(Инаугурациянын алдындагы ойлор)

Сарамжалдуулукпу же примитивдүүлүкпү?

Ошентип, эртең 28-январда андан он тогуз күн мурда шайлоочулардын 5/4 бөлүгүнүн колдоосунда триумфалдык жеңишке жетишкен Кыргызстандын алтынчы президентинин расмий түрдө өз ыйгарымдарын аткарууга киришүү аземи өткөрүлөт. Ага сырттан эч кандай коноктор чакырылбады, улуттун ички расмиси катары  гана өткөрүлгөнү жатат, учурдун өңүтүнөн алганда ал эң эле туура. Жогорку даражадагы көп сандаган меймандарды тосуп алып, узатып, коноктоп дегендей чоң  чыгымдарды жумшаганга, ачык эле айталы,   Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Айрымдар чектелген алкактагы инаугурацияга  бөлүнгөн 10 миллион сомду көп дешти эле, шайланган мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуттук филармонияга кортежсиз, ашыкча шаң-салтанаттарсыз эле келип, ант берип кетээрин маалымдады.

Мындай жупунулук,  сарамжалдуулук  чындыгында жакшы көрүнүш, ылайым андай сапаттарын  Садыр Нургожоевич андан ары да бекем сактаса дейбиз, бюджетибиз эңшерилип, ар жактардан жардам күтүп турган убакта  бир тыйын да ашыкча, максатсыз сарпталбашы керек. Бирок экинчи жагынан үнөм, сарамжал десе, “бёкчу, боёкчу...” десе дегендей болуп Кыргызстандын тарыхында мурда кезикпегендей таза, ачык шайлоодо ага катышкандардын 80 пайыздай добушун алган толук легитимдүү мамлекет башчысынын ыйгарымдарын  аткаруусуна киришип жаткан расмисинде да битирлик кылуу  өтө ашкере максималисттик  сарамжалдуулук болбодубу деген да суроо туулат.

Чындыгында анча каражаттар, тилекке каршы, көп эле жерлерде уурдалууда, максатсыз жумшалууда. Менин  оюмча, анча сумманы өлкөбүздө алты жылда бир кайталана турган эң башкы саясый окуядан  аяган сарамжалдуулук деле эмес, жөн эле примитивдүү популизмге окшоп калды. Жарандарыбыздын айрымдары популисттик кылышты эле, аларды бийлик да ээрчип кетти.

Садыр Нургожоевич мамлекет  башчысына талапкер болгондон бери өзүн коомдук пикирге, социалдык тармактардагы сындарга, талкууларга дыкат көңүл буруп, алар менен эсептешкен саясатчы экендигин көрсөтүүдө. Ал да жакшы сапаттардан, бирок оңдон, солдон, маңдайдан, тескейден дегендей, ар жактардан айтыла бергендердин баары менен эсептеше берсе, бирдиктүү, максаттуу саясат дегендер таптакыр унутта калат. Андай принципти карманган адам жөн эле айтылгандардын баарына макул боло берген апендиге окшоп кетет. Ал мамлекеттик бийликке, анын  башында тургандын кадырына  гана терс таасирин тийгизет.

Суктанарыңды же аярыңды билбейсиң

Садыр Нургожоевич пандемиядан, андан кийинки негативдүү окуялардан улам бюджет биротоло какшып, инвестициялар жана сырттан келчү жардамдар кескин азайып, өлкөбүздүн абалы эң оор учурда бийликке келди. Эртеңки расмий салтанаттар, жакшы сөздөр эсептелүү күндөн кийин эле унутулат, ташпиши чыккан турмуштун  айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды убагында берип, инфляция токтобосо, аларды индексациялоо керек, инфляцияны  коррупцияга кошо ооздуктап,  тигини ондоо,  муну куруу, аны жамап- жаскап, буларды жеткирүү, ал ортодо реформаларды да жүргүзүү керек деген  түгөнбөс түйшүктөрү башталат. Алар аткарылбаса элдин эселенген ишеничтери тез эле бөксөрүп,  нааразылар көбөйөт. Алар бир күнү бир шылтоо табылганда дагы Акүйдү карай жөнөшөт. Мурда элдин көбү темир тосмолорго урунуп кайтышса, кандай алаңгазар неменин кеңеши менен  жасашты (бийлик биринчи кезекте өзүн коргоо үчүн кам көрбөсө, ал үчүн эч ким кам көрбөйт), аны билбейбиз, октябрдагы оодарыштан кийин темир тосмолорду  тегиз кырктырып, Акүйдүн айланасын жайдактап ташташты. Же Акүй кароолчусу жок дүкөндөй болуп калды. Агрессивдүү маанайдагы төрт жүз-беш жүз адамды чогулткандар барышат да, каалагандарын алыша да, ойлоруна  келгенди кыла да беришет.

Мына ушул өңүттөрдөн алганда, жаңы бийликке келгендерге суктанарыңды  же аярыңды да билбейсиң.

Кандай дебейли, эмнелерди ойлобойлу,  бул Садыр Нургожоевич үчүн жараткан да, тагдыр да эң жакшы көргөндөрүнө гана ыйгарчу кылымда бир берген эң улуу шанс болду. Чыныгы лидерлер өз өлкөлөрүн биздикинен кыйла начар абалдардан да алып чыгып, келечеги кең, гүлдөгөн мамлекеттерге айландырышкан. Биз да жаңы президентке ошондой ийгиликтерди каалайбыз, бирок “тозокко кетип жаткан жол да жакшынакай каалоо-тилектерге толтура” дегендей, каалоо-тилектер менен эч нерсе бүтпөсү да талашсыз. Максаттагылардын ишке ашуусу үчүн  чыныгы мекенчилдикке, адилеттүүлүккө  жана мыйзамдуулукка, майтарылбас эркке жана аруу максаттарга  негизделген  чаалыкпас  эмгек керек болуп турат.

Премьер ким, өкмөт кандай болот?

Инаугурациядан кийинки элди кызыктырган маселе: премьер-министр ким болот? Өкмөт кандай курамда түзүлөт?

Кыргызстандын Түндүгүнүн өкүлү Садыр Жапаров президент болгондон кийин аны алгач аябагандай жарнамалап, анан  абактан чыгарып, азыркы даражага жетүүсүндө чечүүчү ролду ойногон Түштүктүн өкүлү Камчыбек Ташиев өкмөт башчысы болсо логикага ылайык келгени турат. “Тең жегенди – теңир да сүйөт” дегендей, өкмөттөгү калган  негизги кызматтар да аймактардын амбицияларын, кызыкчылыктарын эске алуу менен бөлүштүрүлүшү зарыл. Кыргызстандын жаңы тарыхында республиканы жалаң Чүйдөн чыккандар бийлеген учурлар да, айрым райондордон 4-5тен адамдар министрликтерди, ведомстволорду башкарган учурлар да болду. “Кеминизм” доорун да баштан өткөрдүк, андай кадр саясаты тууралуу убагында кандай жүйөлөр келтирилбесин, алардын бири да өзүн актабады. Элдин нааразылыгынан башка позитивдүү эч нерсе жаратпады. Ошондуктан, өкмөттүн жаңы курамы аймактык өкүлчүлүк принцибин эске алуу менен гана түзүлүшү керек. Кадрларды тандап, жайгаштырууда алардын билимдери, тажрыйбалары, ага чейинки аткаргандары, инсандык жана харизмалык сапаттары гана эске алынуусу зарыл. Эгерде тууганчылыкка, жердешчиликке, партиялык тилектештикке ж.б. терс көрүнүштөргө артыкчылык берилип кетсе, баягы тас кейпибизди тез эле кайра кийип, эскилердин жаңжалдуу жолдоруна кантип түшүп кеткенибизди байкабай калабыз.

Эми Камчыбек Ташиев жөнүндө кененирээк. Ал эң жөнөкөй кызматтан тартып- министрликке, катардагы депутаттыктан –эң чоң партиялардын биринин лидерлигине чейин өсүп жеткен, атпай кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай белгилүү инсан. Бизнести да жакшы билет. Колу таза, принцибинен, көздөгөнүнөн тайбаган, максатынан жазбаган көйкашка адам. Ырас, эмоционалдуулугу бар, бирок  анын залакасын жетишерлик эле тартты. “Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, ал жагынан жетишерлик эле сабак алды. Эми мындан ары кандай иш жасабасын жети эмес, жетимиш жолу өлчөп, анан чечим кабыл алат болуш керек.

Экономиканы, социалдык чөйрөнү билгендиги жагынан ага теңеле тургандар аз. УКМКны жетектегенден бери, элестүү айтканда,  коррупционерлерди, ичкич-жегичтерди сийдире кууп, алардын түштөрүнө да киргидей “бокочого” айланды. Эми ага эл чарбасын оңдоп, өнүктүрүүдө да  өз жөндөмүн, потенциалын көрсөткүдөй  мүмкүнчүлүк бербеген жөн эле эл алдындагы күнөөгө тете иш болот. Анын үстүнө ал С.Жапаровдун эски досу, кыйышпас адамы. Бири ички-тышкы саясатты алга жылдырса, экинчиси экономиканы алга сүйрөп, бир арабага чегилген кош аттай, Кыргызстан үчүн бирге иштөөлөрү керек.

Бийлик бекемделип, парламенттик шайлоо таза өткөрүлүүсү зарыл

Жалпы элдик добуш берүүдө Кыргызстандын калкы президенттик башкарууну  тандады. Элдин тандоосуна ылайык, эми инаугурациядан кийин Жогорку Кеңеш өлкөбүздүн Баш мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип, Кыргызстан укуктук жактан толук президенттик башкаруудагы мамлекетке айлангандыгы бекемделет. Мында 2010-жылы май-июнь айларында  Баш мыйзамдын Конституциялык Кеңешме тарабынан жактырылган акыркы редакциясынын айрым жерлери  жалпы элдик добуш берүүгө коюлганда өзгөрүп кеткендей, депутаттар да Конституциялык Кеңешменин 2020-жылы декабрда талкууланып, жактырылган вариантындагы өзөктүү идеяларды девальвацияга, деформацияга, бурмалоого  учуратышпастан тийиштүү  беренелерге трансформациялоолору зарыл.  Андан кийин алдыбызда кезектеги парламенттик шайлоо турат. Анда парттизме аркылуу шайлоо биротоло жоюлуп, толук  мажоритардык системада шайлоо киргизилсе, туура болмок. Бирок Конституциялык кеңешме мандаттардын жарымын парттизме, жарымын бир мандаттуу округдар аркылуу шайлоо принцибине токтошкондуктан аракеттеги парламент андан чыгып кете албайт деп ойлойбуз.

Жогоруда айтылгандай, президенттик шайлоо аябагандай таза, ачык өткөрүлгөндүгүнө  баарыбыз күбө болдук. Эми алдыдагы парламенттик шайлоо да ошондой эле ачык, таза, калыс өткөрүлсө,  элдин бийликке болгон ишеними кескин жогорулап, легитимдүүлүгү жана күчү дагы артпай койбойт. Эң негизгиси административдик ресурстар, тууганчылдыкка, жердешчилдикке, кландуулукка  үндөп, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн акчаларды таркатуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол берилбөөсү  керек. Келечектеги парламенттин мурдагы же азыркы парламенттей таасири, күчү болбойт. Кадрдык, чарбалык, социалдык маселелердин бардыгын президент, анын орун басары катары эсептелген премьер-министр чечет. Демек, парламентке кимдердин келишине эң жогорку бийликтегилердин өзгөчө кызыкчылыктары деле жок. Мындай шартта бийлик шайлоо процесстерине кийлигишпей, бардыгын элдин өзүнө койсо, бийлик  да, эл да утат.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити