Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 545

Коррупциянын туу чокусу!

“Кумтөр” башынан эл аралык коррупциялык долбоор болгон

“Кумтөр” Кыргызстан үчүн башынан элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, эл аралык мафиоздор уюштурган коррупциялык долбоор болгондугу азыр эч кандай шек туудурбайт. Анткени, дүйнөдөгү кору жагынан 3-орунда турган алтын кенин канадалыктарга бербестен өзүбүз иштетсек деле болмок. “Камеко” деле Кумтөрдөгү алтын комбинатын нак өз акчасына курбады, ал жалпы аянты 10100 гектарга жакын алтындуу Борбордук, Сары-Төр, Түштүк-Батыш участокторун ижарага алышып, анан аларды күрөөгө коюп, чет элдик банктардан 460 миллион долларлык кредит алышып, сырт жактардан адистерди чакырышып, комбинатты курушту, кенди иштетишти. Мында өзгөчө көңүл буруучу жагдай, “Камеко” алган 460 миллион долларлык кредиттин 70 пайызы Кыргызстандын бюджетинин эсебинен төлөнгөн. Же Кыргызстан алтын кенин иштетүүгө керектелчү каражаттардын 70 пайызын өзү төлөп, анан Кумтөрдү “Камекого” өткөрүп берип койгон. Бул өңүттөн алганда, “Камекону” (кийин “Центерра”) толук инвестор деп атаганга болбойт.

Ошол убакта Кыргызстандын бийлигинин “Кумтөрдү” күрөөгө коюп, дагы кошумча каражаттарды алып, мурдатан тоо кендерин иштетүү боюнча чоң тажрыйбалары бар Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн адистерди чакырып, алтынды өзү өндүрсө деле болмок. Ири алтын кени күрөөгө коюлса, кандай банк болбосун кредит берет, ал  убакта КМШга кирген өлкөлөрдөгү тоо кен адистеринин көпчүлүгү жумушсуз жүргөн, комбинатты кадрлар менен камсыздоо кыйынчылык туудурмак эмес. Бул биринчиси.

Экинчиси, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык, “Кумтөрдөгү” алтын кенин иштетүүчү комбинатты 276 миллион 600 миң долларга куруп бүткөрүү каралса, иш жүзүндө андан эки эсеге жакын көбүрөөк же 452 миллион 200 миң доллар жумшалган. Же комбинатты куруудагы ашыкча чыгымдар 175 миллион 600 миң долларды түзгөн. Долбоордун кийинки чыгымдарынын бардыгы алдын ала бекитилген сметалык чыгымдардан ашыкча болууда. Эмне үчүн? Анткени, келишимде алтын кенин иштетүүдөгү Кыргызстандын үлүшү жалпы өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө карата эмес, таза кирешенин көлөмүнө карата аныкталгандыктан канадалыктар кандай жол менен болбосун өндүрүштүк ж.б. ыгым-чыгымдарды көбөйтүп эсептешип, мүмкүн болушунча Кыргызстандын бюджетине аз төлөөгө гана аракеттенип келатышат. Алсак, “Центерранын” жетекчилери жаңы жылды тосуу үчүн пирожкилерди да атайын самолёт менен Канададан алдырган учурлары да болгондугу 2008-жылы 11-февралда “24.кж” агенттигинде маалымдалган. Аны менен бирге Кыргызстандык жарандарга эмгек акы төлөөдө дискриминациялык көрүнүштөр орун алууда. Алсак, бир эле милдетти, кызматты аткарган канадалыктар ошондой эле кызмат-милдетти аткарган кыргызстандыктардан 20-30 эсе көп эмгек алыша тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Алар өз жарандарына ашкере көп эмгек акы төлөө жолу менен да (алар жең ичинен кайра бөлүштүрүлүшү да ыктымал) таза кирешени азайтышып, биздин бюджетке чегериле турган каражаттарды жасалма жолдор менен азайтып турушкан.

КРнын Өкмөтүнүн 1993-жылдагы чечими менен Кумтөрдөн “Камекого” 10070 гектар жер ижарага берилген. Бирок, тийиштүү мекеме-уюмдар анын чек арасын так аныкташпагандыктан иш жүзүндө азыр “Центерра” Кумтөрдөгү 30 миң гектарга жакын аянтты ээлеп, өндүрүштүк иштерди жүргүзүп жатат. Анткени, ошол убактагы  Жаратылыш министри Капар Курманалиев, Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевдин сунуштарынын негизинде премьер-министр Данияр Үсөновдун 2010-жылдын 25-мартындагы №168-токтому менен канадалыктарга эч кандай кошумча төлөмдөрсүз, милдеттерсиз 16331 гектар жер өткөрүлүп берилген. Ал Өкмөттүн отурумунда же парламентте талкууланган да эмес. Акаев менен Танаевдин 2003-2004-жылдардагы коррупциялык тымызын макулдашууларынын негизинде Кыргызстандын “Центерра Голд компанидеги” үлүшү 66 пайыздан13,66 пайызга чейин азайтылган. Же бир сөз менен айтканда, “Кумтөр” боюнча келишим башынан улуттук кызыкчылыктарыбызга каршы келгендигине карабастан андан кийинки убактарда долбоордогу Кыргызстандын позициясын начарлатуу боюнча гана иштер аткарылып келген.

Бийликтин оозу акча менен жабылган!

Аскар Акаев качып кеткенден кийин Бакиевчилер “Кумтөрдү” Кыргызстандын пайдасына иштетүү боюнча адегенде аябай чоң убадаларды беришкен менен жарым жылга жетпей эле жаактары жап болуп, дабыштары чыкпай калган. Экинчи революциядан кийин, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо “Кумтөрдүн” алык-салыктар катары төлөнө турган 32 миллион доллары шайлоо кампаниясына жумшалгандыгы тууралуу маалыматтар таркады. КРнын Өкмөтүнүн атайын чечими менен компаниянын республикалык бюджетке төлөй турган 32 млн. доллары кечирилгендиги чын. Ал үчүн ал токтомго виза койгон ошол убактагы Юстиция министри А.Салянова да сурак бергендигин жакшы билесиздер. Ал убакта ЖКнын депутаты Кубанычбек Исабеков “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча бир нече ирет демилге көтөргөн менен ал парламенттен жа мамлекет башчысынан колдоо тапкан эмес. К.Исабековдун аргументтери боюнча, эгерде “Кумтөрдү” иштетүүчүлөр тарабынан Кыргызстандын мыйзамдары бузулса, аны биз улутташтырганга толук укугубуз бардыгы эки тараптуу келишимде жазылган экен. Ал биздин Баш мыйзамда да каралган. К.Исабеков “Центерранын” ар кайсыл банктардагы Кыргызстандан жашырылган 24 эсебин таап алгандыгын, алтын кенин улутташтырууга ошолор деле толук негиз боло ала тургандыгын убагында бир нече жолу айткан.

“Временшиктер” да “Кумтөрдө” адилеттүүлүктү орнотушарын жар салышты эле, “Кумтөр Голд компаниге” алардын деле тиши өтпөдү. Алардан кийин алты жыл мамлекетти жетектеген АШАнын убагында ал маселеге чындап көңүл бурулган деле жок. Үч жыл мамлекетти башкарган Сооронбай Жээнбеков аны эске да албады. Коомчулукта “Кумтөр” маселеси көтөрүлгөндө анын жетекчилери бир нече ирет биздин бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан 5-6 миллион доллар төлөгүдөй айрым уступкаларга барып коюшса, бийликтегилер аларды аябагандай чоң жетишкендик катары жарнамалап жүрүштү. Маселен, Акаевдин убагында Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 13,66 пайызга түшүрүлсө, Бакиев бийлигинин убагында ал 33 пайызга чыгарылды. Бирок, 33 пайыздан бир жылда 4,5 миллион доллар гана дивиденд алынып келатат. Же “Кумтөрдүн” жетекчилери Кыргызстанды чейрек кылымдан бери ыйлаганда колуна момпосуй кармата койсо, унчукпай калган  жаш баладай эле майда-чүйдөлөр менен алдап келатышат. Коомчулукта ызы-чуу көбөйгөндө итке сөөк таштагандай, кээ бир пункттар боюнча уступкаларды жасашып, 5-10 миллион долларды ыргытып коюшат, аны аракеттеги бийликтегилер эң чоң жетишкендик катары даңазап, жер сабап жатып калышат.

Чындыгында биздин жетекчилер, тийиштүү тармактарды башкарган адистер акылдуу, эстүү, аларды алдоо кыйын. Анын үстүнө жөндөн жөн эле кандай маңбаш өз элинин кызыкчылыктарына каршы келген келишимге кол койсун. Эгерде кол акысы көп болсо, “малды көрсө, пайгамбар жолдон чыгат” дегендей, “олчойгон гонорар болсо”, жолдон чыгып кетчүлөр табылат. Бул жерде биз алардын көпчүлүгү “ооз басырыктын” аябагандай чоң болгондугу үчүн гана “алданып” келишкендерин баса айткыбыз келет. “Кумтөр” долбоорунун башында тургандардын  бири, экс-премьер-министр Т.Чынгышев ЖМКларга берген интервьюларында долбоордогу Кыргызстандын үлүшүнүн азайгандыгы жөн жерден болбогондугун, анын артында бирөөлөрдүн чоң кызыкчылыктары роль ойногондугун, бирок колунда факты болбогондуктан конкреттүү бирөөнү айыптай албай тургандыгын көп айтты, жазды. Бирок, конкреттүү факты болбогон менен эл арасындагы имиштерди тыя албайсың, 2003-2004-жылдардагы иштери үчүн Аскар Акаевдин “Центеррадан” 400 миллион доллар алгандыгы айтылып, жазылып келет. Кийинки жетекчилердин ооздору да ошондой жолдор менен майланып, жабылгандыгы жөнүндө имиштер көп. Биз аларды ырастай да, четке да кага албайбыз. “Шамал жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт”дегендей, алар да жөн жерден чыкпаса керек.

Мына ошол Чубактын кунундай чубалган “Кумтөр” маселеси азыркы бийликтин тушунда кайра көтөрүлүп, кабыргасынан коюлууда.

Азыркы бийликтегилердин “Кумтөргө” алдары жетеби?

Бишкектин Октябрь райондук соту айлана чөйрөгө келтирген зыяндары же өндүрүштүк таштандыларды Давыдов мөңгүсүнө чыгарып, аларды жана андан төмөн аккан сууларды булгагандыгы үчүн “Кумтөр Голд компаниден” 261 миллиард 719 миллион 674 сом өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Соттун чечимине ылайык, ага кошумча андан жалпы суммасы 1 миллиард 308 миллион 653 миң сомдук мамлекеттик төлөм да өндүрүлүшү керек. Андан мурда парламент зарыл учурларда ишкананын сырттан башкарууга уруксат берген мыйзам кабыл алган. 17-майда парламенттин кезексиз отурумунда “Кумтөрдү” ишмердигин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы угулуп, анда  “Кумтөрдү” улутташтыруу жөнүндө маселе коюлду. Жыйындын жүрүшүндө көптөгөн көпчүлүк билбеген маалыматтар айтылды, коррупциялык жол менен ишин баштаган “Кумтөр” долбоору ушул кезге дейре коррупциялык жолдор менен миллиондогон долларларды өөнөп, кыргыз элин, Кыргызстанды сазга батырып келаткандыгы маалым болду. Комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөрдүн” жетекчилиги бардык бийликтин тилин таап, акчанын күчү менен каалагандай чечимдерди чыгартып келишкенин, канадалыктар экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча Макулдашуулардагы шарт-талаптарды аткарбай келатканын белгилесе, депутат Каныбек Иманалиев суу үчүн эле “Центерранын” жетекчилиги  Кыргызстанга 157 млн. доллар төлөшү керек болсо, бир доллар да төлөгөн эместигин айтты. Ал белгилегендей, “Центерра” Бишкектеги кеңсесинин ижара акысына жылына 70 миң доллар төлөсө, Торонтодогу кеңсеси үчүн жылына 52 млн доллар төлөп келет. Көрүнүп тургандай, канадалыктар ушундай жүз, миң эсе көбөйтүлгөн суммаларды төлөө аркылуу Кыргызстандан каражатты сыртка чыгарып келишкен. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков “Кумтөрдү” канадалыктардан алып, башкага бербей, мамлекеттин пайдасына улутташтыруу зарылдыгын баса белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө көрсөтүлгөн атайын тасмада айтылгандар аны көргөн ар бир кыргыз жаранын “Кумтөр” ишканасы канадалыктарды байытып, кыргыз элин какшытып гана келатканына биротоло ынанындырды.

Ошентип, азыркы бийлик Кыргызстандын негизги байлыгын аймап келген ажыдаарды алкымынан алып, мурдагы мыйзамсыз жуткандарын кустурууга чындап киришти. Бирок, айлана чөйрөгө келтирилген зыяндардын кенемтесин толтуруп, келтирген зыяндарды өндүрө, андан кийин улутташтыра алабызбы? Азыркы аракеттер саясатташкан демарштардан болуп кала бербейби?

“Кумтөр Голд компанинин” жетекчилери, элестүү айтканда, оңой менен жан беришпейт, кирешелерин, ишкананы өздөрүндө алып калуу үчүн мүмкүнчүлүгү жеткен чаралардын баардыгын көрүшөт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, анда иштеген канадалыктардын алды 300 миң, арты 5-6 миң доллардан айлык алып, жыл аягында бонустарына да ошончодон жашылбайлар түшүп жатса, ал май талканды кантип колдорунан чыгаргылары, 3 миллиард доллардан ашык каражатты кайдан төлөп бергилери келсин. Алар шаардык, анан Жогорку сотторго кайрылышып, бул жердеги формалдуу процедураларды аягына чыгарышкандан кийин сөзсүз эл аралык соттордун бирине кайрылышат. Ачыгын айталы,  эл аралык соттордо Кыргызстандын өз позициясын коргоп калуусу абдан эле кыйын болот. Анткени, “Центерра” спруттай дүйнөнүн көп жерлерин чырмаган, байланыштары күчтүү, жалпы капиталы триллиондогон долларларды түзгөн, анын үстүнө эл аралык укуктук маселелерде өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча чоң тажрыйбалары бар синдикат. Анын өзүнүн атайын юридикалык кызматтары да бар. Кокус, Кыргызстан эл аралык соттордо утулуп калса, ири суммадагы төлөмдөр да биздин мойнубузга илинбейби?

Тилекке каршы, андай потенциалдуу коркунучтар да бар. Бирок, эл аралык соттор кандай чечим чыгарбасын ишкананы улутташтырып салуу көз карандысыз мамлекет катары ал Кыргызстандын өзүнүн прерогативасы, өзүнүн кол тийгис укугу. Бирок, анда деле “Кумтөргө” белгилүү сумманы төлөп берүүгө туура келет. Анын көлөмү канча болот? Ал “Кумтөрдөн” ушул убакка чейин алган жана ала турган пайдаларынын бардыгынан ашып кетпейби? Бул да өзүнчө чоң маселе.

Маселенин идеалдуу чечилүү варианты - эки тарап бир мунасага келип, талашты сотсуз эле чечүү болмок. Буга чейин “Кумтөргө” байланышкан майда чатактардын баардыгы ушул жол менен чечилип келген. Бирок, бул жолку чатакта “Кумтөр Голд компанинин” өмүрү же өлүмү менен бирге Кыргызстандын азыркы бийлигинин келечеги таразага коюлуп жатканда, компромисстердин болушуна ишенүү кыйын. Эгерде “Кумтөр” улутташтырылып, мамлекетке өткөрүлсө, албетте, андан Кыргызстандын бюджетине түшкөн киреше автоматтык түрдө 5-6 эсе көбөймөк. Бизге ошо гана керек, ошону гана күтүп атабыз. Бул таймашта утуш биз тарапта болсо экен деп кудайдан тилеп туралы.

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.kg”. гезити

Тема: