Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 458

Мезгил-тараза

Ушул жылдын апрелинин алгачкы декадасында уурдалган Айзада Канатбекованын киши колдуу болуп өлтүрүлүүсүнүн алдын албагандары үчүн Ички иштер министрлигинин 44 кызматкери жазаланды. Алардын ичинен онго жакын жогорку деңгээлдеги жетекчилер кызматтарынан алынды. Ал эми 2010-жылдын июнундагы 470 адамдын өмүрүн алып, 2 миңдей адамды жарадар кылып,  мамлекетке 11 миллиард сомдук зыян келтирген кандуу окуяларга жол койгондуктары үчүн ошол мезгилдеги жазыксыз адамдардын кандарын төгүп, бийликти күч менен басып алган “Убактылуу өкмөт” (УӨ) дегендин бир да мүчөсү жазага тартылган эмес. Аксы окуясында 6 адам өлүп, 17 адам жарадар болгондугу үчүн премьер-министр, президенттик администрациянын жетекчиси, күч органдарын башкаргандардын бардыгы  отставкага айдалган. Ал  эми жогоруда айтылгандай  окуяларга жол коюп, өлгөндөр, мамлекетке келтирилген ири зыяндар үчүн эмнеге “временшиктердин” биринин да башынан бир тал чачы түшкөн  эмес?

Мындай суроолор 2010-жылдан бери эле элдин көпчүлүгүн нааразы кылып келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Бул маселе баары бир мындан он-он беш же жыйырма жылдан кийин да болсо көтөрүлүп, 2010-жылдын июнундагы трагедиялык окуяларга, алардын күнөөкөрлөрүнө саясый жана укуктук баа берилет болчу. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өлгөндөн кийин болсо да өз жазаларын алышмак, андан кенедей да шектенбесек болот. Кандай окуя болбосун  убагы келгенде тарых да, кудай да өз баасын берип, күнөкөрлөрдү жазалайт. Бирок, ал соттор өтө эле жай жүрөт, ага бир адамдын өмүрү да жетпей калышы ыктымал, бирок ал соттор сөзсүз боло тургандыгын 1929-1933, 1936-1938-жылдардагы, андан кийинки мезгилдердеги кандуу окуяларга берилген баалар ырастап келет.

Бул өңүттөн алганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштерин кайра тергей баштагандыгы эң туура болду, элдин басымдуу көпчүлүгү аны мурдатан күтүп жүргөн. Адам каны - суу эмес, жазыксыз төгүлгөн кандардын, мамлекетке келтирилген ири өлчөмдөгү чыгымдардын күнөкөрлөрү так аныкталып, аларга саясый жана укуктук баа берилмейинче шейит кеткендердин арбактары тынчыбайт, алар бизге ыраазы болбойт. Ал эми элибизде: “маркумдар ыраазы болмойун - тирүүлөр жарыбайт”,- деген сөз бар. Биздин он жылдан бери оңоло албай келаткандыгыбыздын бир себеби ошондон болушу да ыктымал.

2010-жылдын апрель айынын аягынан майдын ичинде Кадыржан Батыров ондогон, жүздөгөн колдоочулары менен өзбектер компактуу жашаган айылдарды, шаарларды тынбай кыдырып, ачыктан ачык сепаратисттик чакырыктарды жасап, “биз бул күндү көптөн бери күткөнбүз, эми биз каалагандай болбосо, өлбөгөн жерде калабыз” деген мазмунда “временшиктерди”, жергиликтүү бийликтегилерди ачыктан-ачык опузалап жүрүшкөнүн жакшы билебиз. “Временшиктер” аларды тартипке чакыргандын ордуна К.Батыров баштаган сеператисттер менен  жең ичинен соодалашып, анын колу менен Бакиевдердин үй-жайларын талкалатып, жактоочуларын өлтүрткөндүгү да чындык. К.Батыров ал убакта күн сайын “временшиктердин” башчысы Р.Отунбаева, орун басарлары А.Атамбаев, Ө.Текебаев, администрация башчысы Э.Каптагаев менен сүйлөшүп, ошолордун акылдары менен иш жасап тургандыгын, атүгүл Кыргызстандан да Роза Отунбаеванын кеңеши менен чыгып кеткендигин, ал июнь окуясынан кийин да УӨтүн жетекчилери менен 2-3 жолудан сүйлөшкөндүгүн 2016-жылы “Азаттыктын” өзбек радиосуна берген маегинде айткан. “Временшиктердин” Р.Отунбаева баштаган  жарымы 2016-жылы А.Атамбаевдин Конституциялык  реформасына каршы чыгышканда, АША “Кедейканшанын” мыйзамсыз президент болгондугун айтып, аларга каршы козголгон кылмыш ишин кайра жандандырганда баары “ийиндерине” кире качып, дабыштары чыкпай калгандыгы да эсибизде.

Албетте, АША кимдердин күнөөлөрүнөн улам 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялар келип чыккандыгын жакшы  билет. Ал чын-чынына келгенде тийиштүү органдарга түгүл, элге деле жашыруун эмес. Эми аны кайра тергеп-тескеп, күнөөлүүлөрдү аныктап, укуктук калыс баа берүү гана калды.

“Шектүү өзүнөн өзү шектенет”- дегендей, президент С.Жапаров УКМКга тапшырма  берери менен “временшиктердин” Р.Отунбаева, И.Исаков, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев  сыяктуу мүчөлөрү өздөрүн актоого аракеттенишип, “эски жараны кайра сыйрыган эки элдин ынтымагына доо кетирет. Эгерде азыркы бийликтегилер токтошпосо, биз да билгендерибизди айтабыз”,- деген мазмунда шантаж жасоого аракеттенишкендери - алардын өз күнөөлөрүн билип, корко баштагандарын айгинелөөдө. Алар опузалабай этпей эле билгендерин айтышсын, аргументерин келтиришсин, ага эч ким каршы эмес. Тескерисинче, эл 2010-жылдын июнундагы окуялардын артындагы жашыруун нерселердин (эгерде болсо) бардыгынын  ачыкка чыгарылуусун күтүп  жатат. Ал эми эки элдин ынтымагына доо кетирет деген суу кечпес сөздөрдөн, эки элдин өкүлдөрү гана эмес, кошуна Өзбекстандын жетекчилери да 2010-жылдын июнундагы кандуу окуяларга  жол бергендердин жазалануусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Убагында Ислам Каримов да ошону талап кылган, бирок “временшиктердин” баары бийликте тургандыктан ал талап аткарылган эмес. Эми эки элдин ортосуна кеткис так кетиргендерге түз жана кыйыр түрдө анабашчы болгондорду аныктап, тийиштүү жазаларын берүүгө мезгил жетти. Биздин оюбузча, буга түздөн-түз катышы бар “временшиктердин” айрым мүчөлөрү камалганда гана эки эл биротоло салаватка келип, көксөөсү канганы турат.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити