Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 424

Иш сапардан соң...

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары үмүттүү көп ойлорду гана эмес, бир катар күдүктөрдү да жаратууда. Иш сапардын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстандын аймагында биргелешип ГЭСтерди куруп, суу ресурстарын да бирге пайдалануу, чек араларды үч айдын ичинде делимитациялоонуу аягына чыгаруу, Сох анклавына авто жана аба жолдорун ачуу, Аксы районунун аймагындагы буга чейин талашта болуп келген Унгар-Тоону Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча макулдашууларга кол коюлгандыгын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеёвдун билдирүүсүнөн уктук. Алардын баары жакшы, бирок Кыргызстандын кайсыл ГЭСтерди биргелешип курууга Өзбекстанга макулдук бергендиги, суу ресурстарынын биргелешип пайдалануу деген формулировканын артында эмне тургандыгы Кыргызстандын көпчүлүк жарандарын түйшөлтүп, ар кандай күдүк ойлорго түртүп жатат.

Өзбекстандын президенти Ш.Мирзеёв бийликке келгенден тартып эле Тажикстанга жана Кыргызстанга суу ресурстарын биргеликте пайдаланып, ГЭСтерди да эки өлкөнүн каражатына курууну сунуш кылып келатат. Ал сунуштарга Тажик бийлигинин көз карашы кандай экендигин билбейбиз, бирок Тажикстан Рогун ГЭСинин курулушун аягына чыгарса, бул жааттагы биргелешкен долбоорлорго көңүлдөнбөй, калганын өз күчү, кредиттер менен курганга гана артыкчылык берип калышы мүмкүн. Анткени, Рогун ГЭСинин курулушу жарымдап, үч агрегаты ишке киргизилди, толук бүтсө ал ГЭСтен жыл сайын 14-17 милрд. квт.саат электр энергиясы же Кыргызстандын азыркы ГЭСтери, ТЭЦтери өндүргөндөн да көп электр энергиялары өндүрүлүп, Тажикстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланганы турат. Андай өзүнүн энергетика көйгөйүн өзү толук чечип алган өлкөгө инвесторлор керек, бирок теңшерик болгулары келгендин кереги жок.

Кыргыз бийлиги Өмүрбек Текебаевдин: “Эгерде Өзбекстан Кыргызстандын ГЭСтерин курса, ал ГЭСтерге да, алардын айланасындагы жерлерге да ээ болуп алат”- деген шыкагы менен Өзбек бийлигинин сунушун колдобой келгендиги чындык. Эми Садыр Нургожоевич кандай шарттарда Өзбекстанга ГЭСтерди биргелешип куруп, суу ресурстарын да биргелешип пайдаланууга макул болду экен?

Эгерде Өзбекстан Кыргызстандын аймагындагы ГЭСтерди биргелешип же өз каражатына (Кыргызстанда андай долбоорлорго каражат жок экендигин бала деле билет) куруп, ага кеткен чыгымдарын электр энергияларын, топтолгон сууларды алуу аркылуу ашыгы менен жапкандан кийин ГЭСтерди, алардын айланасындагы жерлерди ээликтегенге умтулбай турган же башка жактарынан Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына доо кетирбей турган болсо, анда андай макулдашууну кош колдоп колдоо гана керек. Ал биздин экономикабызга аябагандай жакшы инвестиция болот, электр энергиясынын жылдан жылга көбөйүп бараткан таңсыктыгы да чечилет. Кокус, Өзбекстан өзү инвестициясын жумшаган обьектилерге түбөлүк ээлик кылгысы же теңшерик болгусу келсе, анда ал долбоорлорду аябагандай талдап, таразалап, жети эмес, жетимиш жолу ойлонуп, анан бир чечимге келүү зарыл. Бирок, кандай учурда болбосун Кыргызстандын ички аймагында өзбек анклавдарын жаратканга эч качан жол берилбеши керек. Мейли, Өзбекстан өз каражатына кеткен чыгымдарын актагыча тең шерик ээ болуу шарты менен ГЭСтерди курсун, өндүрүлгөн электр энергияларын тең шерик пайдалансын, бирок убагы келгенде эч кандай шылтоолорсуз чыгып кетүү шартын да мойнуна алса, анда биргелешкен долбоорлорго макулдук берилсе болот.

Учурга карата Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралардын 85 пайызы делимитацияланган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеёв эки тарап чек аралардын калган бөлүгүн делимитациялоону үч айдын ичинде аягына чыгаруу жөнүндө макулдашкандыгын билдирди. Биз мурдатан эле кошуна өлкөлөр менен чек араларды делимитациялоону ыксыз создуктуруп, элди кыйнай бербөө, ал маселени чечүү үчүн эки тараптын тийиштүү ведомстволорунун жетекчилерин тийиштүү чек аралардагы эки вагонеткага отургузуп, эки тарапты тең канааттандыра турган оптимиалдуу вариантты таап, маселени толук чечмейинче Бишкекке келтирбөө керек (Ташкент, Душанбе тарап да ошондой кылсын), алардын штандарын бул жерде стулдарга ыйкагылап отургандарынын эч кимге пайдасы жок, чек арачынын иши Ак же Көк үйдө эмес, чек арада болушу керек деп жазып келгенбиз. Эки мамлекеттин жетекчилеринин ашыкча баш ооруулардын бардыгын үч айда чечүүгө макулдашкандыгы эң жакшы. Бирок, “шашкан шайтандын иши” дегендей, өзбектер аябагандай куу эл эле, жетекчилери да ошондой болсо, “шашкалаңда Кыргызстандын кызыкчылыктарына доо кетпес бекен?”- деген ой гана бизди тынчсыздандырууда.

Албетте, эки тарап тең зарыл учурларда чегинүүгө, компромисске барбаса, эч кандай маселе чечилбейт. Кежейген өмүр бою деле ошентип кежейип отура берсе болот, бирок андан эч ким коркпосо, чоочулабаса, анын кимге пайдасы бар? Кежейгендин өзүнө эле зыян. Ал эки жерде эки-төрт болот дегендей эле айныксыз аксиома. Чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн Кыргызстан тарап да аң сезимдүү, акылдуу эстүү чегинүүлөргө баруусу, андай нерселерди жашырбастан ошол замат элге түшүндүрүүсү зарыл. Бирок, биз бул жерде уступкалар Кыргызстан тараптуу гана болуп кетпесе экен деген гана оюбузду, каалообузду айткыбыз келет.

Ал эми эки өлкөнүн жетекчилеринин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөргүч пункттардын баарын ачуу, биргелешкен ишканаларды көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууларынын баарын колдошубуз керек. Менин оюмча, Борбордук Азиядагы элдер деле Кыргызстанда, Өбекстанда, Казакстанда эртели-кеч эч кандай визаларсыз, штамптарсыз Еврошериктештиктин элдериндей ээн эркин жүрө турган болушат, ал мезгилдин иши. Ааламдаштыруунун дүйнөлүк процессинен биз четте кала албайбыз. Ага азыртан даярдыктар көрүлүп, тосмолор акырындап алына баштагандыгы кубандырарлык көрүнүш. Ал процесс тереңдетиле бериши керек деген гана оюмду айткым келет.

 Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, Булак: “Майдан. kg” гезити