгээлде эл-жерине күйгөн патриот экендигин көрсөтүп турбайбы. Бүгүн да анын ошо кандуу окуяларды уюштургандары таап келип, жазалоо талабын чыркырап айтып жатканы ошондон. Мунусу үчүн да чындыктын чыгып кетишинен корккон бийликтен канча куугунтук жеп келе жатат. Президент Отунбаевага түздөн-түз кайрылып, ушундай талапты койгондун эртеси ойдон чыгарлыган кылмыш иши аркылуу камагылары келгени же жалганбы? Муну бүт кыргыз эли көрүп турду го.
 
Камчыбек Ташиев – өз мээнети менен бутуна турган адам. Башкалар мамлекеттин байлыгын тоноп байышса, К.Ташиев кичинекей бизнесин өркүндөткөн адам. Демек, анын экономикалык маселелерге келгенде мыкты стратег экендигин да моюнга ала жүргөнүбүз оң. Кошумчалап кете турган нерсе – К.Ташиев тапканын эл менен бөлүшкөн адам. Буга “Ата-Журт” фракциясы түзүлгөндөн бери эле, жарым жыл аралыгында кыргыз элине жеке өзүнүн чөнтөгүнөн 20 миллион сом жардам көрсөткөндүгү далил болуп турат. Бул каражаттарга республиканын булуң-бурчтарындагы канчалаган маселелер чечилди. Таза сууга муктаждык, трансформаторлорду алмаштыруу, спорттук клубдун жоктугу, балдарынын контракт акысын төлөй албай калган ата-энелердин көйгөйү сыяктуу канча түмөн маселелер чечилди. Бүгүн башка кайсы адам мындай боорукердиги менен мактана албайт. Айылга бир мечит салганы анысын канча мактанып, гезиттен түшпөй калат. А К.Ташиев мунун бирин да айтып мактанган эмес. Ал өзүн эл алдында дайыма милдеткер сезет.  
 
Ушул ишембиде “Ата-Журт” партиясынын съездинде президенттикке талапкерди чыгаруу маселеси чечилет. Көпчүлүк “ата-журтчулар” бирдиктүү талапкер катары К.Ташиевдин чыгышын колдого алууда. Жогорудагы айрым жүйөөлөрдү эске алганда да, Ташиевди президенттикке татыктуу, реалдуу талапкер катары карасак жаңылышпайбыз.
 
Курч сөздүү Мадумаровду ким колдойт?
 
Адахан Мадумаровдун бейнесин объективдүү чагылдыруу үчүн анын өмүр жолун эки баскычтан кароо зарыл: 2005-жылга чейин жана андан кийинкиси. Же болбосо Акаев доорундагы Мадумаров менен Бакиевдин тушундагы Адахан мырза.
 
Калп айткан менен болобу, Адахан Кимсанбаевичтен элибиздин үмүтү чоң болчу. Акаев бийлигине тикеден-тике каршы туруп, парламент трибунасынан ачуу чындыкты айтканы үчүн канча запкы тарткандыгын кыргыз эли эсинен чыгарбас. Үзөңгү-Кууштан баштап Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна чейин ачык сындап, аягына чейин туруп берди. 2005-жылдагы ыңкылаптын ишке ашышына Мадумаровдун да кошкон салымы зор болгонун эске алуубуз шарт. Чындыгында, ошондо Макдумаровдун жылдыздуу сааты жанып турган. Ошондогу президенттик шайлоого катышса, Бакиевге тең салмактуу талапкер болмок. Утуп алышы да мүмкүн болчу. Бирок, Адахан мырза түштүк-түндүктү бириктирген тандемге жолтоо болбой, алысты көрө билген саясатчы катары туура кадам жасагандыгын белгилеп кетишибиз зарыл.
 
Мына ушундай Акаевге каршы эрдиктерин эске алып, Бакиев бул инсанды көчөгө таштабай, барандуу кызматтарга көтөрүп келди. Мамлекеттик катчы, парламент төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы сыяктуу чоң кызматтарда иштегенге үлгүрдү. Эми ачуу чындыкты биз айталы – ушулардын биринде да Мадумаров эл эминде кала турган иш жасай алган жок. Кайра тескерисинче, Каркыранын казактарга берилип кетишине спикер катары салымын кошту. Учурунда Үзөңгү-Кууш үчүн жанын бергенге даяр азаматыбыздын көз жоосун алган керемет жерлердин Казахстанга өтөрүндө талкан сугунуп алгансып, унчукпай олтуруп бергенин көргөндө көпчүлүк түшүнбөй калган. “Бу да кызматтын кулу экен”,- деген кеп тегин жерден чыкты дейсизби?
 
Парламенттик шайлоодо Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5 партиянын катарында эле эл элегинен өткөн. Бирок, бийликтин мышык-чычкан оюнунун жыйынтыгында “Бүтүндүн” парламентке кирбей калгандыгын бүт эл билет. Ошондо шайлоочулар Мадумаровдон чечкиндүүлүктү күтүшкөн. А булар колдо турган жеңишти коргой алышкан жок. Бул окуядан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын, демек, жеке Мадумаровдун колдоочулары азайа түшкөндүгүн белгилеп кеткенибиз ашыкча болбос.
Ал эми президенттик амбиция Мадумаровдо башынан болгон. Анын бал тилине таң берген колдоочулары да бар. Бирок, иш тажрыйбасына келсек, Мадумаров чыгаан саясатчы болгону менен, кандайдыр бир экономика менен айкалышкан бир да жерде иштебептир. Бул да шайлоочу тарабынан эске алына турган жагдай. Адам катары алганда, Адахан Кимсанбаевичтин инсандык сапаты бийик. Бул фактор ага канчалык пайдасын тийгизет – келе жаткан шайлоо көрсөтөт.
 
Ту-уй ата, тандем дейби?
 
Өздөрүн анык профессионал, трайбалисттик көз караштан алыс, мамлекетчил адамдар катары жаздын желаргысы келгенден тартып байма-бай мактатып келе жаткан Марат Султанов менен Нариман Түлеев президенттикке тандемдешип бара турган болушту. Азыртан эле бу талапкерлер финансылык жактан күчтүү, тыш жактан колдоосу чоң экенин айтышууда.
 
Эки саясатчыны алгач өз алдынча карап көрөлү. Марат Султанов чынында эле көп кызматты аркалады. Бир нече жолу министр, Соцфонд, Улуттук банк төрагасы, парламент спикери болуп турган бу адам финансылык жактан күчтүү болбогондо, ким болмок эле? Ачыгын айтканда, Марат Абдыразакович өзүн канчалык профессионал кылып көргөзгүсү келбесин, элге ал ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы керек. Биздин билишибизче, бу киши иштеп кеткенден кийин, бир да жерден “мыкты иштеди” деген кепти укпаптырбыз. Кайра тескерисинче, Марат Султановду экс-президенттер Акаев, Бакиевдин “сүймөнчүгү” катары көп жерде сөз кылышат. Майын чыгарып, катыра иштеген болсо, эмнеге анда эмгиче катуу колдоого алган электораты жок? Акчабайдын күчү менен депутат болгонго кудурети жетет дечи, а бирок, президенттикке барам деген адамдын артында калың элдин колдоосу болуш керек да.
 
Нариман Түлеев чарбачыл адам экендигин Бишкек мэри катары жакшы эле көрсөттү. Шаарды таанылгыстай өзгөртүүгө жетишкен Түлеевдин ошондуктан Бишкектин эли жакшы көрөт. Бирок, башка жагынан, жер аянттарын Бакиевдин жакындарына улам кармата бергени ачыкка чыккандан кийин, экс-мэрге карата шаардыктардын “сүйүүсү” басаңдай түшкөнсүдү. Бул факт анткен менен Нариман мырзанын мыкты менеджер экенине эч шек келтире албайт. Минус жагы катары Наримандын Бакиевге кошоматтанып жан бакканын айткандар бар. Маселен, К.Бакиев аны чоң мөөнөткө мэр катары бекитип бергенде сүйүнүп кетип, андагы ажону “ата” деп ийгени бар.
 
Султанов-Түлеев тандемин жалпы карай турган болсок, бул саясий өнөктүк келечекке багытталганы көрүнүп турат. Өздөрүнүн деле президенттикти утуп чыгарына көздөрү жетпейт. Анын үстүнө, бул тандемдин туруктуу электораты жок. Парламенттик шайлоодо Марат Султанов Оштон 15 миңдин тегерегинде добуш топтой алса, Түлеев Нарын, Бишкектен 10 миңге жетпеген колдоо топтогон. Бул тандемдин реалдуу элеткораты. Ошондон улам, айрым эксперттердин “булар шайлоого соодалашып, каражат табуу үчүн гана катышууда”,- деген жүйөөсүндө чындыктын учкуну бардай.
 
“Майдан.kg” гезити, 2011-жылдын 7-июлу

 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Акыркы кездерде Кыргызстан жарандарын жана сасятчыларын кызыктырган бир эле маселе - шайлоо  күнү кайсы датага белгиленет? Адистердин айтымына караганда Баш мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо өткөрүлө турган күндөн төрт ай мурун Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленип, иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөрдөн эки ай мурун өткөрүлүүсү зарыл.
 
Бийлик тарапкерлери 20 - ноябрда, жыл этегинде, деген таризде өз демилгелерин да түрткүлөп көрүштү. Эмнегедир шайлоо боюнча мыйзам да быша элек болуп чыгып, кайрадан карап чыгууга берилди. Бийлик тараптын билдирүүсүнө караганда башында бюджет жетишсиз болсо, аягында мыйзамда айрым процедуралар (эрежелер) боюнча кемчиликтер да кетирилген.
 
Кандай болгон күндө да, адистердин Баш мыйзам аркылуу чечмелөөсүнө караганда Президенттик шайлоо 31 - октябрдан кеч эмес өткөрүлүүсү керек. Эгерде президенттик шайлоо эки тур менен өткөрүлө турган болсо, анда ар бир турдун ортосу эки жуманы түзүүсүн эске алуу менен, президенттик шайлоо 16 октябрдан кеч эмес белгиленүүсү мыйзамга туура келип турат.
 
Демек, эгерде президенттик шайлоо 30 - октябрда белгиленсе, экинчи тур дагы эки жумадан кийин гана өткөрүлөрүн эске алуу менен, бийликтин тарапкерлери президенттик шайлоону эки жумага кечиктиргенге жетишти деп айтса туура болуп турат.
 
Мүмкүн президенттин айлана – чөйрөсүндөгү аткаминерлер мамлекет башчысынын алмашуусун өз кызматынан кетүүсү менен өлчөп, анчалык деле шашылбай жаткан чыгаар. Бирок канткенде да, мыйзам жогору, аны баарыбыз бир тартипте сактообуз керек. Эч кимге мыйзам бузууга жол берилбеген күндө гана укуктуу мамлекет түзүлөт.
 
Ким билет, мүмкүн, Кыргызстандын IV Президенти айланасындагы аткаминерлердин укуктук маданиятын жогорулатып, мыйзамды сыйлоону үйрөтүп, элге кызмат кылдырып, мамлекетибиздин кыйраган баалуулуктарын кайрадан жарата алаар. Ошондуктан ким гана президент болгусу келбесин, ушул баалуулуктарды эсине сактайт деп ишенебиз.
 
  
 

 

Парламентте 20-майда болгон Ташиев-Сулейманов чатагынан бийлик чоң чырды тутандырып, ойдон чыгарылган сөздүн негизинде козголгон кылмыш ишин бетке тутуу менен, "Ата Журттун" лидерин президенттик таймаштан четтетүү аракетинен кайтпастыгын далилдеген кадамга барды. Эл мына ушундан толкуду...

...Таң эртелей ИИМ К.Ташиевди суракка чакырганы дайын болгондон кийин, Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы карапайым тургундар район-шаарлардын борборлоруна чогула баштаган. Эл депутатын коргоо комитети бийлик алдына негизги үч талапты койду: "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге болгон мыйзамсыз саясый иликтөөнү токтотуу, июнь окуясы боюнча күнөөлүү сепаратисттик топтордун жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн башчыларын жоопко тартуу, Башкы прокуратуранын парламентарийден кол тийбестик укугун алуу чечими боюнча түшүндүрмө берүүсү". Дал ушул ураан астында: Жалал-Абадда 10 минден ашуун, Ошто 3 миң, Өзгөндө 2 миң, Базар-Коргон, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Ноокен, Ноокат, Чоң-Алайда миңдеген адамдар К.Ташиевди колдоо комитетинин бул талаптарын колдоп чыгышты.

Бишкектеги сурак бүткөнчө митингчилердин арасынан бирөөсү да үйүнө кетпей туруп алышкандыктан, бийликтин жаман ою таш каап, К.Ташиевди камакка алуу пландары ойрон болду. А Ошто болсо бийликтин заказын аткарган НТС телеканалынын журналисттери атайын провокация уюштурушуп, тынч митингди бүлгүнгө учуратууга аракет жасаганын шаардык ИИБ билдирди.

Абал ушундай нукта курчугандыктан, К.Ташиевди коргоо комитети мөөнөтсүз митингди таркатуу чечимин чыгарып, саат 4төр чамасында эл ар кандай провокация болуп кетишин туура түшүнүү менен таркап кетишкен.

21-май күнү болсо, К.Ташиевди Башкы прокуратура саат 10дон баштап 16.00гө чейин, тагыраак айтканда, 6 саат суракка алган. Жалал-Абаддагы митингчилер эл депутатын ушинтип кордоо улантыла берсе, кайрадан аянтка чыгып, мөөнөтсүз митингдер башталарын жар салышкан. Ушинтип эл менен ойногонду бийлик качан токтотот? Элдин кыжыры чегине жеткенде эмне болорун Бакиевдин, Акаевдин тагдырынан улам жакшы билишет. Өткөндөн сабак албагандары чынында өкүндүрөт.
 
Учур

Бийликтин оюну бүтпөйт экен. Эми Отунбаеванын администрациясы президенттик жарыштын айланасында оюн курууда. Маселен, булардын шайлоого байланыштуу мыйзамга каршы чыгып, парламенттин каникулга таркашына аз күн калганына карабастан кайра “ветолоп” жөнөткөнү эмнени билдирет?
 
Мунун эки эле версиясы бар. Биринчиси, Отунбаева бийликтин кумарын билип, кеткиси келбей, атайын ушундай оюнду баштады. Экинчиси, шайлоону эски мыйзамдар менен өткөзүшүп, административдик ресурсту каалашынча пайдаланышат. Бул маселе кечээ “Ата-Журт” фракциясында каралды. Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков анын жүрүшүндө президент Отунбаеванын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга каршы пикирине түшүнбөй жаткандыгын айтты: «Каршы пикирде 800 млн сом шайлоолорду жүргүзүүгө талап кылынып жатат деп жазылууда. Былтыр 2011-жылы президенттик шайлоо болот деп жарыяланган.
 
 Бул маселени мурда эле бюджетти кароодо караш керек болчу. Муну талашка чыгаруунун кажети жок жана талаштын предмети болбош керек. Мен президенттин карама-каршылыгын түшүнбөй жатам. Же саясий оюндар болуп жатабы. Андай болсо ачык эле айтылсын. Бизге быйыл президенттик шайлоо керекпи деген суроо туулат. Эгерде керек эмес болсо, премьер-министр, депутаттар отуруп, талкууласын. Мен бир сөз менен айтканда «ни черта ничего не понял».
 
 Фракция лидери Камчыбек Ташиев эгерде шайлоолор боюнча президенттин карама-каршы пикирлерин парламент кабыл албай койсо, эмне болорун өкмөттүн ЖоКедеги өкүлү Данияр Нарымбаевден сураганда ал, «парламент күзүндө баары бир каалайбы-калабайбы караш керек» деди.
 
Бул жоопко А.Келдибеков «парламент каалайбы-каалабайбы баары бир караш керек деген коркутууларды токтотуш керек”,- деп так кесе айтты. Аны колдогон фракция лидери К.Ташиев мындай деди:
 
- Президенттин шайлоолор боюнча каршы пикирлери өтө деле орчундуу болбой турат. Ошондой эле, бул жерде кандайдыр бир саясий оюндар дагы болуп жатат. Мен өзүм жеке сунуш кылам. Президенттик шайлоону кийинки жылга калтыралык. Конституцияны өзгөртөлүк. Бул сунушту колдоп берүүнү сунуштайм. Ушунча болгондон кийин Роза Отунбаева дагы бир жыл иштеп берсин.
 
Бул маселе “Ата-Мекен” фракциясында да талкууланды. Быйылкы президенттик шайлоо 20-ноябрга дайындалып жаткандыгын билдирген «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин да оюу кызыктуу:
 
- Президенттин каршы пикирин эртең карабайлы деген күчтөр да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жок, бүгүн карап шайлоону жарыялашыбыз керек деген позицияда бололу. Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, шайлоо системасы реалдуу түрдө башталат. Бүгүн бардык фракциялар бул маселелерди карап жатышат, биз дагы бул маселени карап, шайлоону жарыялап кетишибиз керек. Биз эртең кабыл алсак, бир жумадан кийин гезиттерге жарыяланып, анан күчүнө кирет. Эмки жуманын аягында акыркы күндөрү шайлоону жарыялап коюп, кетишибиз керек.
 
«Maydan.kg» гезити, №23, 23-май

 

 
Убактылуу өкмөттүн чыныгы жүзү көрүндү
 
Өткөн жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын келип чыгуу себептерин жана ага байланышкан нерселерди иликтөөлөр аягына чыгып, парламенттик талкууда эл кызыккан көп жагдайлар калкып чыкты. Дээрлик бардык иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул окуялардын келип чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түздөн-түз себептүү. Эгер алар мурдунун учунан бир аз алысыраакты көрө билишкенде, өч алуу сыяктуу көр пенделик сапаттардан өйдө боло алышканда 7-апрелдеги жана май, июнь айындагы кан төгүүлөр келип чыкмак эмес.
 
А муну эч бир иликтөөсүз эле Жалал-Абад областынын эли жакшы билишет жана аларга кайсы бир нерсени далилдеп отуруштун кереги жок. Себеби, аларга Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ким экенин, кандай адамдар экенин төгүлгөн кан, күйгөн үйлөр, таланып-тонолгон менчик, аялдар менен жаш балдардын талаалап аккан көз жашы, тирүүлөй өрттөлгөн бейкүнөө адамдар, үй-жайын таштап качкан качкындар жана башка ушуга окшогон каргашалар далил болуп турат.
 
Элге жек көрүндү болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик трибунадан туруп алып, “июнь коогалаңын алеки саатта эле басып койгонго үлгүрдүк, элге өз убагында жардам бердик”,- деп, өздөрүнүн «каармандыктарын» айткандан тартынышпады. Көрсө, анык баатырлар турбайбы? Биз аны билбей калган турбайбызбы, атаны көрү десе…  
 
Кала берсе Роза Отунбаева да башкалар чай ичип отурганда күнү-түнү чуркап жүрүшкөнүн элге-журтка догурунуп алды. Убактылуу өкмөттү, эл тагдырын мойнуна арткан киши, кийин айкөл элибиздин колдоосу менен президент болуп шайланган киши антип айтпайт. Чай ичип отурса, окуядан алыс тараптагылар чай ичип отурушкандыр, түштүк эли, түштүктөгү жарандар кан жутуп отурушту. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чуркоого, кам көрүүгө, сактап калууга милдеттүү болушкан, тилекке каршы, алар милдеттерин оңдуу аткара алышкан жок. Бир үй-бүлөнүн диктатурасы деген сөздүн артына жашырган өздөрүнүн чыныгы жүзүн май, июнь айларында анык көрсөтүп алышты.
 
 
Кимдин сепаратисттери? Өзбектинби же Убактылуу өкмөттүнбү?
 
Парламенттик талкуу июнь коогалаңынын чыгып кетишине өзбек сепаратисттери күнөөлүү болушканын тастыктады. Түштүктө сепараттык күчтөр бар экени, алар маалымат майданында, саясий структураларда, коомдук-саясий турмушта улам күчтөнүп баратканы тууралуу мурда маалымдалып келген. Бирок, ага кулак салган бийлик да, бийликтин оппоненти да болгон эмес.
 
Мисалы, ошол эле Кадыржан Батыров ар качан бийликтердин өнөгү болуп келген. Экс-президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2004-жылы Жалал-Абад шаарынан аттанмак болгондо акаевдик режимдин куйруктары дал ошол азыркы сепаратист Кадыржан Батыровду өздөрүнө өнөк кылышып, ага ар тараптуу шарттарды түзүп берген. Натыйжада, К.Бакиев башка округдан талапкер катары көрсөтүлгөн.
 
Кыргыз бийликтери бир дагы кыргыз жигитин Кадыржан Батыровду эркелеткендей эркелетпеди, бир дагы кыргыз жаранынын аны сыйлагандай сыйлашкан жок. Кадыржан Батыровго бийлик Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы мурдагы «Айылчарбатехника» өндүрүштүк бирикмелеринин бүтүндөй базасын жери менен баланстык нарктан кыйла арзан баада сатып жиберишкен. Ушундай эле жол менен «Айылчарбахимия» өндүрүштүк бирикмелерин да сатып алган. Жалал-Абад шаарында эң ири курулуш мекемелери килтейген аянттары менен ага сатылган.
 
Ал эмнени кааласа эле жергиликтүү бийликтер аткарып турушкан. Эмне себептен? Себеби, ал бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап тургандардын колуна ири өлчөмдө пара берип турган, биздин бийли Кыргыз Республикасынын эгемендигин Жалал-Абадда капкачан эле Кадыржан Батыровго сатып жиберишкен.
 
Кадыржан Батыров өзүнүн ким экенин 2005-жылдын 27-майында анык көрсөттү. Ушул күнү Кыргызстанда бийликке каршы чоң-чоң митингдердин болушу пландалган эле. Ал эми Кадыржан Батыров өзүнүн эң жакын колдоочулары менен өзбек улутундагы жарандарга чакыруу кат жазып, ушул күнү боло турган митинге келүүнү суранган. Чакыруу барагынын башында «Урматтуу улутташ!» деп өзбекче жазылган болчу. Тексттин мазмунунда өзбек эли өзүнүн улуттук тилине болгон укугун ишке ашыруусу керектигин, ошону үчүн өзбек тилине расмий макам берүүнү колдоо зарылдыгы айтылган.
 
Ошол күнү Жалал-Абад шаарынын борборуна өзбек улутундагы көп эл жыйылып келди, ага каршы кыргыз улутундагылар чогулушту. Жергиликтүү, акыл-эстүү жарандардын активдүү аракети менен гана ошол күнү кан төгүлбөй калган. Бирок, ушундай аракеттен кийин да бийлик Кадыржан Батыровго каршы мыйзамдуу аракеттерди жасаган эмес. Токочтуу бала сүйгүнчүк экен да.
 
Кийин Кадыржан Батыров парламентте депутат катары өзбек тилине расмий статус берүүнү көтөрүп чыккан, бирок анысы ишке ашпай калган. Ошентип, ал өзүнүн мүдөөсүн ишке ашыруунун убактысын күтүп отурду. Анын чырагына майды 2010-жылдын 7-апрели тамызды. Ошону үчүн ал 8-апрель күнү эле Жалал-Абаддын борбордук аянтына автоматчандар менен чыгып барды. Эч кимден жазганбады, чоочубады, себеби өзү маектеринде айтып келаткандай, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү аны колдоп турушкан.
 
Ошентип, Кадыржан Батыров - кыргыз бийликтеринин креатурасы. Бир кезде Пакистан чалгындоо кызматы «Талибан» кыймылын пайда кылгандай эле, аны кыргыз бийлиги пайда кылды, өз мүдөөлөрүнө колдонушту, акыркы иреттеги колдонуу – массалык кыргынга алып келди. Эми анын кечээги кыргыз шериктери – айрым белгилүү саясатчылар “аны менен биздин эч кандай жалпылыгыбыз жок” деп жанын жеп жатышат.
 
 
Кадыржан Батыров менен «Ата-Мекендин» кандай жалпылыгы бар?
 
Кадыржан Батыровду чет жакка кыргыз бийлиги чыгарып жибергени да анык болду. Муну жалабаддыктар мурун эле билишкен. Бирок, бийлик муну эми ачык моюнга алды. Ошол жалалабаддыктар жакшы билген белгилүү саясатчы, Убактылуу өкмөт мүчөсү өз маалында аны чыгарып жибербегенде, ал колго түшмөк, көп нерселердин бети ачылмак. Эч качан сырды ачпоо убадасы менен ал бийликтин жардамында сыртка чыгып кетти.
 
Өткөн жылы 13-майда “бакиевчилер” Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышкан. Эртеси күнү – 14-майда экс-президентти жек көргөн «Ата-Мекен» партиясынын адамдары жана Каждыржан Батыровдун куралчан командасы анын менчик университетинин жанында жолугушуп, шаар борборун карай жөнөшкөн. Кагылыш болду, киши өлдү, бирок бийлик кайра алынды. Бирок, экс-президенттин «достору» ошону менен токтоп калышкан жок, алар Тейит айылына барышып, кыргыздын ыйык боз үйүн, мамлекеттик символу – желекти өрттөшкөн.
 
«Ата-Мекен» партиясы менен Кадыржан Батыровдун мындай тандеми жалалабаддыктарды таң калтырган жана нааразылыгын пайда кылган. Деген менен, Кадыржан Батыровдун азыркы кезде камаккта отурган эң жакын айрым адамдары бир кезде «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү болуп тургандыгы тууралуу да анык маалыматтар бар.
 
 
Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровду кыргыздардан сактап калдыбы?
 
Жалалабаддыктардын Кадыржан Батыровду кармоо жана камоо, мыйзамдуу жазага тартуу тууралуу талаптары бийлик тарабынан аткарылган жок. Ошон үчүн да 19-май күнү жаалданган сүрмө топ Батыровдун университетине чабуул жасаган, ал жерде кыргыздар менен кошо өзбектер да болгон. Себеби, мурдагы «Ак жол» партиясынын өзбек улуттук канаты Кадыржан Батыровдун улутчул аракеттерине түп-тамырынан каршы кишилерден түзүлгөн эле.
 
Ошол 19-майдан кийин да бийлик Кадыржан Батыровду камаган жок. Талаптар боло берди, бийлик ага маани бербеди, акыры июнь окуялары чыгып кетти. Эгерде бийлик Кадыржанды өз убагында камаганда, июнь окуялары чыкпай калышы мүмкүн эле. Эгер Оштон от чыгып кеткенде да, ал Жалал-Абадда ири масштабда улантылбай калат эле. Мисалы, эң опурталдуу деген Өзгөндө абал тынч бойдон калды.
 
Эми суроо пайда болот: бийлик атайылап кайсы бир максатта элдин кыжырдануусун пайда кылдыбы же чындап эле Кадыржан Батыров алардын ушунчалык жакын өз кишисиби беле? Же Кадыржан Батыровдун акыл-эсине ишенип, аны менен чогуу аракеттенишсе, ал өзүнүн акылсыздыгы менен Убактылуу өкмөттүн планын бузуп койдубу?
 
 
Мактанчаактар жана чыныгы баатыр
 
Азыр эми айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүн ошол кездин баатыры катары көрсөтүүгө аракет жасап жатышат. Ырас, этникалык кагылышта эч ким баатыр болбойт, Кудай андай баатырлыктан алыс кылсын. Бирок, эки элди тынчытуу, акыл-эске чакыруу, дипломатиялык чеберчилик көрсөтүү менен жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген өмүрлөрдү алып калгандар болду. Мисалы, Камчыбек Ташиев.
 
Эгер ал 13-14-май күндөрү чындап аракет кылбаса, лидерлик сапаттарын көрсөтпөсө, ок менен отту кечип, өмүрүн тобокелге салбаса, чыныгы эркектик, баатырлык сапаттарын ашкере алып чыкпаса, өзбек менен менен кыргыз кырылышып жатып калмак. Ошол күнү 7-8 миңден ашуун кылкылдаган кыргыз жаштары Сузакка кирип бара турган болду, ошондо өзбектин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жаштарын артка кайтууга үндөп, эл тарыхында үлкөн ишке жарады. Ошондо кыргыз жаштарынын алдына бир бийлик өкүлү же башкасы келип койгон жок.
Эми азыр бул тууралуу эч кимдин айткысы келбейт. Алыстан байкагандар, банктагы ячейкаларды, ким-бирөөлөрдүн акчаларын тоногондор, Кадыржан Батыровго ушул кезге чейин жан тартып келаткандар, жеке кызыкчылыктан, бийлик менен байлыктан башканы ойлобогондор чыныгы элдик баатырларды улутчул деп жарлык тагышат. Эки элди сактап калгандар кантип улутчул болсун?  
 
Мына ошол окуяларга да бир жыл болуп калыптыр. Эми ар кимиси тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү деп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүн апакай көрсөткүлөрү келишет. Тим элеби, алардын элесин биз орустардын иконасындай тартып алып, ыйык периштерлер катары аларга сыйынып турушубуз керектей. Мүмкүн намазды да кыбылага эмес, алар тарапка карап окушубуз зарылдыр?
 
Июнь окуяларына, Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттердин кылганына, баарына тыптынч Кыргызстанды ушул абалга кириптер кылгандар күнөөлүү. Алар, албетте, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү.
 
Парламентте туруп Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү “жаңы система түздүк, бийликти унчукпай берип койдук” дейт. Жок, алар бийликти берип коюшкан жок, алардын колунан бийликти адилет, калыс эл алып койду. Мындан кийин да аларга бийликти карматышпайт. Алдыдагы президенттик шайлоодо эл чыныгы ак сөзүн айтат, элди алдаган төбөлдөр төрдөн түшүп, улагада калышат. 
 
Жалил САПАРОВ, Жалал-Абад шаары
Булак: “Майдан.kg” гезити, №21, 9-июнь, 2011-жыл.

Түнкү азан, обо жаңырткан добулбас, салюттар
 
10-июнда “24 саат” түнкү клубунда чатак чыгып, өзбек жаштары кыргыз кыз-жигитти сабап салышкан. Окуя болгон жерге заматта өзбек жаштары толуп кетет да, булар колдоруна таяктарды, куралдарды алышып, жортуулга шаарга чыгышат. Түнкү 2лерде мечиттерде азан айтылган, анын артынан салют атылып, туш-туштан катуу үндө добулбас кагылган. Түнкү клубдан чыккан өзбек жаштары жол катары баарын кыйратышып, “Алай” мейманканасына келишкен. Кызуу кандуу сүрмөтоп кыргыз кыздарын зордуктай башташат. Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашаган кыздарды каалагандай кордошкон. Адам өлтүрүүлөр башталган. Түнү менен өзбектер кыргыздарды кырып чыккан. Көчөт кыздарга ата-энесинин көзүнчө айбан да жасабаган нерселерди кылганын белгилеп коюушубуз керек. Эртеси, 11-июнда кыргыздар да бириге баштаган. Бирок, колдорунда кетмен-күрөктөн башка эч нерсе жок болгондуктан, куралдуу өзбектерге туруштук бере алышпай, канчасы бул дүйнө менен кош айтышкан. 12-июнда гана жакынкы райондордон кыргыздар келип кошулганда, өзбектерге катуу сокку берилген. Ошондон кийин өзбектер өз кварталдарына кирип кетишкен. Өзбекстанга бул күндөрү 75 миңдей өзбек улутундагы жарандар качкан.
Ноокен районуна кире бериштеги “Санпа” заводунда өзбектер өтүп бараткан унааларды токтотуп, кыргыздарды өлтүрө баштаганда, кырдаал Жалал-Абадда да курчуй баштаган. Миңдеген адамдар көчөгө чыккан. Сузакта болсо он миңдеген өзбек жашачу. Кыргыздар Сузакка барабыз дегенде, бийлик өкүлдөрүнөн бир да адам басып келбей, сүрмөтоптун алдына Камчыбек Ташиев чыгып мындай деген: “Токтогула! Баргыңар келсе, мени өлтүргүлө да, сөөгүмдү тепсеп, андан кийин бара бергиле. Ошондо өзбектер айтышсын, “булар өз баласын өлтүрүп келе жатат” деп. Мына мен алыдңарда турам, аткыла”. Ташиевдин бул кебинен кийин кызуу кандуу эл сабырдуулукка келип, 1 сатта үйлөрүнө таркап кеткен.
 
Ош, Жалал-Абаддагы тополоң 15-июнга барып гана калыбына келе баштаган. Чатакты токтотууга бир да бийлик адамы катышкан эмес. Убактылуу өкмөт дайындаган коменданттар кабинетинен чыккан эмес. Исмаил Исаковдун тоого чыгып кеткенин айтышат. Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболовдун Базар-Коргон районунун Акман айылында (Текебаевдин туулуп-өскөн жери) губернатор Бектур Асанов менен ысык шорпо ичип,жатып алганын көргөндөр кеп кылышууда. А Убактылуу өкмөт согушту токтотуунун кандай чарасын көргөн? Элди мобилизациялады. Бронетехникаларды киргизди. Стратегиялык объектилерди коргоого алышты. Болду, бүттү. Көп учурда күч түзүмдөрү чечкинсиздигин көрсөтүп, эки тарап атышып аткан тараптан айланып өтүп жүргөн. Аларга так команданы берген адамдар качып жүрсо, бул байкуш жоокерлер эмне кылмак эле? БТРлерди берип коюп, карап турушту.
Бүгүн жергиликтүү калк Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду, Мелис Мырзакматовду “баатыр” аташат”. Баарынан да Ташиевдин жалгыз өзү Ош менен Жалал-Абаддагы эң оор участокторуна кирип барып, канчалаган адамдардын жанын сактап калганын айтышат. Эми гана түштөн кийин, Отунбаевасы, Атамбаеви, Бабанову кыйын болушуп, Ошко байма-бай каттап калышты. Кыйын экен, ошол оор күндөрү кайда жүрүштү? Отунбаева айтат, “биз кан кечип жүрдүк” деп. Качан, каерде? Сөздү да ойлонуп ооздон чыгарыш керек. Чындыгында чатакты Отунбаева бийлиги эмес, карапайым кыргыз элинин сабырдуулугу жана Камчыбек Ташиев өндүү адамдардын баатырдыгы токтоткон.
 
Кыргындын статистикасы
10-15-июндагы окуяларда 5 миндей темир таяктар, 1,5 миң от чачыраткан бөтөлкө, 279 Калашников автоматы, 100 мергенчилик максатында колдонуучу мылтык, 2 снайпердик винтовка колдонулган. Оштун 70 пайызы өрттөлгөн. Борбордук көчөлөрдө бир да кафе-ресторан, дүкөн, административдик имарат калган эмес. Жалал-Абаддын бештен бир бөлүгү да талкаланган. Расмий маалымат боюнча, 442 адам өлүп, 1500 адам жарадар болгон. Бирок, кыргында кеминде 2 мин адам каза тапканы эл ичинде айтылып келет. Чындык ортодо болушу мүмкүн. Анткени, бийлик чыныгы маалыматты сөзсүз жашырат, а таянганда моргко түшкөн гана өлүктөрдүн санын жазышат.
 
Ким күнөөлүү? Алар качан жазасын алат?
Былтыркы жыл Кыргызстандын тарыхында эң кандуу жыл катары жазылып калары бышык. Мына ушундай кырдаалда тынчтыкты сактап калуунун эмес, жеке бийлигинин камын көргөн аткаминерлерге да ошол тарых өз баасын берээр. Эсиңиздерде болсо, 7-апрелден кийин бийликти колго алган Убактылуу өкмөт ондогон телекамералардын алдында бүт жоопкерчиликти өздөрүнө алып жатышканын айтышкан. Эми болсо тайсалдап, ар кайсыны айтышып, суудан кургак чыгып кетүүнүн айласын издеп жатышат. Өткөндө депутат Ташиев айткандай, “баарын былгытып коюп олтурушат”. Отунбаеванын парламентте сүйлөгөн сөздөрүн уктуңуздар, депутат Камила Талиева айткандай, “Президенттин июнь окуясы боюнча айткан сөздөрүнөн кийин эч ким күнөөлүү эмес, баары сүттөн ак болууда”. Бийликтин июнь окуясын иликтөө боюнча иш-аракеттерине анализ салганда, буларга чындыктын кереги жоктой туюлууда. Макала башында белгилеп өткөнүмдөй, кайра тескерисинче, Отунбаеванын администрациясы чындыктын чыгып кетпешине колдон келишинче жан үрөп жатат. Кильюнендин комиссиясын да ошол максатта чакырышканы ташка тамга баскандай далилденип турбайбы. Бу комиссиянын төрагасы Кимми мырзанын да кандай инсан экендигин финн гезиттери жазып чыгышпадыбы. Анан ушундай адамдан кантип обьективдүү мамиле күтүүгө болсун? Бир жактуу, кыргыздарды кыргынчы эл көрсөткөнүнө карабай, Роза Отунбаева аны өз баласындай коргоп жатканы да көп нерсени каңкуулайт. Жада калса, Венада Эл аралык көз карандысыз комиссиянын сунуштарын аткаруу максатында атайын комиссия түзөөрүн жар салгандан кийин, элдин кыжыры огобетер кайнап чыкты.
 
Түштүк коогалаңын кимдер, кантип баштагандыгын бүт кыргыз эли билет. Бирок, аны уюштурган өзбек лидерлеринин кантип өлкө аймагынан чыгып кеткендиги аликүнчө табышмак. Булар менен Убактылуу өкмөт мүчолөрүнүн жылуу мамилесин эске алганда, бийликте тургандардын катышуусусуз бул иш жасалмак эмес. Кандай болбосун, бул бийлик турганда, дагы бир жолу кайталоого аргасызмын, чындык чыкпайт. Экинчи жагынан, изи сууй электе коогалаңдын уюштуруучуларын кармап, жазасын берип, ал окуяларга так баа берүү бийликтин биринчи милдети болчу. Муну да жасоого кудуреттери жеткен жок.
 
Мейли, бул мезгил да өтөөр. Азыркы бийликте тургандардын да кызматынан кол жууган учуру келээр. Кеч болсо да, ошондо түштүк окуяларынын чындыгы калкып чыгат. Кимдин-ким экенин ошондо билебиз. А азырынча жөн койгула, каалашынча өз ырын ырдап, бийлигине таянып сайрандай беришсин. Качып кеткен “батыровчуларды” деле бирден кармап келип, сазайын колго берээр да бийлик келээр. Президенттик шайлоого деле аз убакыт калды го...
 
Нургазы Анаркулов, атайын "Sayasat.kg" үчүн

 

 
Бир жылдын жүзү болду түштүктөгү кыргынга. Ошондон бери бийликте турган Роза Отунбаева баш болгон саясий элита элдин башын айлантып, саясий чайкоочулук менен алектеништи. Ошентип убакытты созушса, күндөр өтө берсе, баары унутуларын түшүндө кыялданышканын да билебиз. Эмне үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт, ошондой олку-солкулуктардан пайдаланып президенттикке жеткен Роза Отунбаева күнөөлүүлөөрдү таап, жазалоого бир да аракет жасаган жок?

 


 

 
Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
эгемендүү кыргызстандын
суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
2-макала
 
Бешинчи, этникалык саясат жөнүндө
 
1990-жылкы Ош окуяларын 20 жылдан кийин Жалал-Абад, Ош аймактарында кайталанган июнь окуялары этникалык коопсуздук Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу мамлекетте дайым көңүл чордонунда болуучу олуттуу маселе экендигин тастыктады. Кыргыз коомчулугуна “кадимден туугандык менен ыстыкоомат кылып келген кыргыздар менен өзбектердин ортосунда” 20 жылдан кийин эмне үчүн мындай кайгылуу окуя кайталанды? деген суроо коюлду. Мунун негизги себептеринин бири катары убагында 1990-жылкы этникалык араздашуунун түпкү тереңин толук изилдебей, анын негизинде концептуалдуу этникалык саясат – программа кабыл алынбай, 1991-жылы келген эгемендүүлүктүн шарданы менен бул кайгылуу окуя унутулуп калган эле. 2010-жылы болсо кайрадан кайталанган жаңжалдын тарыхый тамырларын анализдөө менен өлкөдө заманбап этникалык саясат иштеп чыгуу зарылдыгы туулду.
 
2010-жылдын июнь айынан бери аталган кайгылуу окуяны териштирүү боюнча бери эле дегенде онго жакын комиссия иштеди. Анын ичинен эл аралык деген статусу бар комиссия 2011-жылдын 3-майында өзүнүн корутундусун чыгарып, басма сөзгө жарыялады. Анда бир катар жакшы сунуштар менен катар эле кай бир принципиалдуу маселелердин бир жактуу каралгандыгы, окуянын кыргыз жаштары жасаган айрым бир эпизоддору комиссия тарабынан “адамзатка каршы” деп баалангандыгы[1] кыргыз коомчулугун олуттуу кооптондурду жана ызалантты[2]. Демек, учурда КР Президентинин алдындагы этникалык саясат бөлүмү даярдап жаткан “Кыргыз Республикасынын этникалык саясат жана коомдук биригүү боюнча Концепциясы” төмөнкү принципиалдуу маселелерди камтуусу зарыл деп ойлойбуз[3].
 
Биринчиден, учурдагы иштелип чыгып жаткан концепция акыркы жыйырма жылда болуп өткөнкайгылуу этнос аралык араздашуулардын: Ош (1990), Искра (2006), Петровка (2007), Көк-Жаңак (2009), Маевка (2010), Оша, Жалал-Абад, Базар-Коргон (2010) тарыхый тамырларын терең анализдеп, анын натыйжасында олуттуу саясий сабактарды аңдоосу зарыл. Концепция азыркы ааламдашуу жараянынын чакырыктарынан келип чыккан жаңы методологияларга негизделген заманбап этно-өнүгүү концепциясы болууга тийиш[4].
 
Экинчиден, Кыргызстанда жашаган көп улуттуу калктарды бузулбас ынтымакка бириктирүү - өлкө бүтүндүгүн жана мамлекеттин биримдигин камсыз кылуучу өбөлгө болуп саналат. Бул принцип мамлекеттин атын берген улуттун (кыргыз элинин) баштоочу ордун приоритет катары туюнуу аркылуу гана аткарылышы зарыл. Ал аракет кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолунда “ким элек, ким болдук?”, “бул заманга кимдер менен чогуу келдик жана кимдер менен келечек коом курабыз?” деген суроолорго так жооп берүү менен башталышы зарыл. Биригүү процесси этно-көп түрдүүлүктүн ичиндеги бардык саясий көз караштар, конфессиялар, менталитеттер, этно-баалуулуктар, тилдер, кулк-мүнөздөр – баары биригип бир улуттук идеянын, маселен Кыргызстан деген өлкөнүн өнүгүү болочогуна байланышкан “тагдырдын бир болуу” идеясынын алдында жүрүшү керек. Кайсы бир чектелген этноцентризм идеясы көп улуттуу жамаатын өнүгүшүн токтотуп коюшу ыктымал.
 
Үчүнчүдөн, коомдук биригүү өлкөдө жашаган бардык этностордун “Кыргызстан” деп аталган мекенинин алдындагы жалпы атуулдук жоопкерчиликке негизделиши керек. Өлкөнүн бардык атуулдарынын бир гана мекени – Кыргызстан болуп эсептелип, анын алдындагы жоопкерчилик этномаданий көп түрдүүлүктүн баарына бирдей болушу шарт. Бирок, бул жоопкерчиликте этно-көп түрдүүлүк жөнүндөгү мурунку стереотипке жооп берген “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз”, “Кыргызстандын күнүнүн алдында баары өсөт” деп аталчу концепциялар четке кагылышы зарыл. Чынында, ушул убакка чейин “ээси жок үйдө (Кыргызстанда) агы да карасы да, сарысы да күрөңү да, досу да душманы да” – баары бирдей өсүп келишкен. Азыркы, айрыкча 2010-жылдан кийинки шартта этносаясий абал кыргыз коомчулугунун биригүүсүнө карата мезгилдин жаңы чакырыктарын, башка методологияны, концепцияны талап кылууда.
 
Төртүнчүдөн, “жалпы үй” концепциясын четке кагуу менен, Кыргызстандын бардык этно-көп түрдүү атуулдары ал үйдүн ээси болгон кыргыз элинин айланасына акырындык менен биригүүсү керек. Мамлекет түптөөчү улуттун айланасына биригүү гана тигил же бул өлкөдө бекем коомдук атуулдук биримдикти түзүп, жаңы саясий улутту калыптандыра алат. Цивилизациялуу дүйнө өлкөлөрүнүн баарында (Америка Кошмо штаттарынан башкасында) так ушундай болгон. Аталган жол менен түзүлгөн мындай жаңы этно-саясий улуттун бириктирүүчү ядросу катары биздин өлкөдө кыргыз этносунун тарыхый социо-маданий баалуулуктары эсептелиниши абзел. Бул баалуулуктар байыртадан элибизде сакталып келген “гумандуулук”, “меймандостук”, “толеранттуулук”, “кечиримдүүлүк” сыяктуу белгилер менен камсыздалып, “ийкемдүүлүк” менен өлкөдөгү этно-көп түрдүүлүктү бириктирүүнү камсыз кылышы шарт. Ошол эле учурда атуулдук коомдун ичинде жашаган этно-көп түрдүүлүктүн кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү мамлекетке атын берген улуттун кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен “акылга сыярлык” баланста болушу улут биримдигин калыптандырууга зарыл өбөлгө.
 
Бешинчиден, “Кыргыз Республикасы” деп аталган өлкөгө атын берип, мамлекет түптөгөн кыргыз эли мамлекеттин суверендүүлүгүн, өлкөдөгү бардык атуулдардын бейпилдигин, демократиялык укуктарын, өлкө биримдигин, чегара бүтүндүгүн камсыз кылууда жетектөөчү ролго ээ жана негизги жоопкер. Мисалы 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча териштирген эл аралык комиссиянын Корутундусундагы “кыргыздар адамзатка каршы иш жасады” деген айыптоо чындыкка жатпаса да, анын эл аралык уюмдар тарабынан расмий түрдө кабыл алынышы так ушул “улуттук жоопкерчиликтин” кайсыл бир түрдөгү көрүнүшү. Бул жыйынтыктын туура эмес эскендигин эл аралык деңгээлде ашкерелөө зарыл, бирок, аны каалайбызбы, каалабайбызбы, чыдап, көтөрө билүү, керектүү чечимдерди ала билүү кыргыз элинин башындагы улуу милдет.
 
Алтынчы, мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө
 
Өнүгүп-өсөм деген ар кандай эгемендүү өлкөнүн ички саясатында экономика, социалдык мамилелер, руханий өнүгүү өзөктүү багыттар болуп эсептелет. Ошол эле учурда айрым бир Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө туура кадр саясатын жүргүзүү, башкарууну, күч жана сот органдарын реформалоо, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер учурдун актуалдуу маселелери катары кошумча каралышы мүмкүн. Аталган негизги жана кошумча багыттар“Улуттук идеология” деп аталган башкы принципте биригип тургандыгын танууга болбойт[5].
 
Идеология деп жарандардын бул же тигил тобунун көз караштарынын, элестетүүлөрүнүн системага келтирилген жыйындысын айтабыз. Идеология термининин XVIII кылымда илимий, саясий чөйрөгө кириши менен ал идеялар жөнүндөгү окууну (илимди) пайда кылган. Идеологиянын мазмунун төмөнкүлөр түзөт:
 
Биринчиден, идеология кең жана тар мааниде кабыл алынуучу руханий категория. Кең мааниде ал тигил же бул улуттун, элдин, тигил же бул өлкөнүн же мамлекеттин бүтүндөй саясатын, ой-пикирлерин, кулк-мүнөзүн, руханий байлыгын камтыган идеялардын жыйындысы. Ал эми идеология тар мааниде, тигил же бул улуттун же мамлекеттин дүйнө алкагындагы ордун, келечектеги өнүгүүсүн аныктап, ага жетүүгө жол көрсөтүүчү платформасы, концепциясы же конкреттүү программасы. Ал документ түрүндө да кабыл алынышы мүмкүн. Мамлекеттин баш мыйзамы – Конституция, өлкөнүн келечек өнүгүүсүн аныктаган стратегиялык концепциялар, улуттук программалар да идеологиянын тар маанидеги кызматын аткарышы мүмкүн.
 
Экинчиден, идеология тарыхый категория (Орусча айтканда категория историчная). Анткени, идеология бардык мезгилде бир калыпта болгон  туруктуу ой-пикир эмес, тарыхтын жүрүшүндө, анын ар бир өнүгүү этабында коомдун тигил же бул керектөөлөрүнө жараша өзгөрүлүп туруучу система, категория.
 
Үчүнчүдөн, ар бир мамлекеттин, улуттун башкалардан таптакыр өзгөчөлөнгөн, башкалар менен байланышы жок идеологиясы болушу мүмкүн эмес. Анткени, азыркы дүйнө бири-бирине диалектикалык байланышта турган, бири-бирин толуктаган «миңдеген-жүздөгөн айырмачылыктардын биримдиги» болгондуктан, алардан башкачаланып, теңирден тескери кайсы бир идеологияны түзөм деп ойлоо логикага туура келбеген пикир. Ошондуктан, Кыргызстан дүйнө системасынын ажырагыс бир элементи болгондуктан, анын идеологиясынын калыптанышына ички жана тышкы факторлор бирдей эле таасир берип турат.
 
Төртүнчүдөн, улуттук идеологияны “жогортон” (мамлекеттик уюмдар тарабынан) иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Аны улуттун же мамлекеттин идеологиялык кызматкерлери, же элитардык, интеллектуалдык катмары ойлоп таап, жарата албайт. Ал мамлекеттин, улуттун алдында турган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу үчүн, өтмүштүн сабактарынын негизинде азыркыны түшүнүү аркылуу улуттун менталитетин, жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен калыптануучу улуттук милдеттердин комплекси. Идеология, тигил же бул мамлекеттин, улуттун тарыхый өнүгүүсүндөгү керектөөлөргө байланыштуу мыйзам ченемдүү калыптанат. Албетте мындай объективдүү факторго, субъект катары өз өлкөсүнүн тарыхый зарылдыгын таасын сезе билген интеллектуалдуу жарандарынын активдүү жаратман позициясы да чоң көмөк көрсөтүүсү керек. Ошентип, өлкөнүн ар бир кадамы, өнүгүүгө карай болгон ар бир изденүүсү, коюлган максаттарды аткаруудагы ар бир тажрыйбасы улуттук идеологиянын тигил же бул элементтерин таап, анын мазмунун кеңейте берет. Ал процесс акыр аягында өлкөнүн, улуттук жашоо программасын – улуттук идеологиясын калыптандырат.
 
Демек, качан гана өлкө, мамлекет, мамлекеттин атын берген улут өзүнүн идеологиясын, өнүгүү концепциясын таба да, жаза да, аткара да алса, анын болочогу гарантияланган. Демек, улуттук идеологиянын тагдыр чеччү мааниси зор[6]. Улуттук идеология Кыргызстан үчүн этно-көп түрдүү жамааттын болочок жашоосунун назарияттык (теориялык) программасы жана ал мамлекеттин экономикалык, саясий жана маданий институттарынын функцияларын координациялап турат. Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде улуттук идеологияны иштеп чыгуу үчүн жыйынтыксыз аракеттер болгондугун, атайын комиссиялар тарабынан бир нече хартиялар, концепциялар кабыл алынгандыгын жакшы билебиз. Бирок, тийешелүү улуттук идеология түзүлгөн жок. Себеби, улуттук идеологиянын принциптери биздин көп улуттуу мамлекетибиздин реалдуу жашоо турмушунун улам алдыга жылуусу менен объективдүү түрдө акырындык менен эми гана калыптанып келе жатат. Ал эми ал принциптерди идеологиялык программа катары калпып чыгуу алдыдагы маселе.
 
Жетинчи, тышкы саясат жөнүндө
 
Тышкы саясат айдыңындагы багыт Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле такталган. Бул багыттын негизин тышкы саясаттагы көп вектордуулук принциби түзгөн болучу. Көп вектордуулук Чыгыш менен Батыштын, АКШ жана Европа менен Орусия жана Кытайдын, КМШнын, Борбордук Азиянын, Түркиянын жана башка жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын баланстоо аркылуу иш алып баруу болуп саналат. Чынында мындай принцип негизинен Кыргызстан үчүн өзүн актап келди. Айрым бир иш-чараларга же окуяларга байланыштуу тактикалык ката кетсе да, 20 жылдын ичинде стратегиялык ката болбогондугу кубандырат.
 
Бирок, тышкы саясат, чынында, ички саясаттын уландысы. Демек, ички саясаттагы суверендүүлүккө умтулуу аракеттеринин жемиши, экономикадагы, социалдык маселелердеги, руханий жааттагы ийгиликтер, тышкы саясаттын эффективдүүлүгүн камсыз кылуусу керек. Демек, ички жана тышкы саясатты диалектикалык биримдикте кароо зарыл. Андыктан ички саясаттагы суверендүүлүктү камсыз кылуучу реалдуу иш аракеттер жана прагматтык көз караштар тышкы саясатта да приоритеттүү принциптер болуп калуусу шарт.
 
Азыркы учурда Кыргызстандын тышкы саясаты, 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде анын басып өткөн тарыхый тажрыйбасынын негизинде аныктала бериши зарыл. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
  1. Көп вектордуулук – тышкы саясаттагы негизги багыт.
  2.  
  3. Бирок, көп вектордуулукта Кыргызстан дипломатиялык мамиледе турган бардык мамлекеттерди бирдей тегиздикте карашы тактикалык ката кетирүүгө шарт түзүүсү мүмкүн.
  4. Ошондуктан, Кыргызстан мамиледе турган өлкөлөрдү “боордош бир тууган”, “стратегиялык өнөктөш”, “жакшы мамиледеги кызматташ” жана “кызматташ” деген баскычтарга бөлүп мамиле кылуусу туура натыйжаларды алып келет. Анткени, Кыргыз Республикасынын БУУнун мүчөсү экендиги дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен бирдей мамиледе болуусун шарттаса, анын ШОС, ЕврАзЭС, ОДКБ сыяктуу уюмдардын мүчөсү экендиги бул уюмдардагы мамлекеттер менен тыгызыраак мамилени шарттап турат. Ошол эле учурда Борбордук Азия, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен өзгөчө туугандык, кошуналык мамиледе болсо, АКШ, Европа, Япония, Индия, Иран сыяктуу бир катар өлкөлөр менен болгон мамиле конкреттүү экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөн мамилени алдыңкы орунга коёт.
  5. Тышкы саясатты камсыз кылган бардык мамиледе Кыргызстан “жакшы оюнчу” болушу керек. Анткени, Кыргызстан чакан мамлекет. Анын экономикалык, аскердик, илимий-инновациялык, руханий, спорттук же рекламалык таасир-күчү аз. Демек, эл аралык түрдүү татаал шарттарда тапкычтык менен иш алып барган, ар дайым улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, бирок, өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын да билгичтик менен эсепке алган саясат жүргүзүшү абзел.
  6. Ааламдашуунун шарттарында Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүн бекемдөө -Кыргызстандын тышкы саясатынын эң башкы приоритеттик максаты болуп кала бериши зарыл.
 
Эскертүүлөр:
 
1.      Караңыз: http://www.fergananews.com/.04.05.2011. kic_report_russian_final.pdf.Отчет международной независимой комиссии по иследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
2.      Караңыз: http://www.fergananews.com/. 04.05.2011. Комментарии правительства Кыргызстана к Отчету Международной Независимой Комиссии по исследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
3.      Биз тарабынан ал долбоорго бир катар сунуштар берилген.
4.      Бул жагдайда биз тарабынан да бир катар аналитикалык ой жүгүртүүлөр жана сунуштар массалык маалымат каражаттарына жарыялангандыгын айта кетмекчибиз. Караңыз: Кененсариев Т. Странички истории: У истоков добрососедства.// Ленинский путь. 1990 г. 17, 18 августа; Ошол эле автор. Элдин тамыры анын тарыхында.// Саясий трибуна (жур)—1991 . 2; Ошол эле автор. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргызстан маданияты-жумалык 7.1991; Ошол эле автор. Жанжолнинг тарихий йилдизи (өзбек тилинде).// Ленин йули.27-28-февраль,1991; Ошол эле автор. Некоторые причины возникновения межнационального конфликта и возможные пути его устранения (На материалах юга Кыргызстана ХVIII—ХIХ вв.).// Ренессанс или регресс”/Центр исследования мира Кыргызстана.—Б.,1996.-178-185-бб.; Ошол эле автор. Этнополитические взаимоотношения народов Ферганской долины и их особенности.// Тюрко-согдийский синтез: процессы культурогенеза и политогенеза в зоне Великого Шелкового пути // Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жарчысы. Серия 1.Вып. 4.Гуманитарные науки. История. Регионоведение. Этнография. Религиоведение.-Бишкек,2004.- 96-101-бб.; Ошол эле автор. Ош окуяларынын кайталануусу опурталдуу.// KABAR агентствосу, кыргыз бөлүмү, 2006-жыл, 23-июнь.
5.      Ички саясаттын аталган багыттары жөнүндө кеп кылып олтуруу макалабыздын максаты эмес. Анын үстүнө алар көп убакытты, аналитикалык изилдөөнү талап кылар эле.
6.      Идеология улуттук, мамлекеттик, таптык, партиялык, сословиялык, кландык, корпоративдик (фирмалык) болушу мүмкүн. Өткөндү карасак, тигил же бул тарыхый доордо, кырдаалда, тигил же бул топтун өзгөчө максат-милдеттери алгач идея катары жаралып, ал топ өлкөнүн тагдырын чече ала турган абалга жеткенде мамлекеттик бийликтин идеологиясына айланган. Так ушундай идеологиянын айланасында топтолуп, коюлган максатты ишке ашырууга чечкиндүү бел байлаган өлкөнүн атуулдары «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу»  менен аракеттенгенде гана мамлекеттик максаттар, түпкүрүндө «мамлекеттик идеология»  ишке ашкан. Мындай мисалдарды Байыркы жана кийинки тарыхта, мисалы, Искендер Зулкарнайдын, Ю.Цезардын, Аттиланын, Чыңгыз-хандын, Петр I нин, В.И.Лениндин, А.Гитлердин, И.В.Сталиндин жеке идея менен мамлекеттик идеяны айкалыштырган ишмердигинен, же болбосо бүтүндөй өлкө атуулдарынын дүйнө айдыңындагы ордун аныктап, глобалдуу цивилизациядагы максат-милдетин бир идеянын алдына топтоо менен улуттук идеология жараткан Япония, Кытай сыяктуу мамлекеттердин ишмердигинен көрө алабыз.

 

 

Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
  
 эгемендүү кыргызстандын  суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
1-макала
 
Алгач суверендүүлүк деген терминге токтололу. Суверенитет термини[1] (немисче Souveranitat, французча souverainete) бийликтин үстөмдүгү жана көз карандысыздыгы деген маанини берет. Термин саясат илимине алгач XVII к. француз юристи Жиден тарабынан киргизилип, ал суверенитет термини мамлекеттин толук көз карандысыз бийлигин билгизет деп аныктаган. Кийинчерээк жаңы доордо Т.Гоббс жана Ж.Ж-Руссо суверенитет терминин жалпы элдин эркинин чагылышы катары маанини да кошушкан.
 
Тарыхый тажрыйбада суверенитеттин бир нече тиби бар: 1) мамлекеттик суверенитет (ички саясаттагы толук бийлик жана тышкы саясаттагы көз карандысыздык). Эл аралык мааниде бул БУУнун Уставында да бар. 2) Улуттук суверенитет – улуттун реалдуу толук бийлиги жана өз жашоосунун мүнөзүн, тагдырын аныктоо боюнча толук эркин билдирет. 3) Элдик суверенитет – элдик бийлик жана анын өкүлдөрүнүн социалдык-экономикалык, саясий каражаттар менен коомду башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгү. Суверенитетти абсолюттук бийлик деп саноого мүмкүн эмес, ал “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендикке жатпайт. Суверенитет эл аралык документтердин, келишимдердин, улуттук конституциялардын жана башка маанилүү документтердин принциптерине катышы бар, дүйнөлүк бардык кызыкчылыктарды да эсепке алуусу шарт.
 
Кыргыз эли ушул маанидеги суверенитетке жетүү үчүн миңдеген жылдар бою күрөшүп келген. Бирде өз алдынча мамлекет куруп, көп учурда башка империялардын, мамлекеттердин курамында болуп, азаттык үчүн жанын берген жүздөгөн эр-азаматтарын аракети менен гана 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүккө жете алды. Бирок жогор жакта белгиленгендей, анын 3 түрү боюнча толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн дагы да көптөгөн күрөштөр керек. 1991-жылы суверендүүлүктүн юридикалык жактан гана өбөлгөсүнө жеттик. Толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн бир нече этаптан турган күрөштөрдү, 2 “түстүү революцияны” басып өттүк. Али да ошол жолдо кетип бара жатабыз.
 
Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык тарыхый тажрыйбасынын фактыларына негиздеп мамлекеттин суверендүүлүгү, анын багыттары жана милдеттери жөнүндө азыноолак талдоо жүргүзүп көрөлү. Биздин пикирибизче кыргыз мамлекетинин, өлкөсүнүн суверендүүлүгүнүн бир нече принципиалдуу багыттары бар. Аларды биз “жетинин бири кызыр” деген сөзгө ылайык төмөнкү жети багытка бөлдүк:
 
1.        Бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
2.        Өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
3.        Мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө.
4.        Жарандык коом жөнүндө.
5.        Этникалык саясат жөнүндө.
6.        Мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө.
7.        Тышкы саясаттагы негизги багыттар жөнүндө.
 
Бул багыттардын ар биринин ички мазмунун аңдап, аны аткаруунун милдеттерин айкын билүү зарыл. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө алгачкы төрт багыт жөнүндө сөз кылалы.
 
Биринчи, бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
 
Кыргызстан өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкө катары өзүнүн эгемендүү тарыхында алгач, 1993-жылдын 5-майында “легендарлуу парламент” кабыл алган Баш мыйзамга ылайык[2] парламенттик-президенттик мамлекеттик башкаруу системасында жашап келгендиги маалым. Бирок, ал бир нече жолку оңдоодон кийин “суперпрезиденттик” баш мыйзамга айланып кетти[3]. Анын негизги кесепети бийликти бир адамдын (Кыргызстандын шартында президенттин) колуна чогултуу болгонун тана албайбыз.
 
Демек, Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкөлөр үчүн чечкиндүү саясий эрки бар жана тез арада мобилдүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк жараткан лидердин мамлекеттик башкарууга келиши тарыхый жактан туура болсо да[4], “үй-бүлөлүк башкаруу” калыптана түшкөн биздин мамлекетте мындай системаны кадимден элдик демократиянын тарыхый элементтери бар менталитетибиз көтөрө албады. Андыктан, 2 жолку “түстүү ыңкылаптын” шарданында 2010-жылы парламенттик башкарууга бел байладык[5]. Бул жол албетте татаал жана узак жол. Тагдыр чеччү маселелер узак талкууланып, жай баракат кабыл алынат. Идея үчүн күрөш жүрүп, ар бир маселеде альтернативдүү пикирлер айтылат. Бирок, эң негизгиси көп партиялуулук менен түзүлгөн альтернативдүү идеяларды туу тутушкан фракцияларды камтыган парламент бир адамдын колуна бардык бийликти топтоого мүмкүндүк бербей, ар бир лидердин жасаган ишине көзөмөл салып, алардын “ашынган напсисин тыйып” турат. Мына ушундай жолду Кыргызстан Борбор Азия гана эмес, постсоветтик КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп тандап алды.
 
Парламенттик жол жаш кыргыз мамлекети үчүн азаптуу изденүүлөрдү талап кылат, эл аралык каршылыктарга дуушар болот, оор сынактарды башынан өткөрөт. Анын үстүнө былтыркы июнь айындагы Ош, Жалал-Абад жергесиндеги улуттар аралык каргашалуу окуянын кесепеттери биздин мамлекеттин алдына зор жоопкерчиликти койду. Ошондуктан, ички, тышкы, оң, сол багыттардан болгон коркунучтар менен глобализмдин, мезгилдин чакырыктарына (вызовы времени) салабаттуу жооп таап, аалам айдыңындагы тар жол, тайгак кечүүдөн чыгып кетүү үчүн кыргыз улутунун менталитетине жат батыштын либералдык демократиясынын принциптерин көчүрүп албастан, же ойлонбой туруп кыргыз турмушуна эсперименттебестен байыркы тарыхыбыздан бери келе жаткан элдик уңгу, салт-санаа менен азыркы цивилизациянын жаңылыктарына негизделген моделденген технологияларды (коомдук-саясий инновацияларды) акылга сыярлык баланстоо аркылуу алдыга жылышыбыз абзел.
 
Кыргызстандын эли кечээ жакында эле мындан 20-30 жыл мурун советтик-тоталитардык системада жашап, мамлекет түзүп берет деген иждивенциялык өнөкөт менен жашап келгендиги маалым. Демек, биздин элде, коомдук турмушта жана мамлекеттик башкарууда али эски шаблондор, мурунку стеретотиптер жашап келе жатат. Бул “эскилерди” жаңы” менен алмаштырууга кеминде 3-5 муун өтүүсү шарт. Ошондой болсо да бул “өткөөл мезгилди” өлкөбүз гиганттык кадамдар менен аттоосу зарыл. Ошондуктан, тарыхый тастыкталган салттуулук менен инновациялуулуктун, эски шаблон менен жаңы ой жүгүртүүнүн, Батыш менен Чыгыштын, дүйнө жетишкендиктери менен нукура кыргыздын коомдук жашоосундагы жана мамлекеттик башкаруусундагы элементтеринин диалектикалык айкашкан моделин издешибиз керек.
 
Экинчи, өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү болуп эсептелет. Кыргыз коомчулугу илгертеден эле салттуу коомдук жашоонун, жүрүм-турумдун жана менталитеттин принциптерин сактап келген. Мындай өзгөчөлүк Батыштын кайрадан өздөштүрүлгөн (модернизацияланган) либералдык демократиясына альтернатива катары турат[6]. Мындай салттуулуктун алып жүрүүчүлөрү негизинен айыл жергесинде жашаган элеттиктер. Айылдарда кыргыздын элдик демократиясынын салттары жакшы сакталган. Көчмөн турмушту миңдеген жылдар бою башынан өткөргөн кыргыз эли XIX-XX кылымдарда гана олтурукташууга өтүп, аларда жамааттыктын (коллективизм), өз ара жардамдашуунун (круговая порука) принциптери дагы эле жандуу. Бул улуу Чыңгызхандын ясаларындагы “баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген принципке да окшош. Албетте, мында азыркы жашоого туура келбеген элементтер бар, бирок, кантсе да Батыштын “моделдешкен либералдык демократиясынан” алда канча артык. Батыштын мындай демократиясы чынында “баарын эсептеп турган рационалдуу эгоисттердин” тобунун демократиясыго. Анткени, байыркы гректердин элдик демократиясынын элементтери азыркы Батыштын жашоосунда таптакыр эстен чыккандыгын далилдөө кыйын эмес.
 
Биздин көптөгөн саясатчыларыбыз демократия жөнүндө кеп кылышып, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “демократия” деген сөздүн мааниси башкача болуп калгандыгын эске алышпайт. Карап көрөлү. 1933-жылкы Германиядагы демократиялык шайлоодо фашисттердин башчысы А.Гитлер бийликке келген. Ага чейин 1921-жылы эле Италияда Б.Муссолининин бийликке келиши да ошондой болгон. Ушундай сабактардын натыйжасында Европа элдин бардык катмарынын, жеке инсандарынын тең укук жана добуш менен демократиялык кыймылга катышуусун («демократии участия»[7]) четке кагып, “элитардык демократияны” практикага киргизишкен. “Элитардык демократиянын” өкүлдөрү саясатка каныккан, эл үчүн кызмат кылган адамдардан туруп, алар парламентаризм жолу менен бийликке таасир этишет. Бирок, Кыргызстанда булардан аша чаап, батыштын демократиясын ашкере туурап, көп учурда там-туң баскан ымыркай демократиябыз “охлократияга” айланып кетип жаткандыгын кантип тана алабыз. Байыркы грек окумуштуусу Аристотель б.з.ч. IV кылымда эле “демократия — бул туруксуз режим”. Аны туура колдонбосо сөзсүз алгач кайсыл бир топтун бийлигине (олигархия), ал эми андан ары жеке диктатурага (тирания) алып келээрин эскертип кеткен.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү, байыркы цивилизациянын башаттарынын бири болгон Орто Азиянын тарыхый салттарынын улантуучусу болуп туруп, негедир, көп учурда коомдук жашоодо чыккан татаал суроолорго жоопту XVII-XVIII кылымдарда жашап өткөн батыштын ойчулдарынын эмгектеринен издейбиз. Жапан, Малайзия, Корей сыяктуу чыгыш өлкөлөрү мындай кылбай эле жоопту өздөрүнүн салттарынан эле таба жатышпайбы. Алардын коомдук жашоосу батыштан да алдыга озуп кетпедиби.
 
Кыргызстандын эгемендүү жылдарында болуп өткөн эки ыңкылап (туурараагы экинчиси биринчисин толуктаган түстүү “жоогазын” ыңкылаптары[8]) экөө тең кыргыз элинин абалтан келаткан салттуу демократиясынын аракетинин негизинде болуп өткөндүгүн тарых далилдеди. Анткени, аталган окуялардын башында батыштагыдай тигил же бул партия турган жок, тек, диктатураны каалабаган калктын салттуу элдик бийликке умтулуусунун жемиши болду. Ыңкылаптардын кыймылдаткыч күчтөрү катары эл массасы, аларды алга сүрөгөн “харизматтуу” элдик лидерлер болушту. Бул жерде азыркы бийликте олтурган чоң чиновниктер аталган кыймылдарды жетектеп беришти деген ойдон таптакыр алысмын. Эл арасындагы чыныгы элдик лидерлер бийликке жеткен да жок. Алар бийликти азыркы саясий элитага алып гана беришти. Демек, ыңкылаптын демилгеси айылдардан, кадимден келе жаткан элдик демократияны орнотууну каалагандардан чыкты жана аны өздөрү аткарышты.
 
Ошондуктан Кыргызстанда толук кандуу суверендүү коомду куруу үчүн биз негизги тагдыр чеччү принциптерди өзүбүздүн тарыхыбыздан, ата-бабаларыбыздын жамаатчылык (коллективизм), азчылыктын көпчүлүккө, жаштардын улууларга баш ийиши, элдик, улуттук нарк-насилди сактоо сыяктуу коомдук салттардан издеп, ал принциптерди Батыштын либералдык жашоосунун сөз эркиндиги, дин жана кулк-мүнөз (совест) эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жыйналыш, митинг эркиндиги сыяктуу демократиялык укуктардын ХХ кылымда өздөштүрүлгөн укук-милдеттин заң-мыйзам базасына, анын технологияларына айкалыштыра билүүбүз зарыл. Мына ошондо гана биз Кыргызстандын келечегине “кыргыз” кейпин бере алабыз[9].
 
Үчүнчү, мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө[10].
 
Мамлекеттин биримдиги- бул өлкөнүн бүтүндүгүболуп эсептелет. Ал белгилүү бир чөлкөмдө жашаган, административдик-башкаруу системасы калыптанган, бардык жеринде борбордук жана жергиликтүү бийлик структуралары иштеген биримдик. Регионализмдик бөлүнүп-жарылуу жок. Чегара проблемалары чечилген, так жана бүтүн. Ал эми өлкөнүн бүтүндүгү бул элдин биримдиги. Анткени өлкө деген түшүнүктө негизги белги - бул эл. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. анда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Ар бир улуттун бири-биринен артыкчылыгы жок, укук-милдеттери бирдей, баш мыйзам аркылуу корголуп турат. Жашоо формасы, деңгээли, кул-мүнөзү, тили, дини башка болушу мүмкүн. Бирок, алардын биримдигине тескери таасирин тийгизе албайт. Демек, бул көп түрдүүлүктүн биримдиги (единство разновидностей) болуп саналат.
 
Элдин биримдигижөнүндө кеп кылганда бир мамлекетте жашап жаткан элдердин, улуттардын же этникалык топтордун биримдиги жөнүндө гана эмес, эл арасындагы саясий көз караштардын, турмушка, бийликке, мамлекеттеги тигил же бул орчундуу окуяларга карата болгон түрдүү мамилелердин биримдигин да көңүлгө алышыбыз абзел. Айрым учурларда бир мамлекеттеги элдердин, этникалык топтордун ажырымынан да бир улуттун ичиндеги саясий көз караштардын ажырымы коркунучтуу болушу мүмкүн. Мындай ажырымдарды көп учурда саясатчылар жаратышат. Кыргызстандын мисалында бул процессти эгемендүүлүк мезгилинде, айрыкча 2005-2007, 2009-2011-жылдардагы окуялардан көрүүгө болот.
 
Элдин саясий биримдиги дайыма стабилдүүлүктү камсыз кылып турат.Стабилдүүлүк болсо бул өнүгүү. 2002-жылдардан башталган системдик саясий кризистин жылдарында тынымсыз минтингдерден, атуулдук моюн сунбоолордон, саясий бейстабилдүүлүктөн өлкө канчалаган зыян тартты. Экономиканын өнүгүүсүнө зыян келди, инвестицияны тартуу солгундады. Өлкөнүн имиджине доо кетти. Адамдардын бейпилдиги бузулду, психологиялык травма алып жатышты.
 
Демек, суверендүүлүктүн камсыз болушу үчүн мамлекеттин биримдиги жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу зор маселе[11]. Бул жараяндын антиподдору төмөнкүлөр:
 
1) Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, регионализм. Башкача айтканда, түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси негизинен георафиялык гана түшүнүк болуп келсе да, советтик доордун 60-жылдарынан, айрыкча Кыргызстандын эгемендигинин акыркы жылдарында саясатчылар тарабынан көбүртүлүп-жабыртылып, саясатка айланып кеткендигин жашырууга болбойт. Раззаков-Усубалиев, Масалиев-Акаев, Бакиев-Отунбаева схемасындагы мамлекет башчыларынын алмашышы ушул маселенин айынан “реванш алуу” сыяктуу туюлуп, элдин биримдигине зыян келтирүүдө. Бул маселе кыргыз коомчулугунда көпкө чейин улана бериши мүмкүн. Бирок, туура кадрдык, регионалдык саясаттын натыйжасында акырындык менен аны жоюу зарыл.
 
2)   Өлкө калкынын уруулук кландарга бөлүнүшү, башкача айтканда уруучулук (трайбализм). Бул түндүк-түштүк маселесине да, жердешчиликке да, уруучулукка да, корпорациялык кызыкчылыктардын негизинде пайда болуучу ажырымга алып барат. Көчмөн турмушка байланыштуу өнүгүп келген уруучулуктан өткөн кылымдын акыркы жылдарына чейин ажырабаган кыргыз эли үчүн бул оору дагы да көпкө чейин зыяндуу антипод катары сакталып, мамлекеттик биримдикке айрыкча кадр саясаты аркылуу зыян алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн туура өнүгүшү, турмуштун жакшырышы, экономиканын, маданияттын жана элдин интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашынын негизинде бул илдеттен арылууга болот.
 
3)   Саясый ажырым. Бул процесс радикалдуу оппозициячыл күчтөрдүн расмий бийликке болгон мамилесине байланыштуу. Оппозиция, албетте, ар кандай демократиялуу өлкөнүн адаттагы көрүнүшү[12]. Бирок, оппозиция конструктивдүүлүктүн чегинен өтүп, охлократиялык жол менен мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн максат коюп, экстремисстик жолго түшсө, бул мамлекеттин биримдигине олуттуу доо кетирет. Демек, Кыргызстандын парламенттик башкарууга жана көп партиялуулук системага багыт алуусу менен 2010-жылдын аягынан баштап түзүлгөн Парламенттеги, Өкмөттөгү жана коомдогу азыркы абал кооптонууну бир топ алыстата алды. Мындай өнүгүүнү сактап калуу Кыргызстандын суверендүүлүгүнүн бекемделишинин бирден бир кепили.
 
4)   Этникалык ажырым. Бул маселенин курчуп кетиши, албетте, мамлекеттин биримдигине чоң коркунуч туугузушу мүмкүн. 1990-жылкы кыргыз-өзбек кагылышы же Ош окуялары этникалык ажырымды эң жогорку деңгээлге көтөргөндүгүн жакшы билебиз. Ал эми 2010-жылкы июнь окуялары анын канчалык коркунучтуу экендигин дагы бир жолу эскертти. Атүгүл, дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттин имиджи төмөндөп, мамлекеттин пайдубалынын жакында бузулушу (несостоявщееся государство) жөнүндө кеп-сөз жүрө баштагандыгын кантип тана алабыз[13]. Бирок, ал кудайга шүгүр токтоп калды жана этнос аралык ажырымдын жаралары акырындап айыга баштады. Ошондуктан, бул маселеге дайыма деликаттуу мамиле жасап, өлкө башчылары туура улуттук саясат алып баруусу зарыл.
 
5)    Идеологиялык ажырым. Бул коркунуч саясий ажырымга жакын. Себеби, мындай ажырымдын түпкү себептери саясий көз караштардын, партиялык идеялардын атаандашуусунан, интернационалдуулук менен мекенчилдиктин карама-каршылыгынын шовинизм менен түркөй улутчулдукка чейин өсүп кетишине байланыштуу болот. Демек, идеологиялык ажырымды конструктивдүү нукка салып, аны идеялардын “интеллигентүү жарышы” катары калыптандырууга аракет болбосо, мындай ажырым, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү кармаштарга айланып кетиши мүмкүн.
 
6) Диндик ажырым. Бул маселе Кыргызстандын шартында өлкөдө бир нече диндердин, конфессиялардын жанаша жашашына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Өлкөдө кийинки учурларда активдешкен диний экстремисттик топтордун, сепаратисттик кыймылдардын, террордукка жакын «Хизбутчулардын” аракеттери так ушул диндик, конфессиялык ажырымды күчөтүдө. Мамлекеттик деңгээлде бул коркунучтун алдын алуу кечиктирилгис маселе. Өлкө башчылары сабаттуу, кылдат саясат жүргүзүп, толеранттуулукту калыптандыруу олуттуу милдет болуп калышы керек.
 
7) Мамлекеттин чегаралык бүтүндүгүнүн коопсуздугу. Бул маселе көбүнчө Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара мамилелерге байланыштуу. Азыркы цивилизациялуу заманда мындан өтө кооптонуунун зарылчылыгы жок. Ошондой болсо да, коңшу өлкөлөрдө саясий стабилдүүлүк бузулса белгилүү деңгээлде мамлекеттин чегара бүтүндүгүндө кыйынчылык туулушу мүмкүн. Демек, демаркациялык иштерди токтотпостон, колдон келишинче тезинен чегара маселелерин чечүү суверендүүлүктү чыңдоонун ири маселелеринин бири болуп эсептелет.
 
Төртүнчү, жарандык коом жөнүндө.
 
Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүү темпи башка КМШ өлкөлөрүнө караганда алда канча ыкчам жүрүп келе жаткандыгы маалым. Албетте, жарандык коомдун өнүгүшү эл катмарынын социалдык-экономикалык, руханий талаптарын канааттандырып гана тим болбостон мамлекеттик башкарууга да таасирин тийгизип жаткандыгы жакшы деңизчи. Бирок, өлкөдөгү мындай демократиялык институттардын өсүүсүндө кандайдыр бир жагымсыз, кайсы бир деңгээлде кооптуу жагдай (негативный крен) сезилүүдө. Сөз Кыргызстанда аракеттенип жаткан эл аралык, жергиликтүү жарандык уюмдардын ондогон өкүлдөрү “модерндешкен батыштык либералдык демократиянын” салттуу кыргыз коомчулугуна жат элементтерин кээде байкоостон, айрымдары атайылап эле киргизүүгө аракеттенгендиги жөнүндө болуп жатат[14]. Эмне үчүн мындай болууда? Эмне үчүн Кыргызстанда түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын, түрдүү коомдордун, фонддордун саны Борбор Азиядагы ушундай эле уюмдардын санынан да ашып түшүүдө? Аңдап көрөлүчү. Саясий партиялардын саны акыркы мезгилде 120га чукулдап калды. Алардын айрымдарынын гана аты белгилүү болбосо, көпчүлүгүн коом тааныбайт. Кай бир партиялар, мүчөлөрүнүн саны жагынан “бир дивандык” гана. Түрлүү өкмөттүк эмес уюмдардын басымдуу көпчүлүгү Бишкекте, калгандары Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда жайгашкан. Ал эми башка элдүү пункттарда жокко эсе. 
 
Чын-чынына келгенде, алар коомдо чын эле “жарандык коом” деп аталган миссиясын актап жатабы? Биздин пикирибизче андай эмес. Партияларыбыздын басымдуу көпчүлүгүнүн али социалдык платформалары түгүл, туу тутунган өзгөчө идеялары да жок. Уставдары коёндой окшош. Ал эми ӨЭУдар болсо аларды түзгөн тигил же бул инсандардын жеке финансылык кызыкчылыктарын гана коргойт. Түрлүү партиялар, коомдук уюмдар, фонддор эптеп эле тигил же бул майда барат максат менен түзүлгөн. Же болбосо депутаттыкка ат салышууга, мүлкүн сактоого, мүмкүн гранттык жол менен эптеп акча каражатын табууга болгон аракеттин жыйынтыгы. Демек, Кыргызстанда али толук кандуу жарандык коом түзүлө элек деген корутунду чыгарууга болот[15].
 
Ошондой болсо да, 2005-жылдан кийин, айрыкча 2010-2011-жылдардагы саясий окуялардын мезгилинде, жарандык уюмдардын айрым өкүлдөрү мамлекеттик саясатка, коомдук турмушка таасир этип, активдүүлүгүн көрсөтө баштагандыгы кубанарлык нерсе. Парламенттик башкарууга кирген өлкө катары Кыргызстан жарандык коом өз миссиясына жооп берерлик абалга көтөрүү үчүн ММК жана интернет айдыңы менен айкалышкан олуттуу концептуалдуу программаларды кабыл алып, ишти концептуалдуу жөнгө салуу зарыл экендигин мезгил тастыктоодо.
 
Уландысы бар.
 
 
Эскертүүлөр:
 
1. Суверенитет термини жөнүндө толугураак караңыз: http://www.onlinedics.ru/slovar/pol/.
2. Осмонов О.Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов.-Б.,2005.-497-б.
3. Кененсариев Т. Бизге кайсыл формадагы башкаруу ылайыктуу.// Жаны кылым. 13.10.2006.
4. Мындан үч жыл мурун биз да Россия жана Казахстандын тажрыйбасындай “башында акылдуу, көсөм лидер турган мамлекеттик башкарууну” туура деген элек. Толугураак карап алыңыз: Кененсариев Т. Сейчас кыргызстанцам стоит прислушаться к «разумному авторитаризму».// Судебная экспертиза. 29.11.2008. http://209.85.129.132/search?q=cache:t__4eVtfnvQJ:www.forensicsciences.ru/news/news.aspx.Такжевwww.kyrgyznews.com/readarticle. php?article_id=1559. 29.11.2008.
5. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg. 07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011);  www.azattyk.kg.12.04.2011.
6. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
7.Укушев М. Какое государство мы строим: О демократии и свободе в смутное время. //Общественный рейтинг. 20.07.2006.
8. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg.07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011); www.azattyk.kg.12.04.2011
9. Кененсариев Т. Степная демократия: сложный опыт: Опыт демократии в Кыргызстане: история, реалии и перспективы.// Prudent Soliions//Аналитический центр "Разумные Решения"Wednesday, 21.02. 2007. 
10. Кененсариев Т. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо улуттук милдет.//Эркиндик газетасы.2007.5.12.
11. Бул маселенин олуттуу мааниси бар экендиги жөнүндө мурунку макалаларда да айтылган. Караңыз: Кененсариев Т. Эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө – ар бирибиздин мекенчилдик парзыбыз, тарыхый милдетибиз.// Кыргыз Туусу, 31.08.-3.09.2007.
12. Оппозиция жөнүндө толугураак караңыз: Кененсариев Т. Нужна ли оппозиция Кыргызстану?// Ориентир. Анал. бюллетень № 1 (13) 2006.- - С.66-75.
13. Мигранян А. Жесткий бархат (интервью) 18.09.2005 http://www.centrasia.ru/news;  Князев А. Кыргызстан - страна без государства  04.02.2006 http://www.analitika.org; Грозин А. «Пост-постреволюционная» Киргизия – несостоявшееся государство //Интернет газета - Белый Парус.26 июня 2010 г. Ошол эле автор. Псевдогосударство Киргизия. 07.10.2010. Сайт “journal-neo_com”// Электронный журнал “Новое восточное обозрение” жана башкалар.
14. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
15. Кененсариев Т. Суверенитет Кыргызстана:вчера, сегодня, завтра. Первая и вторая части.// Госагентство KABAR, 2006.07.09.

 

 

 Жолугушуу эмне берди?
 
 Өткөн жума соңунда президент Роза Отунбаева кыргыз тилдүү басылмалардын башкы редакторлору менен бейформал жолугушуп, өлкөдө орун алган саясий, социалдык-экономикалык процесттер тууралуу пикирлерин укту.
 
Президентке дал ушу кыргыз тилдүү гезиттердин баш редакторлору менен кез-кез жолугушуп туруунун пайдасы чоң экендигин өзүнүн басма сөз кызматы, кеңешчилери же болбосо жолугушууда жанында олтурган президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев айтышса болмок. Бирок, бул табылга карапайым кыргыз журналисттеринин өзүнө таандык экенин эске алганда, өзүбүз жолугушуу туурасында суранып, чуркап баргандай таасир калып кетиши мүмкүн. Ошентсе да, жолугушуу көрсөткөндөй, дал ушундай форматтагы пикир алышуу учурунда көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлөт. Отунбаева деле кыргыз радиосуна берген маегинде өтө курч, маанилүү маселелер козголгондугун, эне тилинде жарык көргөн басылмалардын редакторлорунун билим деңгээли бийик экендигин моюнга албадыбы.
 
Албетте, эне тилдүү журналисттер Акаев да, Бакиевдин да тушунда өгөйлөнүп келген. Президент баш болуп, министрлерге чейин орус тилдүү журналисттерге кошоматтанып, маалыматты ошолорго биринчи берип келишкени эч кимге жашыруун эмес. Бүгүн деле ошондой абал өкүм сүрүп келе жатат. Ошондой учурда президенттин кыргыз тилдүү журналисттер тарапка кадам таштаганы чындыгында колдоого аларлык иш.
Президент жолугушуу учурунда Кильюнендин отчету, өкмөттүн иши тууралуу өз оюн билдирди. Атамбаевди колу таза адам катары мактап өткөнгө да үлгүрдү. “Бул бийлик да Акаев, Бакиевден ашып түшкөнүн жазып жатасыңар”,- деген таарынычын да айтып алды. Негизи, реалдуу караган адам Кильюнендин отчету бир жактуу болуп калганын, Атамбаевдин өкмөтү элдин талабын канааттандыра албай жатканы, бүгүнкү күндөгүдөй коррупция Бакиевдин тушунда да болбогондугун дароо айтат. Анын бир гана себеби – баш мыйзамда. Анда Конституциянын гаранты көрсөтүлбөгөн. Башкача айтанда, бөлүп алып бийлей бересиң, а бирок, эч нерсеге жооп бербейсиң. А бул баш мыйзам кимдин тушунда кабыл алынган? Роза Отунбаеванын.
 
Президенттин, анын администрация жетекчиси Каптагаевдин бир жактуу, кыргыз тилдүү гезиттердин жалаң ушак жазып жатып алгансып, мүнөздөмө беришкени бир гана нерсени кабарлайт – гезит окушпагандыгын. Басма сөздө ушак бар дечи, бирок, негизинен көйгөйлүү маселелер сандан-санга жазылып келе жатканын эч ким тана албас. Муну редакторлор жолугушуу учурунда далилдеп бербедиби. Ошондуктан, бийлик башындагыларга айтаарыбыз – гезит окугула, гезит!
 
Барат... Барбайт...
 
Келдибековдун президенттик тууралуу билдирүүсү бурмаланганбы?
 
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “24.kg” маалымат агенттигине президенттик шайлоого катышууну ойлонуп жаткандыгы жөнүндө билдиргенин көпчүлүк маалымат каражаттарынын катарында биз да жазганбыз. Бирок, аталган агенттиктин журналисти спикердин сөздөрүн толук бербегендиктен, баштапкы оюу бурмаланып кеткенин А.Келдибеков “Sayasat.kg” сайтына билдириптир.
 
Парламент төрагасы чындыгында президенттикке азыр эмес, келечекте барууну ойлонуп жатканын, бирок, баарына мезгил жана Кудай тараза болорун агенттиктин кабарчысына айтыптыр. Бул биринчи тактама.
 
Экинчиден, спикер Камчыбек Ташиевдин партиянын тапшырмасы менен шайлоочулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан. А муну агенттик такыр башка мааниде бергендиктен, Ташиев азыртан президенттикке камылга көрүп, өлкөнү кыдыра баштагандай таасир калтырган. “Парламенттик шайлоодо биздин партия биринчи орунду ээлеген. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоочуларыбызга ыраазычылык айтканга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Коалиция, өкмөт куралып,стабилдүүлүктү алып келгенге канча күчүбүз кетти. Эми гана бошураак убакыт табыла баштады. Мен спикер катары бул жерден чыга албайт экенмин. Ошондуктан, бизди биринчи орунга чыгарган шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдирүү иши партиянын атынан Камчыбек Кыдыршаевичке жүктөлгөн”,- дейт Акмат мырза.
 
Талаш... Тартыш...
 
“Кыргызнефтегаз” бир министрдин “башын жеди”
 
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын тегерегиндеги чуу өз апогейине жетип, нааразы болгон жамааты Ош-Бишкек кан жолун бууганга мажбур болушту. Стратегиялык ишканада бир топ убактан бери башаламан абал өкүм сүрүп жатканына карабастан, бир да мамлекет жетекчисинин басып барып, элдин ал-абалын сурабагандыгынын кесепетинен абал чектен чыгууда.
 
Ишкана тегерегинде чуу башталгандан бери бул жакка бир гана Камчыбек Ташиев келип кеткен. Ишкана жамааты менен жолуккандан кийин президент, премьер-министр, спикерге маселени тез арада чечүү керектигин, болбосо, адамдар өзүн-өзү өрттөөгө камынып калганын айткан болчу. Ошондо жогорку жетекчиликтен бири да кулак салган эмес. Жергиликтүү эл Ош-Бишкек жолун тоскондон кийин гана ойгонгон Атамбаев Маммүлк министри Нурдин Илебаевди кызматынан четтетип, губернатор Бектур Асановго сөгүш жарыялап, ишканага тышкы башкаруу киргизип, Жеңиш Жумашевди убактылуу директор кылып дайындады. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду жиберди. Ошондон кийин гана абал бир аз тынчыды десек болот.
 
“Кыргызнефтегаз” кирешелүү ишкана болгондуктан, ага көз арткандар көп. “Ата-Мекен”, “Республика” партиялары ишкана тегерегинде өз ара катуу тирешүүгө барышканын билебиз. “Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт”,- дегендей, минтип таасири күч тараптар тирешип, ишкананы өздөрүнө каратып алуу укугун талашып жатканда, жөнөкөй жумушчуларга кыйын болду. Ишканада кош бийлик өкүм сүрүп, фамилиясы окшош эки Масиров башчы болуп, бири кабинетти, экинчиси кызматтык автоунааны ээлеп олтуруп алышкан болчу. Абал азыр да курч. Тышкы башкаруу киргизип койгону менен, өкмөт ишкананы тагдырын адилет чечиши керек. Бардык тараптын жүрөгүн канааттандырган чечим чыкпаса, ызы-чуу улана берет. Албетте, саясатчылар да ишкана тегерегинде чайкоочулук кылганды токтотушу абзел.
 
Чын-төгүнүн тактасак...
 
“Айат” редакторуна жөнү жок жерден асылып жатышабы?
 
Гезитибиздин өткөн санында кесиптешибиз Жылдыз Мусабекова тууралуу маалымат жарыяланган. Куштай кабар биздин редакцияга арызданып келген адамдардын сөзүнө таянып даярдалып, анда “Айат” редакторунун Ат-Башыда Айнура аттуу кызды уруп жибергени баяндалган болчу. Маалыматта бул маселе тууралуу Жылдыз Мусабекованын да өзүнүн көз карашы бар болушу керектигин божомолдогонбуз. Жаңылышкан эмес экенбиз.
 
Ж.Мусабекованы кесиптеш катары жакшы билебиз. Өз киндигин өзү кесип, Кудай берген таланты менен бүгүнкү даражага жеткени, эч кимдин этегин кармабай, түз жүргөнү белгилүү. Демек, анын бизге айтып бергендерине кошулбай коюуга негиз жок.
 
Жылдыздын айтымында, Ат-Башыда да “ОБОН” (Отряд баб особого назначения) тобу аталган, он чакты аялдар бар экен. Бу аялдарды өз учурунда Бакиевдин жан-жөкөрлөрү аябай пайдаланган. “ОБОНчулар” чынында өз айтканын бербеген, өжөр, кимдин болбосун катыгын бергенге даяр, атайын багыттагы аялдардан куралат эмеспи. “Айат” редактору да КСДП партиясынан талапкер катары Ат-Башыга барып, элге чай бере коем деп, ушул аялдарга туш келип калыптыр. Азыр да бул аялдар элге тынчтык бербей, Жылдызды барган жеринде жамандап, анын кашыктап чогулткан аброюн челектеп төккөнгө аракет жасап жатыптыр.
 
Жылдыз менен бул темада сүйлөшүп олтуруп, палван-журналист Султан Раевдин көп макаласында колдонгон бир термини эске түштү, “Жылдыздарга чаң жукпайт” деген. Эгер эл алдында таза, абийирдүү болсоң, албетте, сени миң жаманатты кылгысы келсе да, чаң жугуза алышпайт, Жылдыз...
 
Майдан.kg
 

 

 Москва сапары
 
“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көпүрө
 
Кыргызстан үчүн Россия баардык тараптан негизги өнөктөш экендиги талашсыз. Ал тууралуу узун сөз кылуунун деле зарылчылыгы жоктур. Бирок мамлекеттер аралык байланыш бир гана саясый, экономикалык мамилелер менен чектелбей, гуманитардык карым-катнаш аркылуу да коштолуп турганда бекем болоору белгилүү. Албетте, Кыргызстан азыркы экономикалык каатчылык мезгилде Россиянын колдоосуна муктаж. СССРдин курамында 70 жылдан ашык чогуу жашаган тарыхыбызды айтпаганда да, учурда бир миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз “кең пейил Россияда” үй-бүлөсүн багып, экономикабызга салым кошуп, ал тургай жарандыкты алып жашап жатышат.
 
 Ошол эле учурда Россия үчүн Азия материгиндеги Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Мындан тышкары чакан республикабыздагы калктын төрттөн бир бөлүгү орустар экендиги, ал тургай орус тили мамлекетибизде расмий тил катары кабыл алынышы да Россияны биз менен тарыхый байланышты улантууга милдеттендирип турат. Мына ушул өз ара муктаждыкты канааттандыруу максатында 2010-жылдын 6-октябрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Евразиялыктар-жаңы толкун” деген аталыштагы маданий-тарыхый багыттагы кызматташтык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылган.
 
Аталган фонд тарабынан бир жылга жетпеген кыска аралыкта көптөгөн маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мисалы, Дмитрий Киселев, Светлана Сорокина, Владимир Мамонтов, Михаил Леонтьев сыяктуу белгилүү россиялык журналисттер Бишкекке келишип, жергиликтүү журналисттерге жана студенттерге мастер-класстарды өткөрүштү. Мындан тышкары фонд Геннадий Павлюк атындагы сыйлык уюштурган. Анын жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айынын башында чыгарылып, жеңүүчүлөргө ири суммадагы сыйлыктар ыйгарылмакчы.
 
“Миң уккандан бир көргөн” демекчи, “Евразиялыктар-жаңы толкун” фонду 9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш күнүнүн алдында кыргызстандык 19 журналистке Москвадагы Кызыл аянтта болуучу парадка катышуу жана РИА Новости маалымат агенттигинде кесиптик тажрыйба алмашып келүүсүнө шарт түзүп берди.
 
Жөнөкөй жана кичипейил Ю. Ануфриев
 
8-майда Бишкекте күн бүркөлүп, жамгыр жаап турган менен “Бишкек-Москва” самолету көрсөтүлгөн график боюнча учту. Демейде иш күндөрү 4 сааттын өтүшү кыйын болгон менен бул убакыт самолетто көз ачып жумганча эле артта калып, “Шереметьево” аэропортуна кондук. Ал жерде бизди азиялыктарга мүнөздүү кичипейилдик менен бир жигит тосуп алып, күтүп турган кичи автобуска отургузду. Ичимден аны бизди чакырган тараптын кызматкерлеринин бири го деп ойлогом. Көрсө, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев өзү экен. Ар бирибиз Москвага куру кол жөнөбөй, ал жактагы тааныштарга, туугандарга базарлык ала барыптырбыз. Өзүбүздөн жүгүбүз оор. Мен аларды автобуска салып жатып, “Кайтканда ушул сумкалар баары бош кайтат, Москвадан эмне алмак элек” деп тамашалагам. Бирок жаңылышкан экенмин, эртеси күнү эле Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
Андан ары бир сааттай жол жүрүп, Останкино телемунарасынан анча алыс эмес аралыктагы “Турист” мейманканасына жайгашкан соң, Юрий Ануфриев кечки тамак үстүндө эртең баарыбыз Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышаарыбызды, саат тогуздан кечикпей барып калышыбызды эскертти. Көрсө, жыл сайын 9-майда дүйнө элдеринин көңүлүн бурган Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышып, РФ президенти, премьер-министри, саналуу гана жогорку даражадагы чиновниктери менен согуш ардагерлеринин катарында отуруу мүмкүнчүлүгү ар бир эле россиялыктарга берилбейт экен. Юрий Ануфриев Россиядагы чет өлкөлүк элчиликтер, ар кандай эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катарында бизге да Жеңиш парадына катышууга уруксат алуу оңой болбогондугун, бул маселе президенттин администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдар аркылуу гана чечилгендигин жашырган жок.
 
Жеңиш парады
 
Биз эртеси, 9-май күнү саат тогузда Кызыл аянттагы айтылган жерде болдук. Андан соң Кремлдин алдындагы атайын орнотулган орундуктарга жеткенче онго жакын текшерүүдөн өттүк. Парад башталарга он минута калганда баардык согуш ардагерлери, чакырылган коноктор орун алып отурушуп, Кызыл аянтта чымын учса угула турган жымжырттык орун алды. Россиянын, чет өлкөлөрдүн журналисттери батпайт, операторлор камерасын аянтка пушкадай буруп, саналуу минуталардан соң дүйнө жүзүнө түз көрсөтүү уюштурууга даяр турушат. Ооба, дүйнө элинин көңүлү да экинчи дүйнөлүк согушта жеңген СССРдин борбору Москванын Кызыл аянтына буруларын эстеп, ошол нечен заманды баштан кечирип, эки дүйнөлүк согушта жеңип чыккан элдин борборундагы чоң салтанатка сыйлуу конок катары чакырылгандыгыбызга   сыймыктанып да, толкунданып да турдук ...
 
Кремлдин саатынын жебеси туура 10.00дү көрсөтүп, коңгуроо кагылар замат диктордун жүрөктү толкуткан, сезимди дүүлүктүргөн үнү жаңырып, РФ коргоо министри А. Сердюков парадды кабыл алып, жоокерлер менен саламдашкан соң президент Д. Медведевге доклад жасады. Д. Медведев кыска жана нуска сөзүндө адам баласынын тарыхында фашизмди жеңген, андан соң эбегейсиз СССР мамлекетин урандыдан көтөргөн жана адамзаттын тарыхында Космоско учууга шарт түзгөн советтик жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты. Эмнегедир Д. Медведевдин сөзүнөн кийин көзүмө жаш тегерене түштү. Балким бул Лениградда окко учуп, кан майдандан кайтпай калган чоң атамды эстеген, биз үчүн жанын курман кылган аталарды эскерген, СССР деген эбегейсиз мамлекеттин бөлүнүп кеткендигине өкүнгөн, Эгемендүүлүккө жеткен менен эки ирет революция жасап, В. Путиндей, Д. Медведевдей мекенчил президенттерге жетпей жүргөн элдин өкүлүнүн көз жашыдыр...
 
Мамлекет башчынын жалындуу сөзүнөн кийин 1,5 миң аскер музыканттарынын аткаруусунда согуш мезгилиндеги патриоттук музыкалар жаңырып, 20 миң жоокер, бир миңге жакын аскердик техника параддан өттү. Мамлекет деп ушуну айт.
 
Кремлдеги кабыл алуу
 
Парад бүтөр менен бизди РФ президентинин администрация башчысынын орун басары Алексей Алексеевич Громов кабыл алды. Кремлдин кызыл дубалынын ичине тыкыр текшерүүдөн кийин өткөн соң А. Громов бизди иш бөлмөсүндө жайдары маанайда тосуп алды. Отурарыбыз менен эле Алексей Алексеевич “Жылдыз Бекбаева ким?” деп сурап калды. “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж. Бекбаева “Мен” деп айтар менен эле “Биз сизди сабап кеткен окуяга байланыштуу аябай кабатырлануудабыз. Сизди коргоого колдон келгендин баарын жасайбыз. Өзүңүз да сак болуңуз” деди. Кыргызстандын жараны болгон менен россиялык агенттикте иштеген кесиптешибизге Кремлдеги жогорку даражалуу адамдын ушунча көңүл бургандыгына баарыбыз ыраазы болуп да, таң калып да турдук.
 
А. Громов протокол боюнча 15-20 минута гана сүйлөшмөк экен. Бирок кыргызстандык журналисттер адатыбызча сөздү кызытып жибердик окшойт, алдын ала столго жайната коюлган чай, кофе, даамдардан ооз тийип, эки саатка жакын отуруп калдык. А. Громов ушунчалык жөнөкөй, ачык киши экен, майрам күн болгондуктан улам чырылдаган телефондорго жооп берген менен кайсы бир иш чарага, конокко чакыруулардын баарын кийинкиге жылдырып жатты. Негизинен ал бизден Кыргызстандагы абал кандай экендигин, былтыркы июнь коогалаңынан соң республикабыздын түштүгүндөгү кырдаал, орус тилдүү маалымат каражаттары менен орус маданияты, мектептери тууралуу сурады. Ошондой эле 9-май Жеңиш күнү Кыргызстанда кандай белгиленерин жана “Георгиев лентасы” таратылабы, жокпу деп сурады. Мындан тышкары кыргыз эли эки ирет революция жасаган менен экономикалык өзгөрүүлөр байкалбай жаткандыгын, натыйжада жумушсуз жаштар дале Россияга агылып жаткандыгы алар үчүн чоң көйгөй экендигин да жашырбады. Башкалар кандай ойдо калгандыгын билбеймин, мен дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген чоң мамлекеттин жооптуу кызматкери ушунчалык жөнөкөй экендигине таң калып, Кыргызстандагы окуяларга кызыгып, бизден да көп маалыматы бар экендигине таң калдым. Ал тургай Кыргызстандын чиновниктери коррупциялашып кеткендигин белгилеп өттү. Өз кезегинде биз да эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча өз сунуш, пикирлерибизди айттык.
 
Жолугушуунун соңунда А. Громов ар бирибизге В. Путиндин 8 жыл президенттик кызматы чагылдырылган фотосүрөт китебин тартуулады. Коштошордо кайра эле Кремлдин салтын бузуп, А. Громов менен жалпы да, бир бирден да сүрөткө түшүп, визиткаларды алмаштык. Ошентип Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
РИА Новостидеги тажрыйба алмашуу
 
10-11-12-май күндөрү Россиянын белгилүү РИА Новости маалымат агенттиги менен таанышып, пресс-конференцияларга, тегерек-столдорго, теле-көпүрөлөргө катыштык. Москванын борбордук бөлүгүндөгү Зубовский бульварда жайгашкан РИА Новостинин босогосун аттаганда эле күтүлбөгөн кубанычтуу жагдайга туш келдик. Анткени ал жерде техникалык (пол жууган, жүк ташыган ж.б.) кызматтарда дээрлик кыргыз балдар, кыздар иштешет экен. Сыягы, эки жерден каттуу текшерүүдөн өткөргөн соң гана киргизген, өтө жооптуу агенттиктин имаратына кыргыздардын кызматка алынышы деле бекер болбосо керек. Маянасы 20 миң рублдин тегереги экен. Бир кыз Токмоктон, балдар Кара-Кулжадан болобуз дешти. Иштегендерине 4-5 жыл болуп калыптыр.
 
Көп жыл Кыргызстанда иштеген, “Российская газетанын” өкүлчүлүгүн ачкан Элла Борисовна Таранова РИА Новостинин КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жатыптыр. Албетте, 1,5 миң журналист сутка боюу бир гана Россия тууралуу эмес, дүйнө жүзүндөгү маалыматты 11 тилде тараткан агенттиктен биз үчүн үйрөнө турган жагы көп экен. Журналисттерге түзүлгөн шарт, техникалык жактан жабдылышы да ойдогудай. Жүздөгөн адам отурган чоң залдан чымын учса угулат, телефон менен бакылдашкан, уюлдук телефонун кулагына жабыштырып жүргөн бирөө-жарым көзгө илинбеди. РИА Новости 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган үчүнчү күнү эле “Соб. Информбюро” болуп түзүлүп, согуш талаасынан маалымат берип турган. Кийин АПН, 1991-жылы РИА Новости болуп өзгөрүптүр.
 
Биз үчүн дагы бир өзгөчөлүк – РИА Новостиде журналисттерди ар кандай согуш, табигый кырсык, митинг, пикет жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймакка жөнөткөндө атайын даярдап, окутуп жөнөтүшөт экен. Ал үчүн атайын эки окуу зал ачышыптыр. Анткен менен ушунчалык заманбап техникалар менен “куралданган” журналисттер маалымат жыйындарында бизге окшоп эле колуна фотоаппарат, диктофон, кагаз, калем кармап отуруп маалымат даярдашарын көрүп, көңүлүм жайына келди.
 
Москвадагы кыргыздар
 
Турмуштун айынан көпчүлүк жаштарыбыз Россияда, басымдуу бөлүгү Москва шаары менен облусунда иштеп жүрүшкөндүктөн, биз алар менен жолугуп, абалын билүүгө да кызыктык. Чындыгында Москванын метросунда, көчөлөрүндө кыргыздарды көп кездештирдик. Бирок убакыттын тардыгынан, метродогу элдин селдей агымынан алар менен көз ымдашып гана, айрымдары менен гана таанышууга мүмкүн болду. Такталбаган маалыматтар боюнча Москва шаары менен облусунда жарым миллионго жакын кыргыздар бар дешти. Алар негизинен кафелерде, көчө тазалаган жумуштарда, курулуштарда иштешет экен. “Ботаника багы” метросунун оозунда гезит, журнал сатып отурган караколдук бир жигитти жолуктурдук. “Кыргызстанда аскер кызматынан пенсияга чыгып, 8 ай болду бул жакка келгениме. Биздин фирманын Москва шаары боюнча 800 түйүнү бар. Маянам иштегениме жараша 20 миңден 50 миң рублга чейин. Документти, жатакананы фирма моюнга алган. Бирок Кыргызстанга кетким келди, үйдү, балдарымды сагындым...” деп коштошту.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Москва-Бишкек
 
 
 
 
 

 

Баткендин Кыштут аймагындагы дарыядан кытайлыктар алтын чайкоо аракетин башташы жергиликтүү калкты бейпайга салды.
 
Тургундар экологиялык абалдан кооптонуп, ылдыйкы айылдардын калкы дарыянын суусу башкача даамданып калганынан чочулашууда.


Кандай иш жүргөнү ачык айтылбаганына эл нааразы

 
Баткен шаарынан 45 чакырымдай алыста турган Кыштут айылынын четинде кырктан ашык кытайлыктар Көк-Дарыяны ары бери бургулап, алтын чайкоо аракетин баштаганына бир айдан ашып калыптыр. Бирок жергиликтүү тургундардын бири да булар кимдер экенин, эмне кылып жатканын жана кимден уруксат алганын билбейт экен. Анткени бул жерди иштетип, же иштетмекчи болуп жаткандар уруксат кагазды Бишкектен эле алышат да, айыл округ башчысынын макулдугу менен ишти баштаптыр.
 


Кытайлыктар кечип жүргөн суунун төмөн жагында жайгашкан Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышовдун баамында, кен байлыкты иштетүү үчүн алынган уруксатнаамада жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынган эмеспи, же бийлик өкүлдөрү “көз кысты, бармак басты” кылдыбы, айтор ачык маалымат жок:

- Кыйла техника иштеп, бузууларды жасап, бирде дарыяны аркы жээке салса,  бирде бул жээкке салат. Өтө чоң зыян иштер жүрүп жатат. Келечекте элге, экологияга зор зыян кылат да. Экономикага канча пайда-зыян экенин эл билбейт. Эң башкысы ким уруксат бергенин, кандай иш жүрүп жатканын эл билбейт. Бийликтегилер болсо бири-бирине шылтайт.
 

Бул жергиликтүү тургун иш башталбай жатып ондогон ири техникалар дарыяны ары бери чайкап, төмөн жактан суу ичкендерди, экологиялык абалды эске алган киши жоктугун да кошумчалады:

- Бул иш дагы да күч алса биздин капчыгайдагы бир топ айылдар жабыркайт.

Амиракул Алтымышов аймактагы айылдардын эли өз ара макулдашып, жакынкы күндөрү бул ишти токтотуу үчүн нааразылык акцияларга чыгууга ниеттенип жатканын да эскерте кетти.

Суунун даамы бузулду
 

Бул жерде иштетилген суу кайра эле дарыяга куюлуп жатканынабы, айтор төмөн жактан суу ичкендер кара май даамданган сууну ичип жатканын айтышат. Чарбак айылындагы Зыйнат аттуу келинди угалы:
 

- Ушу кытайлыктар келип иш баштаганы биздин суудан солярканынбы, же башка нерсеби иши кылса бир кызыктай даам чыгып калды. Айла жок ичип жатабыз да...

Кыштут айылындагы мектеп бүтүрүүчүсү Арген болсо  бул жерге ири шаймандар коюлуп, иш башталган күндөн тарта мурда бир-эки жерден араң кармачу уюлдук байланыш да тартпай калганын айтат:

- Телефон ушулар келгенден бери тартпай калды. Мурда Жиңген, Жол-Тосор деген жерлерден уюлдук байланышты кармайт элек. Азыр Көпүрө-Башы деген жерге барып сүйлөшүүгө туура келип калды.
 
Изилдөө иштери жүрүп жатабы, же?..
 

Райондук бийликтин маалыматына караганда,  бул жерге кытайлыктарды Ошто жайгашкан  “Эр Мунай” аттуу компания алып келиптир. Баткен районунун акиминин милдетин аткаруучу Сейитмурат Калыковдун айтымында, бул жерде азыр алтын чайкоо эмес, изилдөө иштери гана жүрүп жатат:

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып “Эр Мунай” деген компания келди. Кытайлар менен биргелешип иштейт экен. Азыр иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алтын бар экени аныкталып, булар иштете турган болсо жакшы да. Зыяны да жок. Алар эч кандай зыяндуу нерсе пайдаланбайт экен. Жууп эле алышат экен. Иштеп калышса элге да пайда, районго да пайда болот.
 


Биз иш жүрүп жаткан жерге барганыбызда тосуп чыккан жергиликтүү эки жигит кароолдук милдетин аткарып жатканын, андан ары кирүүгө мүмкүн эместигин айтып, жумушчулар менен жолугушууга уруксат бербей койду:

- Сүрөт тартканга, жаздырганга уруксат бере албайбыз. Бизге ошондой тапшырма болгон. Кырктан ашык кытайлыктар иштеп жатат. Алар эмне кылып жатканын биз билбейбиз...

Канткен менен темир тор менен курчалган жердин ичинде кандай иш болуп жатканы сырттан караган кишиге көрүнүп турат. Ушундан улам жергиликтүү тургундар райондук бийликтегилердин “тек гана изилдөө иштери жүрүп жатат” дегенинен күмөн санашууда. Анткени бул жерде алтынды казып албай, суудан эле чайкап эле алууга болоору өткөн кылымдын орто ченинде эле изилденип бүткөн экен.
 
Азаттык
 

 

Уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле Кыргызстан үчүн мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупция чоң коркунуч туудурууда.
 
Бул тууралуу 30-майда Жогорку Кеңеште өткөн  “Кыргызстанга кандай реформа ылайык”  деген форумда айтылды. Кыргыз өкмөтү өлкөдө реформа жасоого кызыкдар экендигин айтууда. Ошол эле кезде форумга катышкан саясатчы-эксперттер өмөттүн реформа жасоо аракетинен майнап чыгарынан күмөн санашууда.
 
Реформанын зарылдыгы
 
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлүнүн милдетин аткаруучу Лилиан Дарий  Кыргызстан үчүн реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилөөдө.

- Бардыгы эле азыр Кыргызстанга экономикалык өсүш жана инвестиция керек деп жатышат. Экономикалык жогорулоо жана инвестиция эки нерседен көз каранды. Булар саясий туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүк кылышы. Ошондо гана өкмөттүн алдыга койгон милдеттери ийгиликтүү турмушка  ашат.

Форумдун катышуучулары өзгөчө сот системасын жана укук коргоо органдарын натыйжалуу реформалоо керектигине көңүл бурушту. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мындай дейт.

- Укук коргоо органдарын реформалоо бүгүнкү өкмөттүн жана парламенттин негизги милдети. Себеби сот тармагына жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кеткендиги айкын көрүнүш.

Коррупцияны кантип жойобуз?

 
Ал эми Кыргыз өкмөтү бул тармактарды реформалоо аракетин көрүп жаткандыгын билдирүүдө. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов реформалар ийгиликтүү жүрүшү үчүн биринчи иретте сот жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштү жоюу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле коррупция өзгөчө  коркунуч туудурууда:

- Биз Коррупцияга каршы ведомство түзүү чечимине келдик. Бирок бул мурдагылардай болбойт. Алар системалык мамиле болбогону үчүн ишке ашкан эмес. Биз оперативдүү бөлүм түзгөнү жатабыз. Ал жашыруун түрдө укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка министрликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктайт.

Атахановдун белгилешинче, Коорупцияга каршы күрөшүү кызматынын дагы бир милдети -экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү. Буга Кыргызстандагы финансылык агымдарды аныктоо жана өндүрүлүп сатылганга чейинки жолдору белгисиз болгон алтын коррупциясын табуу кирет.

Айта кетсек, Кыргызстан дүйнөдө коррупцияга баткан өлкө катары белгилүү. Эл аралык “Транспернси Интернешнл” уюмунун 2010-жылдагы иликтөөсүндө 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.
 
Натыйжасы көрүнбөгөн реформалар

 
Өкмөттүк реформалардын натыйжасынан күмөн санагандар да жок эмес. Айрымдар бүгүнкү чийки жана чабал мыйзамдар менен Кыргызстанда реформа жүргүзүү жана коррупцияны жоюудан майнап чыкпасын белгилешүүдө. Ошон үчүн алгач тезинен мыйзамдарды бекемдөө жана аларды  Башмыйзамга ылайыктоо зарылдыгын айтышты.

Мудагы депутат, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев болсо бийликтин  аракети мурдагы рефомалардай болуп, ара жолдо калабы деп чочулайт: 

- Жыйырма жылдан бери канча реформа болду. Бир да реформа айтылгандай аягына чыккан жок. Ошондуктан аракеттерге жараша кандайдыр бир өсүштөр болушу мүмкүн. Бирок биз күткөндөй болбойт. Эртең эле жыргап кеткен өкмөт болбойт.

Учурда Кыргызстандагы көпчүлүк министрликтерге реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, Ички иштер министрлиги дээрлик он жылдан бери реформаланууда. Бирок серепчилер анын эл күткөндөй натыйжасы болбой, кагаз жүзүндө гана калып жаткандыгын белгилеп келишет.
 
Азаттык

"24kg" деп аталган маалымат агенттигинин башкы директоруна тиешелүү чара көрө турган мамлекеттик кызмат барбы?


Аталаган маалымат агенттиги "Кабар" 4-майдагы пресс-конференцияда, К.Кильюнен тарабынан жарыяланган Кыргызстандын Түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча эл аралык комиссиясынын жыйынтыгына карай берилген менин билдирүүмдү атайын бурмалап жарыялаган.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй анда 74 процент өзбек улутундагылар өлгөн, бирок биринчи күндөрү өлгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыздар болушкан" - деп Салмоорбек Дыйканов түшүндүрдү" деп айтылат.

//URL: http://www.24kg.org/community/99460-salmoorbek-dyjkanov-mezhdunarodnaya-komissiya-po.html
Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөдөн да мага кайрылышып, эмне үчүн антип айттың?, эмне үчүн кыргыздарды жамандап жатасың?, - деген суроолор жаады. Менин журналистер ката кетирген деген сөзүмө ишенишкен жок.

Алар жарыялаган мындай маалыматтар эл аралык ынтымакты бекемдемек турсун кайра улут аралык жаңжалды күчөтөт жана кыргыз элинин ичин ыдыратат деп эсептейм. Бул маалымат интернетте бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, дүйнөдөгү көптөгөн адамдар окуп жатышат. Башка маалымат сайттары да көчүрмө кылып жарыялашты.

"24kg" агенттиги кылган күнөөсүн мойнуна алып, жарыя кылган кабары үчүн кечирим сурап (16/05/11 09:45) "Каталардын үстүнөн иштөө" (Работа над ошибками) деген темада төгүндөө (төгүндөө тексти тиркемеде) берди. Бирок, анда биз техникалык гана ката кетирдик, бир гана сөз (частица "не") түшүп калып текст маанисин жоготту деген шылтоо айтылган. "Кабардагы" пресс-конференцияда айтылган предлог (не) колдонулган эмес. Муну ошол пресс-конференциянын тартылып алынган видеоматериалдарынан да көрсө болот.

Жарыяланган текст маанисинен көрүнүп тургандай, ал "74 процент өзбек улутундагылар өлгөн", - деген маалыматка С.Дыйканов макул дегендей мазмунда түзүлгөн. Бул кыска маалыматтын жазылышы, структурасы атайын ойлонуп даярдалган. Бир гана сөздөн кеткен ката эмес.

Мындан мурун бир нече жолу "Асаба" партиясынын атынан туура эмес жана такталбаган маалымат тараткандыгына байланыштуу бул маалымат агенттигинин жетекчилиги ооз эки эскертилген. Тилеке каршы колуңардан эч нерсе келбейт дешкендей, ошол адатын дагы кайталашууда.

11-майда, майрамдардан кийин, биз аталган агенттиктин жетекчиси А.Оторбаевага барып ордунан таба албадык. Экинчи жолу да, макулдашылгандай 14-майда бардык. Бирок, кездешип түшүндүрүү берип, эл аралык жаңжалды ырбатпаган туура чечимге келүү аталган агенттиктин жетекчилеринин планында жок окшойт. А.Оторбаева өз кызматкерлерин колдонуп, каршылашкан абалды түзүп, мурдатан даярдалып коюлган видеокамераларга биздин ар бир аракетибизди тарттырып алууну көздөштү.

Өз күнөөсүн жаап-жашыруу үчүн А.Оторбаева өзү тарабынан түрткү болуп даярдалган чыр-чатакка коомчулуктун көңүлүн бөлүп жатат. Улуттук "Асаба" партиясын жаманатты кылышууда. Улутчулдук маанайды бандиттик жүрүшкө теңешип, ар кимге (өзгөчө укук коргоочу уюмдарга) датын айтуу менен алек. Алардын мындай аракеттеринин натыйжасында "кыргыз улутчулдары башка улуттардын өкүлдөрүн сабап жатышат", - деген жалган ушактар Жогорку Кеңештин депутаттарынын да оозунан угулуп жатат.

Болгону бир гана маалымат тараткан уюмдун кылган иши азыркы учурда ушинтип улут аралык мамилелерди курчутуп, эл арасында кабатыр маанайды жаратууда.

Мындай маалымат терроруна каршы тураар күч Кыргызстанда барбы?

Салмоорбек Дыйканов,
Улуттук кайра жаралуу
"Асаба" партиясынын төрагасы
 
Айгай

 

 

 
 
Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны изилдеген Эл аралык бейтарап комиссиянын (IIC) отчетуна карата жообу
 
 Жакында Эл аралык бейтарап комиссия (The Independent International Commission - IIC) 2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдын чыгыш себептерин изилдеп, өз жыйынтыгын чыгарды.
 
Чынында былтыркы кандуу коогалаңдан эң көп жабыр тарткан Ош шаарынын көп улуттуу калкы Эл аралык комиссиядан окуянын себептерин дыккат иликтеп, мындан ары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган бейтарап билдирүүнү күткөн эле. Тилекке каршы, отчет үстүртөн даярдалып, улуттар аралык конфликтинин ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилген эмес.
 
Отчеттун авторлору Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүнүн этникалык жана конфессиялык өзгөчөлүктөрүн, анда жашаган көп улуттуу калктар ортосундагы мамиленин тарыхын жана учурдагы өнүгүшүн жеткиликтүү билбестиги көрүнүп турат. Маселен, отчеттун «Саясый контекст» аттуу бөлүмүнүн 79-пунктунда «Түштүк Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн абалтан өзбектер түзүп келген» деп жазылып турат. Мындай калпыс факт Эл аралык комиссиянын ишине карата башка улуттардын ишенимин кетирип, кыжырын келтирет. Муну мен Комиссиянын эч качан чындыкка дал келбеген, улуттар аралык мамиленин курчушуна багытталган жеке бүтүмү деп түшүнөм.
 
 Комиссия кандуу коогалаңдын чыгышынын бирден бир себеби катары Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагылардын жогорку бийлик эшелонунда, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук, армия жана билим берүү системасында аз болгондугу менен байланыштырат. Ошондой эле, отчеттун авторлору өзбектер тууралуу маалыматтар Кыргызстандын тарыхый жана маданий булактарында аз камтылган, Оштогу музейлерде өзбектердин турмушу чагылдырылбаган деп жыйынтык чыгарат. Комиссиянын пикири боюнча, 2004-жылы «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алынган соң өзбек тили олуттуу кысымга учурап, бул өзбектердин нааразылыгын жараткан. Отчетто кыргыз жана өзбек мектептеринин саны тизмектеп саналып, өзбек мектептеринде кыргыз тил боюнча сааттын көбөйүшү, «Кыргыз Республикасы» деген расмий аталыштын «Республика Кыргызстан» деп аталбашы, «өзбек диаспорасы» деген сөздүн колдонулушу улуттар аралык жаңжалга өбөлгө түздү деп жыйынтык чыгарылган. Жаңжалга тийешеси бар тараптын таламын талашкан мындай бүтүм келечекте улуттар аралык араздашуунун чырагына май тамызышы толук мүмкүн. Эгерде Эл аралык комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өз алдынча этникалык саясат жүргүзүшүн каалашса, анда мага эч качан «улутчул» деген жарлык такмак эмес.
 
Отчетто мени улутчул катары көрсөтүү менен Эл аралык комиссия көчөдөгү ушактарды да кошо камтый кетиптир. Мисалы, Отчеттун 391-пунктунда «Июнь окуялары мезгилинде мэр айылдык кыргыздарды мобилизациялап, аларга курал таратты деген ар кандай ушак кептер IICнин (Комиссиянын) көңүлүн бурду, бирок IICнин колунда буга далил жок» деп жазылган. Мындай көчө деңгээлиндеги ушактарды отчетко кошуп жазуу, мен тууралуу далилсиз куру сөздөрдү таратуу Эл аралык комиссига эч качан аброй алып келбейт.
Ошондой эле, отчеттун 392- пунктунда «Азырынча IICде (Комиссияда) мэрдин кыргыз бандиттери менен биргеликтеги иш-аракети тууралуу жетиштүү далили жок, бирок анын улутчул риторикасы (маанайдагы сөздөрү) улуттар аралык чыңалуунун азайышына алып келбейт» деп айтылган.
 
Бул жерде Эл аралык комиссиянын урматтуу мүчөлөрү этикалык норманы такыр эле унутуп калганы көрүнүп турат. Менин шаар башчылык ишмердүүлүгүмдү эч кандай далили жок бандиттер менен байланыштыруу жалгыз гана менин талапкерлеримдин эмес, Ошто жашаган көп улуттуу элдин кыжырын келтирүүдө. Комиссиянын «кыргыз бандиттери» деген сөзү эки улутту кайрадан бири-бирине каршы койгонго барабар. Анткени бандиттердин улуту болбойт! Улуту ким экенине карабай Ош окуясында колу канга боелгон бандиттер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш! Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү колдонуу менен отчетто кайсы тараптын кызыкчылыгын жогору коюп жатканын ачыкка чыгарып койду. Бир улутту бандиттер деп кемсинтүү өтө орой, кечиримсиз ката. Мен мэр катары мыйзам бузгандарды улутуна карап бөлгөнгө жол берген эмесмин жана эч качан жол бербеймин.
 
Ал эми отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн Р.23-пунктунда «Мамлекет Оштогу кылмыштарды иликтөөдө кылмышкерлердин улутуна (этникалык өзгөчөлүктөрүнө) карабай дыккат, бейтарап жана калыс териштирип, эл аралык стандарттарга туура келген акыйкат сот жүргүзүшү керек» деп жазылган. Бул жерде Комиссия өзү айткан бүтүмгө өзү каршы келүүдө. Анткени отчеттун мага арналган бөлүмүндө Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү кеңири колдонуп, ал эми «Сунуштарда» мамлекеттик органдар кылмышкерлерди улутуна карап бөлбөө керектигин билдирген. Отчет менен таанышкан окурмандар Комиссиянын эки жүздүү мындай иш аракетине өз пикирлерин билдирет деп ишенем.
 
      Эл аралык комиссия отчеттогу мага арналган бөлүмдүн 389-пунктунда «Улутчул саясатчы катары Мырзакматов өз элин сүйөрүн, анын татыктуу жашоосу үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого даяр экендигин ачык айтты» деп жазган. Мунун эмнеси аларга жакпайт, мен түшүнбөйм. Ооба, комиссия мүчөлөрү менен жолукканда мен бул тууралуу ачык айткам. Андан танбайм. Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок менин өз элимди сүйүүм башка улуттарды душман саноо дегендикке жатпайт. Ошто жашаган бардык улуттар мен үчүн тегиз бирдей! Мен шаардагы ар бир тургундун, улутуна карабай баарынын укугун бирдей коргоого даярмын.
 
      Отчеттун 389-пунктунда ошондой эле «Июнь окуясынан кийинки интервьюсунда мэр өзбектер Кыргыз Республикасынын эгемендигине коркунуч келтирди, бирок биз аларга татыктуу жооп бердик деген. IIC менен жолугушууда ал өзбек сепаратизми келтирген коркунуч тууралуу айтып, бирок ага далил келтирген эмес» деп жазылган. Мен ал позициямдан азыр да танбайм: Оштогу кандуу кагылыштын чыгышына Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын лидерлеринин сепаратисттик чакырыктары негизги себеп болду.
 
Мамлекетибиздин утурумдук кыйынчылыгынан пайдалангысы келген Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева сыяктуу өзбек диаспорасынын лидерлери Ошто, Жалал-Абадда чоң чоң жыйындарды уюштуруп, өз улутташтарын активдүү болууга козутуп жатышты. Алар өзбек тили, маданияты, бийликке өзбектерди тартуу боюнча маселелерди гана коюшпастан, тар чөйрөдө көп жылдардан бери калыптанып калган улуттар аралык мамилеге доо кетирген кыймыл-аракеттери тууралуу элде жетиштүү маалымат бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аталган улутчул лидерлер Жалал-Абадда өз улутташтарын козутуп кан төгүлүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, 47 адам жарадар болуп, 4 адам, анын ичинде өспүрүм наристе көз жумган. Албетте, алардын бул иш-аракеттери Ош шаарындагы кандуу коогалаңдын башталышына түздөн-түз түрткү болгон. Кадыржан Батыровдун: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деген сөзү баарыбыздын эсибизде. 20 жыл илгери, 1990-жылкы тополоңдун алдында Оштогу өзбектер өз автономиясын куруу тууралуу СССР Жогорку Советине койгон талаптарын Комиссия кантип эле «унутуп» калсын. Убактылуу Өкмөттөгү айрым «кожоюндарына» таянып, сепаратизмдин желегин көтөргөн өзбек диаспорасынын лидерлери ордолуу Ош жергесине от коюп жиберишкени бүгүн ашкере болуп отурат. Комиссиянын отчетунда Кадыржан Батыровдун мындай сепаратисттик чакырыктары, тилекке каршы, «унутулуп» калыптыр.
 
2010-жылдын апрель-май айларында Ош шаардык мэриясы улуттар аралык араздашууну болтурбоо тууралуу конкреттүү пландарды иштеп чыккан. Өткөн жылдын апрель-май айларында биз өзбектер жашаган аймактарда ири жыйындарды өткөрүп, элди улут ынтымагын ыдыраткан сепаратисттерди ээрчибөөгө үндөп жүрдүк. Кооптуу абалды алдын алуу тууралуу Убактылуу Өкмөт башчысы Р.Отунбаевага кат менен кайрылып, чукул чара көрүүсүн суранганбыз. Бирок, Убактылуу Өкмөт өзбек диаспорасынын сепаратист жетекчилерине таянып, жалпы түштүктөгү кыргыздардын кыжырдануусунун пайда болуусуна өбөлгө түздү. Натыйжада Бишкектеги «убактылуу» жетекчилер Ош шаардык мэриясынын сунуштарына ишенбөөчүлүк мамиле жасап, биздин улут аралык араздашууну алдын алуу тууралуу сунуштарыбыз жоопсуз калды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын кеңири отчету даярдалган. Аны менен биз кийинчерээк жалпы окурмандарды тааныштырабыз деген оюбуз бар.
 
 Акыйкат үчүн айта кеткен оң, Эл аралык комиссия отчеттун 103, 104-пункттарында «Убактылуу Өкмөт өзбек лидерлерине жардамга кайрылды; Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыровго дем берип, аны менен бир канча өкмөт мүчөсү өтө жакын мамиледе болуп, аны талаптар менен чыгууга үндөп жатты» деп жаңжалдын чыгыш себептерине чыныгы баасын берген.
 
Белгилеп кетүүчү нерсе, ошол коогалаң күндөрү Ош шаарынын аймагында жайгашкан көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар кол салууга учурап, өрттөнүп, таланып-тонолуп кеткендиги жөнүндө Эл аралык комиссиянын отчетунда бир дагы сөз камтылган эмес жана алар тараптан эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Атап кетсек, Р.Абдыкадыров атындагы Улуттук филармония, шаардык МАИнин кеңсеси, МАИнин курулуш монтаждоо эксплуатациялык башкармалыгы, транспорттук инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы, муниципалдык суу чарба башкармалыгы, шаардык муниципалдык транспорттук автобаза, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттиги, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалык, Ош райондук электр тармактар ишканасы (ОшРЭС), электр энергиясын сатуу ишканасы, жолдор башкармалыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты, «Атайын автобаза» муниципалдык мекемеси, жарыктандыруу мекемеси, шаардык газчарба башкармалыгы, Жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишкана жана башка ушул сыяктуу калкты тейлөөчү коммуналдык кызматтардын кеңселери жабыркап, жалпысынан 16073094,0 миң сомдук чыгымга дуушар болгон.
 
Ошондой эле, өзбек кварталдарында «КАМАЗ» маркасындагы жүк ташуучу автоунаалар ок өткөрбөөчү темир менен капталып, кайрадан өзгөртүлүп, атайын ок атуу үчүн даярдалган айнекчелер жасалгандыгы, алардын согушка даярдангандыктарынын ачык белгиси экендиги жалпы журтка маалым болду. Албетте, мындай даярдыктар көп убакытты талап кылаары айтпаса да түшүнүктүү. Тилекке каршы, Эл аралык комиссиянын отчетунда конфликтке алып келген даярдыктардын алдын ала болгондугу жөнүндө эч кандай тыянак чыгарылган эмес.
 
Мени өкүнткөн бир жагдай: отчетто Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун улуттар аралык жаңжалдын турукташуусуна кошкон зор салымы айтылбай калган. И.Каримовдун биздин ички ишибизге кийлигишпеген акылман саясаты, эки мамлекет ортосундагы чек аранын бекем жабылышы жана качкындарга гумманитардык көмөк көрсөтүшү Ошту жана жалпы Борбордук Азияны чоң апааттан сактап калды. Көп улуттуу ордолуу Оштун калкы анын Кыргызстанга карата жасаган боордоштук мамилесин ар дайым жогору баалайт.
 
Жалпыбызды өкүнткөн дагы бир нерсе, Эл аралык комиссия отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн 402, 403, 404, 408, 409-пункттарында Кыргыз Республикасын «Республика Кыргызстан» деп атоону, өзбек тилине муниципалдык жана аймактык деңгээлде атайын статус берүүнү, мамлекеттик радио-телеберүүлөрдөн өзбекче берүүлөрдү уюштурууну, өзбек тилиндеги университет, мектептерди ачууну, коопсуздук күчтөрүнө өзбектерди тартууну Өкмөткө сунуштаптыр. Учурунда өзбек диаспорасынын лидерлери койгон бул талаптар, тилекке каршы, бара-бара улуттук сепаратизмди күчөтүп жибергени белгилүү. Дал ушул талаптар 1990-жылы жана былтыр июнда Оштогу каргашага себеп болгон. Бир диаспоранын таламын талашкан бул талаптардын Эл аралык комиссия тарабынан күн тартибине кайрадан коюлушу улуттар аралык ынтымакты эч качан бекемдебейт. Тескерисинче, ыдыратат. Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгармайынча ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз.
 
 Мен мурда бир канча ирет белгилегендей, Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү экени дал ушул жаңжалда ачык билинди. Бул кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тиешеси жок. Акылман калкыбыз колу канга боёлгон сепаратисттерге өзүнүн татыктуу баасын берди, аларды саясый аренадан гана эмес, өлкөбүздөн да кууп чыгарды. Өз элинен, өз жеринен качып, бозгунда безип жүргөн ошол сепаратисттер, алардын парда артындагы демөөрчүлөрү сөзсүз түрдө мыйзам алдында жазаланышы керек. Алардын жасаган кылмышын ордолуу Оштун эли эч качан кечирбейт!
 
Кыргызстанда улуттар аралык кандуу коогалаңды экинчи болтурбоо үчүн мен Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгууну сунуштайм. Концепция үч негизги суроого жооп бериши керек.
Биринчи суроо – улуттук биримдик деп биз эмнени түшүнөбүз? Бул Кыргызстанда жашаган ар кайсы этникалык жана диний топтордун бирдиктүү коомчулугу. Мисалы, Америкада жүздөгөн этностор жашайт, бирок аларды биз улуту боюнча америкалыктар деп билебиз. Биз да ушул жол менен өнүгүшүбүз керек. Кыргызстанда жашаган бардык этностор өздөрүн Кыргызстандын бирдиктүү элибиз деп түшүнүшү зарыл. Бул турмуш мыйзамы.
 
Экинчи маанилүү суроо – эмне үчүн биз улуттук биримдикти бекемдешибиз керек? Буга баарыбыз бирдей жооп беребиз – мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо башкы милдет! Коопсуздук сакталганда гана өлкө алдыга жылат. Өлкө өнүккөндө гана жарандардын турмушу жакшырат.
 
Үчүнчү суроо – улуттук биримдиктин негизи эмнеде? Кыргызстан калкынын биримдиги бардык этностордун жалпы тарыхында, алар туу туткан баалуулуктарда жана бирдиктүү келечекте.
 
Биз кандуу окуядан туура жыйынтык чыгарып, этникалык саясатты акыйкат жүргүзгөндө гана жергебизде тынчтык болот. Ошол себептен азыр Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди. Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Ошол эле кезде биздин өлкөдө жашаган башка улуттар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын биринчи планга коюп, ажайып Ала-Тоону өз мекеним деп түшүнгөндө жана түпкү улуттун тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт. Келгиле, баарыбыз «өткөн ишке салабат» деп, коңшу коңшуга, аркы көчөдө жашагандар берки көчөдөгүлөргө кек сактабай, мамлекеттин бүтүндүгү жана улуттардын биримдиги үчүн күч үрөйлү!
 

Кабар

 

 

 

 

 «Фабула» гезитинин 3-майда чыккан санында Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов коалиция, өлкөнүн башкаруу системасы тууралуу маек курду.
 
- Кыргыз эли үй-бүлөлүк жана кландык жол менен башкарууга каршы чыгышып, өлкөдө эки ирет төңкөрүш болуп өттү. Ушул төңкөрүштүн жыйынтыктары канааттандырарлык деп эсептейсизби?
 
- Эң алгач революция менен көңтөрүш (бийликти алмаштыруу) маанисин чечип алсак. Революция бул бүтүндөй коомдук түзүлүштү төңкөрүп салуу менен өзгөчөлөнгөн жаңы коомдук түзүлүшкө өтүү. Ушундан улам, элибиз муну төңкөрүш деп, тээ өткөн кылымдын 1917-жылы атап алышкан. Демек, төңкөрүш бүтүндөй терс көрүнүштөрдү астын-үстүн кылуу деп түшүнсөк болот.
 
Көңтөрүштү төңкөрүштүн синоними катары караганга макул эмесмин. Көңтөрүш бул бийликтегилерди гана алмаштыруу же маанилик жактан жөн эле бунт деп түшүнөм. Ошол себептен, 1917-жылдагы Орусиядагы 1991-жылдагы кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө ээ болушу революция (төңкөрүш), 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдин бийликти кулатышы революциялык (төңкөрүштүк) мазмунга ээ болгону менен, аягында элдин ишеними орундалбай калып, алар жөн эле көңтөрүш (бийликти гана алмаштыруу) мазмунуна ээ болуп калды.
 
Дагы белгилеп өтөйүн, сиз да, биз да социалисттик системада жашап, анын идеологиясында тарбияланганыбызды танбайлы. Биз чанган марксизм-ленинизм идеологиясы революция бул массалык кыймылдын нааразылыгы менен бүтүндөй коомдук түзүлүштү өзгөртүү деп аныктайт. Бизде болсо реформалар же болбосо бийлик тарабынан айрым өзгөртүүлөр гана киргизилип жатат. Демек, биздеги элдин эки жолку бийликти кулатышын революция же төңкөрүш деп айтуу кыйын.
 
- Эл ишке ашырган революциянын багытын жана маңызын сактап калууга революцияны толук ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүк бар беле?
 
- Ооба, бизде революциянын жеңишин толук ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ушул максатта мен люстрация маселесин киргизгем. Эгерде ошол учурда люстрация мыйзамын Убактылуу өкмөт колдоого алганда коррупцияга белинен баткандарга, бардыгын мансапка жана бийликке алмаштыргандарга, принциптери жок, идеялык багыты жок эпчилдерге бийликтин бутактарына кайрылып келишине бөгөт коюлмак. өлкөдө элди алдаган реформалар эмес, революциялык орун которуштуруулар ишке ашырылып, бардыгыбыз тазалануу жолуна өтмөкпүз. Албетте, эски бийликтердин өкүлдөрү тарабынан күчтүү каршылык жаралмак, бирок биз мыйзам жолу менен алардын жолун бөгөп, элдин ишенимине гана ээ болгон инсандарды бийликке алып келмекпиз. Тилекке каршы, люстрация (тазалануу) мыйзамы колдоого алынган жок да, мурдагы бийликтегилердин тиреги болгон негизги күчтөр кайрадан жооптуу постторго жайланышып алышты.
 
- Өткөн кылымдын 60-жылдарында АКШда катуу шамал болсо да, «СССРдин тийгизген таасири» деген маалыматтар берилип келгенин ошол учурда АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгын (ЦРУ) жетектеп калган Даллес буга каршы чыгып, куру дүрбөлөңдөн куткарган экен. Бизди азыр ошол сыяктуу бир окуя болсо эле, «акаевчилер», «бакиевчилер», болбосо үчүнчү күчтөрдүн аракетинин натыйжасы деп кыйкырып чыккандар күчөдү. Буга сиздин пикириңиз кандай?
 
- Мен мындай бөлүнүүлөргө макул эмесмин. Бизде эки жол бар болчу. Биринчиси, люстрация мыйзамын кабыл алып, Акаевди, Бакиевди жана сиз белгилеген үчүнчү күчтөрдү колдогондорду жана пайдалангандарды ооздуктоо керек эле. Бул эл тарабынан төңкөрүштүн (революциянын) талабы катары кабыл алынып, алар бийлик бутактарында басымдуу күчкө ээ болушуна жолдор буулмак. Бирок бул Убактылуу өкмөт тарабынан колдоого алынган жок.
 
Экинчиси, эми буларга акаевчил, бакиевчил деп айып коюуга мыйзамдык да, моралдык да укугубуз жок. Алар парламенттик шайлоого катышууга укук гана албастан, шайлоодо жеңүүчүлөрдүн бири болуп калды. Биз укуктук мамлекет болууга умтулуудабыз. Демек, шайлоодо утсак, экинчи тараптын, ачык айтканда, каршылык тараптын пикири менен эсептешүүбүз керек. Эми сен тигинин же мунун адамдары деп күнөө коё аласыңбы? Менимче, шайлоого катышканга мүмкүнчүлүк бердикпи, жеңип чыккан тараптарга эми сыйыртмак ыргытууга мүмкүн эмес.
 
Бизде бир гана максат – жалпы кыргыз элинин жашоо-шартын жакшыртууга багытталууга тийиш. Мамлекеттик чиновниктердин тиги же бу бийликте кызмат кылганына эмес, коррупцияга аралашпагандыгына, өз милдетин канчалык деңгээлде абийирдүүлүк менен аткаргандыгына жараша бааласак болмок. Эгерде ичип-жегени бар болсо, алардан тазаланышыбыз керек. Кудайга шүгүр, аларды алмаштырар кадрларыбыз жетиштүү. Бир гана маселе – кимиси камчыны ким үчүн чапты?
 
- Демек, сиз азыркы коалициянын түзүлүшүнө каршы эмес турбайсызбы?
 
- Шайлоо кандай өткөнүнө бааны биз эмес, тарых өзү талдай турган учур келет. Биз мыйзамдуулукту талап кылган соң, алардын кайсы жол менен өткөнүнө эмес, өлкөдө демократиялык алгачкы кадамы катары карасак, туура болмок. Коалиция партиялардын өз ара тирешүүсү алдында түзүлдү. Эми муну жалпыбыз таанууга туура келет. Эң негизгиси коалиция курамы такталып, өлкөдө стабилдүүлүк орноду. Мен буга каршылык көргөзбөйм. Мыйзамга ылайык, колдоого алам.
 
- Өкмөт курамынын түзүлүшүндө да пикир келишпестиктер бар. Айрыкча сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын багытында ачык көрүнүүдө. Ага сиз эмне дейсиз?
 
- Белгилей кетейин, Кыргызстан алгачкы ирет парламенттик башкарууга өттү. Бул жактан биздин бийлик бутактарында тажрыйба жок. Натыйжада бир канча кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр пайда болууда. Ал үчүн бир тарапка айып коюудан алысмын. Мындай кырдаалга өлкөбүз толук даярдыкта болбогондугу себепкер деп эсептейм.
 
Парламенттик башкарууга өтүү – чыныгы демократиялык бийликти орнотуунун алгачкы жерпайы болуп отурат. Кыргызстандагы төңкөрүштүн бийлик бутактарынын милдеттерин бөлүштүрүү партиялык-парламенттик башкаруунун орношу эле жалпы Азия өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизүүдө жана азыркы күндө революция ишке ашырылган мамлекеттерде бул система колдоого алынууда. Муну биздин өлкөнүн зор өзгөчөлүгү катары карасак болот. Партиялык-парламенттик башкаруу туура кабыл алынганын айгинелейт.
 
Коалициялык өкмөттөр бүтүндөй өнүккөн өлкөлөрдө түзүлүп келген, түзүлүп келет, түзүлө берет. Азырынча мындан да туура жол табыла элек. Ошол себептен коалицияга кирген партиялардын макулдашуусу менен өкмөттүн курамынын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм жана аны колдойм. Бул мамлекетибизде стабилдүүлүктүн орношуна салымын кошуп отурат.
 
Ошентсе да, коалициялык өкмөттүн иш-аракеттери талапка жооп бербей жатат. Кыргызда: «Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат» деген акылман сөзү бар. Менин сын пикиримди мурдагы өнөктөштөрүм туура кабыл алабы, же «душман» катары санайбы, алардын өз эрки, бирок өзүмдүн чын пикиримди ачык айтып коюну туура таптым.
 
Премьер-министр А.Атамбаев башында турган коалициялык өкмөттүн азыркы экономикалык саясатында көптөгөн кемчиликтер бар экенин айткым келет. Ушул мезгилге чейин коалициялык өкмөт өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү программасын Жогорку Кеңешме сунуштай элек. Ошону менен катар бул багытта мыйзам чегинде бекитүүгө өз сунуштарын киргизбегендиги терс пикирлерге алып келип жаткандыгын белгилей кетейин.
 
Жогорку Кеңештен премьер-министрге президенттин деңгээлинде укук берилген. Айрыкча, кадрлар меселесин А.Атамбаевде чечүү укугу бар. Ал чечкиндүүлүк түрдө эл ишенимин актабаган айрым кадрларды алмаштыруу маселесин жеке чечүүсү керек. Кадрларды тандоодогу жоопкерчилик ага жүктөлгөн. Бул демократиянын бир талабы болуп саналат. Эр-жигитке, айрыкча өкмөт башчысына жалтактык жарашпайт, эгерде премьер-министрдин бүтүндөй жоопкерчиликти моюнга алып, аны реалдуу мүнөздө чечсе, депутаттардын жана жалпы элибиздин колдоосуна ээ болушуна шек жок.
 
Мындан тышкары өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн башкы Программасын Жогорку Кеңешке али койбой келгени өкүнүчтүү. Бул анын негизги милдети. Эгерде бул багытта кеңири Программасы талкууга алынса, жалпы кыргыз элинин реалдуу колдоосуна ээ болушуна шарт түзүлмөк. Бул сыныбызды премьер-министр А.Атамбаев туура түшүнсө, бул өзүнө жалпы элдин кадыр-барктоосуна алып келүүчү ишенимдүү жол болуп калат.
 
- Азыркы күндө коалицияны таркатуу маселеси курч мүнөзгө ээ болууда. Анын зарылдыгы канча жана мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө келтирер зыяны жокпу?
 
- Менимче, эл аралык мамилелер жаңыдан жолго коюлуп жатканда коалицияны таркатуунун кажети жок. Ансыз да ыркы кеткен өлкө катары таанылган учурда коалиция таркатылса, көптөгөн мамлекеттерге ишенимди жоготобуз. Бул чет өлкөлөрдөн инвестиция жана грант түрүндөгү каражаттарды тартып келүүгө бөгөт болот да, өлкөдө кымбатчылык өз өкүмүн жүргүзөт. Коррупция жана кылмыш иштери күчөйт. Натыйжада, калктын жашоо деңгээли дагы кескин төмөндөп, кайрадан калктын көтөрүлүп чыгышына алып келет. Биз буга жол бербешибиз керек.
 
- Коалицияны таркатуу күн тартибиндеги маселеге айланганы баарыбызга белгилүү. Айрыкча, сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын аракети бул пикирге келүүгө аргасыз кылып отурат.
 
- Эскерте кетейин, биздин максат - өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, анын экономикасын жогорулатуу. Ал эми сын-пикирлер кетирилген кемчиликтерди жоюуга негиз болууга тийиш. Албетте, партия ичинде ар кыл көз караштагы ойлор айтылат, бирок ал ар тараптан талдоого алынып, добушка салынат. Биз көпчүлүк добуштарды гана колдоого алабыз. Демек, «Ата Мекен» партиясы коалициясын таркатууга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагууга туура келет. Ал эми партиянын айрым мүчөлөрүнүн кеп-сөзүн бүтүндөй партиянын пикири катары саноого болбойт. Ал эми өзүмдүн жеке пикиримде, коалиция сакталып, алар өлкөдө ишкерлерди ар тараптан колдоого алышы, айыл чарбасын көтөрүүгө жана өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүү жолдоруна, ишенимдүү жолду табууга күч-аракеттерин жумшоого тийиш. Бизде башкача арга жок.
Фабула
 

 

Эл аралык иликтөө комиссиясы (макалада мындан ары англис тилинен кыскартканда – IIC) 2010-жылдын июнь айындагы түштүктө орун алган кайгылуу окуялар боюнча өз изилдөөлөрүнүн корутундусун коомчулукка сунуш кылды. Кызыктын баары ушул 100дөн ашык барактан турган документте экен...