Жүз күн

Жакында Улукбек Марипов жетектеген өкмөт 100 күндө аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарып, ЖМКларга өзүн позитивдүү көрсөтө турган көп маалыматтарды таркатты. Ал маалыматтарга ылайык, өкмөт 50 милдетти аткарууну милдет кылып койсо, анын 38и аткарылыптыр.

Жарандарга чет элдик биометрикалык паспорттор бериле баштап, консулдук кызматтардын акылары, курулушка, бизнеске уруксат берүүчү документтер азайтылыптыр, сырт жактарда өлгөн мекендештерибиздин сөөктөрүн алып келүүнү өкмөт өзүнө алыптыр. Мамлекеттик жана токой фондуларындагы жерлерди алуу, жеке ишкерлерге салыктык режим ж.б. жеңилдетилип, өсүмдүк майларын, шекерди экспорттоого тыюу салыныптыр. Өкмөт аткардык деген иштердин тизмеси отузга жакын, алардын баарын бул жерде саноонун кажети жок. Айтайын дегенибиз, майда-чүйдө маселелерде өкмөт бир катар иштерди аткарган менен негизги башкы маселелерге келгенде өз милдетин аткара албагандыгын ачык айталы. Алар кайсылар?

Өкмөттүн ишинин эң башкы көрсөткүчү, аны баалоонун сын-ченеми -  экономика жана калктын социалдык абалы. Калгандары ушул экөөсүнүн алдындагы майда-чүйдө нерселер. Тилекке каршы, бул экөөсүнө келгенде Улукбек Марипов жетектеген Министрлер кабинети өз милдетин аткара албады, бул жагынан Кыргызстан өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда өсүү болбоду. Былтыркыга салыштырганда беш айдын жыйынтыгы боюнча экономикабыз 1,5 пайызга артка кетти. Сырт жактардан тартылган инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын окшош мезгилиндегинин үчтөн бирине араң жетти. Ал эми күндөлүк тиричиликке зарыл азык-түлүктөрдүн бааларынын күн санап өсүүсү элдин аңын учура тургандай чекке жакындап баратат. Жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майлардан тартып, бардык товарлар кымбаттады. Элүү сомдон ашпаган кумшекердин баасы 60 сомдон ашты. Өсүмдүк майларынын баалары асман чапчып баратат. Сабиздин баасы 100 сомго чейин чыкты. Калган азык-түлүктөр жөнүндө айтпай эле коёлу, аларды сиздер жакшы билесиздер. Жаздан тарта азык-түлүктөргө кошо курулушка керектелчү материалдардын баалары да кескин жогорулады. Ал эми аты өчкүр Ковид-19дун таралышы болсо, былтыркы жайдагы деңгээлге жакындап баратат. Өткөн жылдын жайындагы пандемиялык абал  “кара июль” деп аталып, ага жол бергендерге карата кылмыш иштери козголду эле, быйылкы жайдагы пандемиялык абал боюнча да У.Мариповдун Кабинетинин мүчөлөрү айыпталуучулардын катарына кошулат окшоп калды. Азыр айрым медиктер алдыдагы эки жумада пандемиянын элге таралуусу былтыркы жайдагы деңгээлге жетеээрин болжолдошууда. Кудай анын бетин ары кылсын, жаман айтпай жакшы жок дейт, бирок айрым врачтардын божомолдору ырасталса, бул Кабинет атпайдын бир күн бийликте отурганга моралдык акысы, укугу калабы? Албетте, жок! Эгерде Президент бул өкмөттү садагага чаппаса, ал бумерангдай айланып келип, өзүнө тийет. Анда быйылкы эгилгендерди, тигилгендерди жыйноо менен кошо саясый абалдын курчушу менен коштолуусу да ыктымал. Тилекке каршы, агы кызыкдар  сырттагы айрым саясый күчтөр да бар. Жакында Тажикстандын оппозициядагы бир блогери Эмомали  Рахмон жакындарын, ишенимдүү чиновниктерин чогултуп, Кыргызстандагы саясый бийликти алмаштыруу маселесин талкуулагандыгы  жарыяланды. Анын канчасы чындыкка ылайык келет, аны бир кудайдын өзү билет, бирок андай шыбыштын чыккандыгынын өзү эле көп нерсени каңкуулап турат.

Экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү, пандемиядагы абал боюнча сөзсүз Кабинет жооп берүүсү керек. Бул дүйнөлүк практикада калыптанган норма. Чыны-чынына келгенде айрым багыттардагы жолдордо кандуу автокырсыктардын көбөйүп кеткендиги үчүн да Кабинет керт башы менен жооп берет. Мисалы, Испанияда чоң темир жол кырсыгы болгондугу үчүн Өкмөтү толук отставкага кеткен.

Калыстык үчүн айталы,  азыркы абалды кандай өкмөт болсо да оңдой алмак эмес. Кыргызстандын саясый курсунун кескин өзгөрүүсү, тышкы саясый, экономикалык байланыштардын солгундап кетүүсү, пандемия  экономикалык, социалдык абалдарга сөзсүз терс таасирин тийгизмек. Ал иш жүзүндө тийгизүүдө. Бирок, кандай кырдаал, абал болбосун бийлик ага керт башы менен жооп берет. Бул да дүйнөдө калыптанган аксиома. Азыркы абалды кийинки Кабинеттин деле дароо оңдоп жиберүүсү кыйын. Бирок, өкмөттүн, Кабинеттин маңдайына кырдаалдын, жагдайдын  курмандыгы болуп туруу да жазылма, биз ага эмне дейбиз? “Бектер кетет-эл калат, бетеге кетет- жер калат” демекчи, кырдаал, жагдай өзү эле бийликти алмаштырып турат. Бул Кабинеттин да садага чабылчу маалы жакындап калды окшойт. Кийинкисинин жолун жараткан оңдосо, колдосо  болду.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити