Тарыхый кадамдар...
Өткөн жуманын ичи резонанстуу суракка алуулардын, коррупциялык шектер боюнча кармап, камоолордун бурулуш этабы болуп калды. Коррупциялык шектер менен эл билсе да чоң бийликтеринин, эбегейсиз байлыктарынын жардамдары менен дайыма суудан кургак чыгып кетип жүргөн мурдагы жана азыркы жогорку даражадагы чинвниктердин жоон тобу сурактарга чакырылып, бир бөлүгү УКМКнын убактылуу кармоочу жайларында калтырылды. Аларга коюлган айыптоолорду сот эки күндүн ичинде карап чыгып, камакка алуу же тергеп-тескөө иштери бүткүчө үйлөрүндө жүрө берүүгө уруксат берүү тууралуу чечим чыгарышы керек.
Экс-мэр Азиз Суракматовдун байлыгын, Бишкекти башкарып турганда да байлыктарын арттыргандыгын эл жакшы билет. Бирок, УКМК аны борбор калаанын түштүгүнөн көп кабаттуу жайларды куруу үчүн 15 гектар жерди мыйзамсыз ээликтеп алгандыгы боюнча айыптап, эки айга камакка алды. Ал мурда шаардын так ортосундагы жер аянтын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн айыпталып, мамлекетке келтирген зыяны үчүн ал участокко курган көп кабаттуу соода жана көңүл ачуучу обьектиси мамлекеттин карамагына өткөрүлгөндүгүн билебиз. Эми тергеп тескөө иштеринин жүрүшүндө экс-мэрдин дагы кандай мыйзамсыз иштери аныкталат, ал азырынча белгисиз. Же А.Суракматов тергеп-тескөөчүлөр менен кызматташып, мамлекетке келтирген зыяндарын ордуларына койбосо, анын узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу реалдуу болуп баратат.
Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын жаңы бийликке келгендер “Кумтөрдү” эл, мамлекет үчүн иштетүүгө шаңдуу убадаларды беришсе, алардын бири да аткарылбагандыгын, тескерсисинче “Кумтөр” маселеси жогорку деңгээлде он жолу кайра каралса, ар кайра каралган сайын Кыргызстандын долбоордогу үлүшү, реалдуу бюджетке түшкөн кирешеси азайып гана келгендигин жакшы билебиз. Алардын баары жөн жерден болбогондугун, алардын артында айрымдардын аябагандай чоң каржылык кызыкчылыктары болгондугу үчүн Кыргызстандын ири алтын кенинен алган кирешеси азайып жаткандыгын элдин баары эле билчү. Эгерде өз кызыкчылыгы болбосо, кандай акыл-эси ордунда турган адам “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн азайтууга макулдук бермек? Айрымдардын аябагандай чоң кызыкчылыктары болгондугу үчүн “Кумтөр” “Центеррага” биротоло өтүп кете жаздаган, эми ал кызыкчылыктардын артында кимдер болгондугу аныкталып, айрымдары кармалууда. Дагы канчасы “Кумтөрдөн” алгандарынан гана эмес, эрктеринен да ажырашат, аны келечек көрсөтөт.
АШАнын тушундагы премьер-министрлердин, Кыргызстандагы эң чоң олигархтардын бири жоболоңдүү Өмүрбек Бабанов да “Кумтөрдүн” иши боюнча суракка чакырылып, андан чыкпады. Эки күнгө кармалды. Сот жүйөлүү деп тапса, андан ары эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгени турат. Ага удаалаш экс-премьер-министр Темир Сариевдин ысмы да көп кайталана баштады. Ал мурда Кытайлык бир компанияга жолдорду реабилитациялоодо тендерден утканга жардамдашып, ал кызматы үчүн ири суммада акча алгандыгы жөнүндө айыпталып, бирок ал эмнегедир аягына чыгарылбай калса, азыр “Центерра” менен да жең ичинен кызматташып, анын позициясын жакшыртканга жардам кылган деген шек менен суракка чакыртыла баштады. Жакынкы убактарда анын да камакка алынуусу мүмкүн болуп баратат.
Мындан эки күн мурда дайыма Бобчинский менен Добчинскийдей ээрчишип жүргөн парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экс-депутат, ишкер Исхак Пирматов да кармалды. Бизге жеткен такталган маалыматтарга ылайык, ушул жуманын ичинде 4-5 депутат камакка алынганы жатыптыр. Алардын мамлекетке кандай реалдуу зыян келтиргендери жөнүндөгү маалыматтар толук ачыкка чыгарыла элек, бирок адвокаттарынын айтымдары, имиштер боюнча алардын бардыгы “Кумтөрдө” жана башка жерлерде коррупциялык иштерге аралашып, мамлекетке ири зыяндарды келтиргендиги үчүн айыпталып жатышыптыр.
Ошентип коррупционерлерге каршы реалдуу күрөш күндөн күнгө күчөп баратат. Азыр коррупциялык “куйруктары” барлардын бардыгынын жүрөктөрү титиреп, мыйзамсыз жолдор менен тапкандарынын бардыгын бекем жерлерге бекитишип, чакыруу кагаздары качан келерин же үйлөрүндө, офистеринде тинтүү иштери качан башталарын күтүп отурушат. “Түрмөк жип канча чубалса да анын аягы болот”, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт” демекчи, ар ким өз иши, кылганы үчүн жооп бериши керек. Чындыгында УКМК жакшы иштөөдө. Бул жагынан анын тѳрагасы Камчыбек Ташиевге баракелде! Ачыгын айтканда, коррупционерлер менен бүгүнкүдѳй күрѳшүү буга чейинки бийликтердин тушунда болгон эмес. Камчыбек мырзанын бул аракеттерин колдоого гана алышыбыз керек. Өлкө коррупционерлерден арылмайынча Кыргызстан оңолбойт!
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити